Бөйрөгү ооруган балдар көбөйүүдө 

“Заара чыгаруу жолдорунун таш ооруларынан жабыркаган балдардын саны көбөйүүдө”, - дейт Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунун урология бөлүмүнүн жетекчиси Болот Эсенбаев. Дарыгер оорунун башкы себеби балдардын туура эмес тамактанышы деп эсептейт. 

"Уролитиаз – бөйрөк, табарсыктын таш оорусу"

– Заара чыгаруучу системдин таш оорулары медицинада “уролитиаз”, ал эми таштар “конкремент” деп аталат. Уролитиаз акыркы 20 жылда дүйнөдө көп кездешкен оорулардын ичинен 3-орунду ээлеп келет. Заара чыгаруучу системге бөйрөк, заара чыгаруучу түтүкчө жана табарсык кирерин айта кетели. Эң көп жолукканы бөйрөктүн таш оорусу, тагыраагы – бөйрөккө таштын топтолуп калышы.   

Эки бөйрөк артериалдык басымды жана организмдеги суу-туз алмашуу процессин камсыз кылат. Кандын курамынан заараны жана башка уулуу заттарды сыртка чыгарат. Электролиттердин (минералдык заттар: калий, фосфор, магний жана башка) организмге сиңишин жөнгө салат. Кыскасы, бөйрөк биологиялык чыпкалоонун милдетин аткарарын билебиз. 

Бөйрөк, заара чыгаруучу түтүкчөдө жана табарсыкта таш кайсы бир себептерден улам туз жана органикалык кычкыл кошулмалардын  топтолуп, кристаллдашканынан улам жаралат. Кристаллдар кумга, кийин ташка айланат.

Балдарда бөйрөктүн таш оорусу 3-15 жаштагылар арасында көп жолугууда. Тубаса түрдө ымыркайларда да кездешет, бирок чанда. 

"Ташты кир суу, газдалган суусундуктар да жаратат"

– Таштын жаралуу себебин бир нече факторлор түзөт. Алар:

• Инфекциялык оорулар. Мисалы, өнөкөт цистит, пиелонефрит, уретрит жана башка. Булар зааранын курамын өзгөртүп жиберет, анын үстүнө заара толук чыкпай кармалып калат. Андыктан туздар, органикалык кошулмалар уюп, кристаллдашуусу мүмкүн.

• Заара чыгаруучу системдин аномалиялык түзүлүшү. Заара түз чыгып кетпей топтолуп калат да, курамындагы туздар жана башкалар кристаллдаша башташат.

• Организмде зат алмашуунун, ички бездердин иштешинин бузулушу. Булар организмдеги минералдардын курамын өзгөртүп жиберет.

• Тукум куучулук. Организмде минаралдарды ажыратып бөлө турган ферменттер бөйрөк жана боорунда тубаса жок болсо же өтө аз санда болсо таш жаралат.

• Картошка калдырканын (чипсы), кириешки, туздалган жаңгактарды көп жегендик. Ашыкча туз заара жолдорунун системине, өзгөчө бөйрөккө чогулуп ташты пайда кылат. Туздалып, маринаддалып консерваланган, ышталган азыктарды (колбаса, ышталган тоок эти жана башка) көп жегендик да таштын пайда болушун шарттайт. Расмий маалыматка таянсак, бөйрөк оорудан жабыркап ооруканага кайрылган балдардын көбү картошка калдырканын, кириешки көп жешкени аныкталган.

• Ысык климат, кир, шор сууну ичүү. Ысыктан организмдеги суюктуктар тер аркылуу бөлүнүп чыгып турат. Адам бат-баттан таза суу ичпесе денедеги зат алмашуу бузулат да, таш жарала баштайт.

• Шоколад (курамында оксалат кычкылы көп), эт, банан, күрүчтү (курамында пурин көп) көп жегендик, сүттү, таттуу газдалган суусундуктарды көп ичүү.

Күрүчтү мүмкүн болушунча жашылча салаты менен бирге жеш керек.

Дарттын белгилери

• Бөйрөк жана бел туштун катуу оорутушу

• Зааранын өңүнүн өзгөрүшү, бат-бат заара ушатуу же заара ушата албай кыйналуу, зааранын кан аралаш чыгышы, заара кылгандагы оорутуу

• Кусуу, дене табынын жогорулашы

• Дененин ууланышы, алсыздык, тамакка табиттин жоголушу

Диагноз үчүн керек

• Кандын, зааранын анализи

• Заара чыгаруу системинин УЗИси, рентгени, компьютердик томографиясы.

Дарылоо

– Дарылоо таштын чоң же кичинесине, орун алган жерине карап жүргүзүлөт. Дарыланып жаткан бейтап ар 3 айда, 6 айда, 1 жылда дарыгерге текшерилип турат. Таш ооруларынын бардык түрүндө шоколад, газдалган таттуу суусундуктарды, какао, картошка калдырканы, кириешки, фаст-фуддарды жеп-ичүүгө тыюу салынат.

Колдонулуучу ыкмалар

• Консервативдүү дарылоо. Дары-дармектер кум же майда таштарды чыгаруу үчүн колдонулат 

• Эндоскопиялык трансуретралдык ыкма. Эндоскоп шайманы табарсык аркылуу киргизилип, лазердин жардамы менен таштар талкаланат, сыртка чыгарылат.

• Дистанциондук литотрипсия. Аралыктан туруп жогорку басымдагы сокку берүүчү толкундардын күчү аркылуу таштар талкаланып, кумга айландырылып, анан дарынын күчү менен сыртка чыгарылат.

• Ачып операция жасоо ыкмасы. Таштардын саны көп же өлчөмү 1 сантиметрден чоң болсо колдонулат.

Оорунун алдын алуу

• Баланын заарасынын өңүнүн өзгөрүп же өзгөрбөгөнүнө дайыма байкоо салуу, суукта жылуу, таманынан сыз өтпөгөндөй кийинтүү.

• Туура тамактандыруу. Азыктарды түрлөп, өлчөмү менен берүү керек. Картошка калдырканы, кириешки, газдалган таттуу суусундуктарды бербөө же аз берүү.

• Колбаса, ышталган тоок этин, сүттү, туздалган жана маринаддалган бадыраң, помидорду көп бербөө. 7 жашка чейин чай эмес, суу берген жакшы.

• Таза сууну суткалык нормасы менен ичирүү.

Дарыгер эскертет!

– Балдардын бөйрөктөгү таш оорулары боюнча урологдор изилдөө жүргүзгөнүбүздө 1-орунда Баткен, 2-орунда Ош, Жалал-Абад облустары турары аныкталган. Себеби климат ысык, көп жерлерде таза суу жетишсиз, канал, арык, булактардан суу ичкендер көп. Көп аймактарда суулары, анын ичинде булак суулары да шордуу (туздуу). Ооруган балдарды айыктыргандан кийин ата-энелерине баланы таза суу менен толук камсыздоо, диета карматуу керектигин катуу эскертебиз. Такыр болбосо башка жакка көчүп кетүү керектигин айтабыз. Антпесе бала кайра эле баягы кир, шордуу суудан ичип, мурдагы адаттарынан арылбаса бөйрөктө кайра таш пайда болот. Ошентип экинчи ирет келгендер да, балдарынын ден соолугу үчүн башка жакка көчүп кеткендер да бар.

Канымжан Усупбекова  

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1113, 5-11-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан