Акмарал Эркинбек кызы, ырчы: «Үнүң Мыскал Өмүрканованыкына окшош дешет»

Каарманыбыз кичинесинен ырга жакын чоңойгонун айтат. Балким, кичинекей кыздын Каныкей Эралиева аткарып жүргөн “Жаз” ырын ырдап интернетке тараган видеосу эсиңиздедир?.. Дал ошол ырчы, музыкалык аспап менен да, оркестр менен да катыра ырдаган жаш талант Акмарал Эркинбек кызы менен тааныштырабыз.

Каарман тууралуу

Туулган жылы, күнү – 2005-жыл, 3-март

Туулган жери – Нарын району, Кайыңды айылы

Бою – 152 сантиметр

Салмагы – 57 килограмм

Хоббиси – китеп окуу

Билими – учурда Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда 3-курста окуйт

Репертуарындагы ырлар – "Жаз", "Из калтыр", "Алымкан", "Кыргыз жери" жана башка

– Акмарал, айтсаңыз, интернет айдыңында Акмарал Эркинбек кызы деген ырчы кыз качан тааныла баштаган?

– Интернет айдыңына 3-4-классымдан тарта чыга баштадым. Ошол мезгилде сөзү Надырбек Алымбековго, обону Атайбек Бөдөшевге таандык, Каныкей Эралиева эжебиздин аткаруусундагы “Жаз” деген ыр эл арасында популярдуу болуп жаткан. Алгач менин ушул ырды ырдаган видеом социалдык тармактар аркылуу тарады.

Үйдөгүлөрдүн айтуусу боюнча, 3 жашымдан баштап ырдап келатыпмын. 8 жашымдан тарта ар кандай сынактарга, иш-чараларга катыша баштадым. “Кыргызстандык экениме сыймыктанам” аттуу сынакка, “Жаш таланттардын” аймактык, райондук, республикалык сынактарына катышып жүрдүм. Ал жактан 1-2-орунду, баш байгени багындырган күндөрүм болду. 5-классымдан тарта Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде окудум. Биринчи жолу чоң сахнага 3-классымда стадиондо Сыймык Бейшекеев агабыздын сынагында анын бир ырын ырдап чыккам. Ошондон бери музыка чөйрөсүндө жүрөм десем болот.

– Интернетте роль аткарып көрүүчүлөрдү ыйлаткан видеолоруңуз бар экен, ал роликтерге кантип, качан тартылдыңыз эле?

– Ооба, интернетте ролик аткарып, сценкаларга катышкан видеолор да бар. Ал 6-класстагы кезим болчу. Негизи башында мындай эле, ата-эне жөнүндө, тарбиялык мааниси терең ырларды ырдап берчүмүн. Андан кийин эле ошол жактагы агайлар тарабынан үй-бүлөнүн бекемдигин сактоо боюнча сценка түзүлүп, мени ролго тандашты. Ошентип “ажырашпагылачы” деп ырдаган кыздын ролун аткарып, ошону көп жерлерге көрсөтүп келгенбиз, азыр да сценка коюп жерлерди кыдырып турабыз.

Негизи, ырчы болом деген чечимим кичинекей кезимден эле бар. “Чыгармачылык жолду тандадым, ушул жол менен кетем” деген изги тилекти карманып аракет кылып келе жатам.

– “Жазды” Каныкей Эралиеванын алдында качан ырдадыңыз? Ал киши кандай кабыл алды?

– “Жазды” Каныкей эженин алдында ырдаганым, адашпасам, 2017-жыл болуш керек. Кичинекей кезим, жаңыдан “Жазды” ырдап, социалдык тармактарда тарап жаткан кез болчу. Ошол учурда Коомдук телеканалдан байланышып “Бишкекте атайын чакан программа болот, келип катышып кет” деп эфирге чакырышты. Ошондо Каныкей эже, Атайбек байке да бар болчу, ушул эки инсан менен чогуу отуруп маек бергеним эсимде. Алардын алдында ырдап бергем, алар ошол эфирдин жүрүшүндө эле мага баталарын беришип, жакшы сөздөрүн, кеңештерин айтышкан. Аябай жакшы кабыл алышкан, мен үчүн бул аябай чоң дем-күч болгон. Обондун автору Атайбек агайдын алдында, ушул ырды ийине жеткире ырдап элге тааныткан Каныкей эженин алдында ырдоо өзгөчө сезимдерди жараткан.

– Үнүңүз өзгөчө. Ата-энеңиз да ырдайбы? Алар тууралуу айтып берсеңиз...

– Ооба, атам да, апам дагы ырдайт. Атам 60 жашта, апам 56 жашта. Атам мектепте иштечү, азыр үйдө чарба иштери менен алек. Апам кыргыз тили, адабияты мугалими. Ырчылык өнөр негизи менин ата журтумда да, тай журтумда да бар. Чоң атам ырдачу экен, азыркы күндө атамдын эжелери, карындаштары ырдашат. Тай журтумда комузчулар, ырчылар бар. Чоң таятабыз болсо Казыбектин казалдарын айтчу экен, а таятам комуз чертип, таенем ырдачу дешет. Демек, мендеги өнөр эки журтумдан тең өткөн. Үйдө 5 бир туугандын кенжесимин. Бир туугандарым дагы ырдашат. Чогулуп калганда ырдап, дуэт аткарып, шаңдуу отурабыз.

– Бала кезде кимдир бирөөнү кумир тутчу белеңиз?

– Музыкалык окуу жайда өз багытымда изденип жүрүп кумир таптым. Меники элдик ырдоо багыты болгон үчүн Мыскал Өмүрканова апабыздын ырдаганын аябай көп уктум. Музыкалык мектепте окуп жүргөндө ырлардын түп нускасын карап үйрөнчүбүз. Ошондон улам Мыскал апабыз кандай ырдачу, сөздөрүн кандай айтчу, ырдаган техникаларына, баарына маани берип, өзүмө алганга, өздөштүргөнгө аракет кылчумун. Демек, кичинемден бери кумир туткан ырчым Мыскал Өмүрканова десем болот. Негизи эле кичинекей кезимден бери бийик диапазондорду аткарган Сагыйпа Чечейбаева, Тамара Жумакеева эжекелерибиздин ырларын ырдаганга, алардан үлгү алганга аракет кылып келе жатам.

– Учурда репертуарыңызда атайын өзүңүз үчүн жаздырган ырлар барбы?

– Репертуарымда көп эле ырлар бар. Анын көбү элдик ырлар, насаат ырлары дагы бар, көлөмдүү чыгармалардын үстүнөн да иштеп жатам. Атайын өзүм үчүн, буга чейин эч ким ырдап чыга элек ыр дей турган болсок, жакында Майрамбек Осмонов агабыз 2 ыр берди. Биринчиси – “Ата-энем” деген ыр, сөзү Индира Алымбаева эжекибизге таандык, обону Майрамбек Осмоновдуку. Экинчиси – ушул эле авторлордун “Күтүү бакыт” деген ыры. Өзүм үчүн жаздырган ушул эки ырым бар.

– Азыркыга чейинки сиз жеткен ийгилик?

– Ийгиликтерим – бул чет өлкөлөргө чыгып сынактарга, фестивалдарга катышып келгеним, эл-жер көргөнүм. Түркияга 2 жолу бардым, Орусияга да барып келгенбиз. Жакында эле Европага, Италияга, Францияга барып келдик. Өнөрдүн артынан эл-жер көрүп жатканыма сыймыктанам. Дагы бир чоң ийгилигим – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуп жатканым. 1 жарым жылдай болуп калды, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы эл аспаптар оркестринде солист болуп иштейм.

– Канча музыкалык аспапта ойной аласыз?

– Комуз, пианинодо ойной алам. 11 жашымдан баштап комуз кармап, нота тааный баштагам. Пианинону 12 жашымдан баштап үйрөндүм. Алдыда дагы көптөгөн музыкалык аспаптарды үйрөнүүгө аракет кылам.

– Комментарийлерде ырдаганыңызды “Мыскал Өмүрканова тирилип келгендей” деп салыштырышат экен, буга өзүңүз эмне дейсиз?

– Ооба, андай комментарийлерди көп угуп калам. Коомдук жайларда же концерттерде жүргөндө кээ бир угармандар келип “үнүң өзгөчө, Мыскал апанын үнүнө окшош” деп калышат. Андайда абдан сыймыктанам, мага дем-күч берип жатканыңыздарга ыраазымын.

– Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

– Эң биринчи максатым – окуумду ийгиликтүү аяктоо, билимимди дагы да тереңдетүү. Элдик ырларды, кыргыз ырларын элге дагы да болсо жакшыраак таанытуу, кыргыз музыкасын колумдан келишинче жайылтуу – эң негизги максаттарымдын бири. 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1113, 5-11-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан