Кыргыздын намысын коргоочу ЖОРГОЛОР

Быйыл күзүндө Казакстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Анда спортчулар менен бирге кыргыздын аргымактары да намыс талашат. Арасында Орто Азияга чейин белгилүү болгон Каракыз сыяктуу күлүктөр, Чиксон Лок сыяктуу жорголор бар. Буга чейин гезитке кыргыздын мыкты күлүктөрү тууралуу жазганбыз, бул жолу жорголорго орун бердик. Кепти 2021, 2022, 2023-жылдын мыкты саяпкери аталган Чубак Жайлообеков уласын. 

“Көчмөндөр оюндарына үч жорго барат”

– Казакстанда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 3 эле жорго барат. Алар Чиксон Лок, Берекет жана Императрица деп болжолдонууда. Берекет ал оюнга катышууга квота алды. Негизи Нооруз, 9-май турнири жана Чолпон-Атада өтүүчү Туристтик сезондун ачылышына карата ат чабыштан уткан жорго Көчмөндөр оюндарына квота алат. Чиксонлок 9-майда өтүүчү жарыштан кийин, буюрса, жолдомо алат деп ишенебиз. Чиксонлокко автоматтык түрдө квота берели дешкен, бирок өз жолу менен эле алсын дедик. Башка турнирлерди жеңген. Ошондой эле кунанында, быштысында биринчиликти алып, былтыр да жакшы көрсөткүчтөргө жеткени үчүн Императрица барышы мүмкүн. 

Адамдай акылдуу Чиксон лок

Атасы – Крамербой, америка таза кандуу таскагы

Энеси – Чуткость, орус таза кандуу жылкысы

2017-жылы туулган, 7 жашта

2021, 2022, 2023-жылдын мыкты жоргосу

Ээси – Жакыпбек Карыбеков

– Чиксон Лок 3 жашынан тартып жарыштарга катыша баштаган. 3 жашында 2 жолу биринчини алса, 2 жолку утулушу бар. 4 жашында 6 жолу жарышка салынып, 5 жолу биринчи, 5 жашында 5 жолу салынып, 5 жолу биринчи, 6 жашында, былтыр, 6 жолу салынып, 6 жолу биринчи келди. Быйыл Ноорузда спринт жорго салышка катышып, анда да биринчиликти берген жок. Бул жеңиштердин арты менен 7 автоунаа, жана башка акчалай сыйлыктарды утту. Казакстандын Астана, Семей шаарларында өткөн жарыштарда автоунаа утканбыз. Кыргыз-казакка белгилүү жорго.

Чиксон Локту 2021-жылы Жакыпбек Карыбеков сатып алып, саяпкер катары менин колума тапшырган. Бизге чейин башкалардын колунда жүрдү. Андан бери бири-бирибиздин тилди жакшы эле түшүнүп, жарыштарга аябай такшалып калды. Атасы Крамербой 1993-жылкы, ал 1998-1999-жылдары Американын чемпиону болгон. Уругун сактап калышып, кийин Чиксон Локко колдонушкан экен. Тулку бою жорголорго окшой бербейт, англис жылкыларына окшош. Жорголордун денеси, буту-колу жоонураак келип, башы да салыштырмалуу чоң болот.

Чиксондун мүнөзү оор, көк бет, жарышта бир эле адамга көнгөн. Мен жокто сарайдагы балдар минет, бирок жакшы жүрбөйт. Машыктыруу учурунда да, жарышта да өзүм минем. Бейтааныш адамды да, атты да жанына жолотпойт. Алыстан көргөндө эле кошкурунуп баштайт. Сарайда да жалгыз жүрөт. Жарышта алдыга ат салдыргысы келбейт, атамандык мүнөзү бар. Былтыртан бери жарышка түшүүнү жакшы үйрөнүп алды, стартта 200-500 метрдей ала качат да, акыркы айлампага чейин дем алуусун бирдей кармап күчүн сактап чуркайт. Акыркы айлампа экенин элдин ызы-чуусунан сезет, ошондо болгон күчүн салып чуркайт, ага чейин чапсаң да андай чуркабайт. Адамдай эле акылдуу. Машыгып жатканда, мисалы, кышкысын жай минебиз, жаз келгенде кадимки ат чабыштагыдай күчкө салынып даярдалат да. Бир-эки күчкө салынгандан кийин өзү эле керектүү тамакты жеп, керексизин жебей калат, тазаланып ичин бошотот. Ошентип ат чабыш болорун сезип, өзү даярдык көрө баштайт. Жылкыны такай бирдей даярдыкта кармай албайсың да, даярдык жетпей калат же ашып кетет. Чиксон Лок ага карабай утсам деп умтулуп турат. Былтыр казактар сатып алабыз деп 100 миң доллар сунушташкан, бирок намыс коргоочу жылкы деп берген жокпуз.

