Бул инсан окуяларды элестүү, кызыктуу кылып баяндайт. Куудул, актёр Абды Кадырматовдун балалыгына сапар алалы. Айтылуу Аксынын Кой-Таш айылындабыз деп элестете бериңиз...
«Класскомдуктан түшүрүп коюшканда 2 күн сабакка барбай койгом»
– Балалыгым Аксы районунун Кой-Таш айылында өттү. 1-класска чейин мени жайлоого таятамдыкына жөнөтүшчү. Баары эсимде болбосо да жайлоодогу чатыр, боз үйлөр эсимде калыптыр. Кичинемде чозмо атып ойночубуз да, чозмого ок кылам деп шымым шыпырылгыча чөнтөккө майда таштарды толтуруп алчумун. Анан уйларды, канаттууларды атып ойнойм, бирок чабалекейге тийбейт элем.
Мектепте атаман деле болгон жокмун, коркогураак бала элем. Эч ким менен деле мушташкан жокмун, боюм да кичинекей болчу. Бирок жакшы окудум, 4-класска чейин класском да болгом. 4-класстан кийин класскомдуктан түшүрүп коюшканда таарынып 2 күн сабакка барбай койгом. Карабайсыңбы, адамда мансапкорлук кичинесинен эле болот тура. Чоң кишилер бийликтен, кызматтан түшкөндө жаман болушат го, мен ошондо эле жаман болгом.
«1-апрелде кары кемпирди алдагам»
– Укол сайганы дарыгерлер келгенде аябай коркчубуз. Эсимде, бир жолу машине келип токтоп эле ичинен ак халатчандар түшүштү. Көрүп эле балдар тоону көздөй качтык, айылыбыз тоолуу жерде. Мектепте бүт эле кыздар калды. Ошол бойдон мектепке барбай, эртеси барганбыз. Класста 16-17 эркек, 5 кыз эле. 5-6-класстарда бизден кыздар аябай коркушчу, шок болсок керек да. Танапис болгондо мугалим класстан сыртка чыкса жан талашып анын артынан чыгышчу. Кийинки сабак башталганда мугалим кирмейин класска киришчү эмес. Азыр классташтар чогулганда ошолорду эстеп күлүп калабыз.
1-апрель – Күлкү күнү эмеспи, бала кезде бул күнү сөзсүз бирөөнү алдаш керек деген түшүнүк бар эле. Бир жолу 1-апрелде мектептен ар кимди алдап көрдүм, эч ким алданбайт. Жолум болбой келатсам алдымдан бир чоң эне чыгып калды. Уулкыз деген энебиз бар эле, кары кемпир, ошону алдап жатпаймынбы. “Эне, – десем, – Оу, кагылайын” деди. “Сизди апам чакырып жатат” дедим да кетип калдым. Биздин үй бийигирээкте, кырда болчу. Байкуш чоң эне таягын таянып бир сааттай басып үйгө барыптыр. Келсе, апам таң калып, “чакырсаңыз мен деле барат элем го, эмне болду?” десе, “балаң айтты, сен чакырыпсың го” дейт. Мен болсо камырабай “1-апрель да” деп эшикке чыгып кеттим.
«Достор кыздарга жөнөсө, мен мергенчиликке кетчүмүн»
– Музыка сабагына, анан географияга кызыкчумун, географиядан дайыма “5” алчумун. Канатбек деген агайыбыз сабакты кызыктуу өтчү жарыктык, планеталарды, табият кубулуштарын аябай кызыктуу кылып айтып берер эле. Геогафия сабагы боло турган күндү абдан күтчүмүн.
Жогорку класстарда мектептен сырткары совхоздун иштерине тартышчу эмес беле. Биз чөп чапчубуз, кыздар чөмөлө кылышчу, жүгөрүдө да иштедик. Коомдук иштерге активдүү катышчубуз.
Бала кезде менде кыздарга баруу, кыз жандоо, кыздарга кат жазуу деген нерселер, чынын айтайын, болбоптур. Чөп чабык убагында биздин айылга жардамчылар келишчү, Жалал-Абаддан агайлар, студенттер келер эле. Ошол учурда түнкүсүн музыка коюлуп, дискотека болчу. Мен ошого деле кызыкпаптырмын. Мисалы, 8-класста балдар түнкүсүн “кыздарга барып гитара чертип отурабыз” десе, мен түндө иттерди ээрчитип алып тоого мергенчиликке кетип калчумун. Анан волейбол ойночубуз, бирок мен андай деле жакшы оюнчу эмес элем. Алыбай деген классташым аябай жакшы ойночу. Мен “балыкка баралы” десем, ал “волейболго баралы” дейт. Волейболду ойногонду эмес, көрүп отурганды жакшы көрөм. Анан тоого чыгып басканды жактырам.
«Өсүп келаткан чыгармачылык жолубузду бууп коюшту»
– 8-классты бүткөндөн кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайга тапшыр деп атам мени Бишкекке алып келип, Атайбек акенин үйүнө таштап кетти. Атайбек Бөдөшев атамдын жээни болуп кетет, тууганбыз. Ошентип окууга тапшырып, өтүп кеттим. Ал убакта студенттерди айыл чарба иштерине тартышчу, биринчи жылы эле жүзүм тергени Ысык-Ата районуна алып барышты. Ал жакта кечкисин ырдайбыз, күндүз иштейбиз. Мен аккордеон менен ырдасам, эки жагыма кыздар отуруп калышат. Кечинде бизден чоң курстун балдары менен бир жерде жатчубуз да, алар агайлар жокто бизди уруп, көйнөктөрүн жуудуртуп, аябай кордоп жиберишти. Кечкисин бөлмөгө келип жатыш мага кыйын эле. Бир күнү бирөөсү “аккордеон ойносоң кечинде сабайм, ойнобо” деди, мен коркогураак болчумун. Жанымда Кабак деген музыкант бала бар эле, ал мага болушуп, тиги экөө урушуп, мушташа кетишти. Анан тиги өзү теңдүү балдарды чакырып келип, экөөбүздү аябай сабашты. “Агайларга айтсаңар өлөсүңөр” дешти. Ушундай кордуктарга чыдай албай айыл чарба иштеринен качып кеттик, ошентип анан окубай да калдык. Биздин окуубузду, өсүп келаткан чыгармачылык жолубузду, талантыбызды ошентип бууп коюшту.
Андан кийин аскерге кеттим. Аскерде ит бактым, итти жакшы көрчүмүн. Малыш деген немис овчаркам бар эле, аны менен объектилерди кайтарчубуз. Менден башкалар тамак берсе жебейт эле, 2 жыл ошол ит менен бирге кызмат өтөдүм. Ал жерден жакшы дипломдорду, чиндерди алдым. Катардагы аскер болуп барып, старшина болуп келдим.
«Көрсө, мен ырчы боло албайт экенмин»
– Аскерден келгенден кийин бекерчи болуп жүрсөм, биздин айылга Атайбек Бөдөшев, Каныкей Эралиева, Шахрезада Аскарова концерт коюп келип калышты. Анан Атайбек байке шоопуру менен уруша кетип, аны кууп жиберди. Көрсө, ал мас болуп машинени айдабай, концерттерди үзгүлтүккө учураткан экен. Анын ордуна шоопур болдум, андан сырткары афиша илем, концертте кээде сахнага чыгам, ошентип жүрүп алпаруучулук жөндөм өөрчүп кетти. Анан мени колдорунан чыгарбай калышты. Ошентип аккордеонду таштап, алпаруучулукка басым жасап кеттим. Анекдот айтып, интермедия ойной коюп жүрүп куудулдук жолум башталды. Андан кийин Кара-Көл шаарына окууга тапшырдым, Политехникалык институттун филиалы бар эле. Ошол жактан Маданият үйүндө иштеген артисттер менен таанышып, чогуу иштеп калдым. Ошол жерден чыгармачылыгым өркүндөй баштады. Көрсө, мен ырчы боло албайт экенмин, турмуш өзү жолуңду тандап коёт тура. Кийин Бишкекке келип, Искусство институтуна сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, бирок келип-келбей жүрүп аны да он жылда бүттүм окшойт.
Мектепте “Келечекте ким болосуң?” деп дил баян жаздырып калышат эмеспи. Мен ошондо “музыкант, артист болом” деп жазган экенмин, кийин мектепке барганда архивден таап алгам, 3-класс кезимде жазыптырмын. Буюрса, ошол кыялым ишке ашып, өнөрдүн арты менен жашап жүрөбүз.
Гулийпа Маметосмон кызы