Жөндөмү күч Императрица

Атасы – Идеал, америка таза кандуу жылкысы

Энеси – Ариет, француз таза кандуу жылкысы

2019-жылкы, 5 жашта

Ээси – Өмүрбек Бабанов

– Императрицанын атасы да, энеси да Кыргызстанга алып келинип, жоргобуз өз корообузда туулган. Кунанында 7 жолу чабылып, 7 жолу биринчи, быштысында 8 жолу чабылып, 7 жолу биринчи, 1 жолу экинчи, былтыр, 4 жашында, 11 жолу чабылып 6 жолу биринчиликти алды. Быйыл Ноорузда болсо чоң жорго салышта экинчи болуп марага келди. Былтыркы байгелери 850 миң сом жана бир автоунаа. Ага чейинки байгелерин эсептеген жокпуз. Былтыр Казакстанга да барып биринчиликти алып келген. Өзү болсо жоош жылкы, кишинин ою менен жүрөт. Ылдамдыгы абдан жакшы, кааласаң алдыда, кааласаң ортодо жүрүп чаба бересиң. Бүт жагынан жөндөмдүү. Балдар да алмашып чаба берет, адам тандабайт. Аттай эмес, машинадай эле да (күлүп).

Алдыда жүрүүнү сүйгөн Берекет

Атасы – Ожипей Винвар, француз таскагы

Энеси – Шипка,

орус таскагы

2016-жылкы, 8 жашта

2018-жылдын мыкты кунаны, 2019-жылдын мыкты быштысы

Ээси – Сагынбек Казиев

– Берекетти былтыр Ормон хандын 230 жылдыгынан кийин сатып алдык. Алгандан бери 2 жолу чаптык. Быйыл 23-февралда ат чабыш оюндары өтүп, анда 1-болуп келип автоунаа утту. 21-марттагы жарышта чоң жорго салышта да биринчи келип, Көчмөндөр оюндарына квота алды. Жалпысынан 40 жолу чабылып, 20 жолу биринчи болуп келген. Байгелеринен 2 автоунаа жана акчалай сыйлыктары бар.

Берекетти быйыл эле даярдап жатам, мүнөзү жумшак, дайындыгы өтө жеңил экен. Тез да калыбына келет. 1-2 машыгуу менен чабышка даяр болуп каларын билдим. Алдыда жүргөндү жактырат экен, алдыга түшүп алып санааркабай кете берет. Кунанында, быштысында чемпион болгондо жалаң алдыда гана келип чемпион болгон. Кийин чоң жоргодо көп атка кошулганда артта калып жеңилип жүрүптүр. Быйыл мурунку тактикасына салып машыктырып, чабышка салдык. Буюрса, жыйынтыктар жакшы.

“Мен таптап жаткан 20дан ашык жылкы бар”

– Өзүм 2000-жылдан тартып 10 жашымда ат чаап, 2005-жылдан тартып саяпкерликти баштагам. Чоң атам өмүр бою жорго минип, жорго чапкан киши болуптур. Үйдөн мен эле анын жолун улап кеттим. Учурда карамагымда 20дан ашык жылкы бар. Атайын жылкыларын таптоо үчүн 3-4 киши менен такай иштешем.

Жорго салыш кооз жарыштардын бири. Анда жорголор алдынкы оң буту менен арткы оң бутун чогуу, алдынкы сол буту менен арткы сол бутун чогуу таштап чуркайт. Бул чуркамынан бир нече жолу жаңылса, же күлүктөрдөй секирик таштап алса оюндан четтеп калат. Кунан жорго, бышты жорго, чоң жорго, спринт жорго салыштардын бул боюнча атайын эрежелери бекитилет. Ошондуктан суу төкпөс жорголор деп сыпатталып жүрөт.

Асел Ишенбай кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1113, 5-11-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан