Кейт Мидлтондо рак: Падышалык үй-бүлөнү коштогон оорулар жана чырлуу окуялар

Улуу Британиядагы падышалык үй-бүлө байма-бай сенсациялуу окуялары менен коомчулуктун көңүлүн буруп келет. Жыл башынан бери ханзаада Уильямдын жубайы Кейт Мидлтондун көрүнбөй калганы тууралуу кептер тарай баштаган. Март айында болсо Кейт Мидлтон видеокайрылуу жасап, рак дарты менен күрөшүп жатканын кабарлады. Бул кабарды улай падышалык үй-бүлөдөгү чырлардын учугу узаргандай. Жубайынын оор дартына айрымдар Уильямдын “көзгө чөп” салуусу токтобогону себеп дешүүдө. Монархтардын үй-бүлөсүндө бул биринчи “көзгө чөп салуу” же алгачкы рак эмес...

Эдуард VIII жана Уоллис Симпсон

Дүйнө жүзүндө монархия сакталган 43 мамлекет болсо, алардын арасынан көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган Улуу Британия падышалыгы. Анда сөздү эң биринчи падышадан баштайлы. ХХ кылымдагы эң биринчи падыша Эдуард VII. Атасынан падышалыкты уулу Георг V, андан кийин Георгдун баласы Эдуард VIII алган. Бирок Эдуард VIIIдин бийлиги 10 айга гана созулган. Падыша америкалык Уоллис Симпсон деген айымды сүйүп калат, болгондо да күйөөсү бар. Бийлик колго тийгенден кийин сүйүктүүсүн жолдошу менен ажыраштырып, үйлөнөм деген чечимге келет. Бирок министрлер кабинети мындай жорукка көз жумуп отурбай, Эдуардга ультиматум коюшкан: же падыша болуп, репутациясы күмөн аялдан кол үзөсүң, же тактан баш тартасың деген. Падыша сүйүктүү адамынын колдоосу жок мамлекетти башкара албай турганын айтып, тактан баш тарткан.

Елизавета II жана Филипп Маунтбеттен

Агасынан кийин такка Георг VI келген. Андан монархиялык бийлик кызы Елизавета IIге өткөн. Елизавета өмүрлүк жолдоштукка грек династиясынан чыккан Филипп Маунтбеттенди тандаган эле. Падышалык үй-бүлөгө тиешеси бар болгону менен, ал учурда падышалык тарап, Филипптин үй-бүлөсү такыр эле жакырчылыкта жашап калышкан. Андыктан Георг VI кызынын каалоосун четке кагып, көпкө чейин экөөнүн үйлөнүүсүнө макул болбой жүргөн. Бирок Елизавета чечимин өзгөрткөн эмес. Филипп экөө 1947-жылы баш кошуп, 5 жылдан кийин Елизавета II такка келди. Британиялык монархиянын тарыхында Филипп менен Елизаветанын үй-бүлөлүк союзу эң узак (70 жылдан ашуун чогуу жашашкан) жана туруктуу деп эсептелет. 4 балалуу болгон түгөйлөрдүн туруктуулугунун артында “кара мышыктар” жок эмес. Жубайынын көлөкөсүндө калган Филипп өзүн жубатуу үчүн “солго” бара баштаган. Ырчы Элен Кордет, алып баруучу Кэти Бойл, актриса Пэт Кирквуд менен Филипптин мамилеси маал-маалы менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланып турар эле. Канайым мындай жаңылыктардын баарын кулак сыртынан кетирип, үй-бүлөсүнүн аброю үчүн чыдап жашаган дешет. 

Ханзаада Чарльз жана Диана Спенсер

Чарльз менен Диананын баш кошуусуна кызыкдар адам ханзааданын атасы Филипп болгон. Падышалык үй-бүлөнүн тарбиялуу кызы келини болушун каалаган эле Филипп. Ал убакта Чарльз Камилла аттуу кыз менен сүйлөшчү. Ата-энесинин кысымы менен Дианага үйлөнгөнү менен, көп өтпөй Камилла менен мамилесин жандантып алган. Болбосо Камилла да британиялык офицер Эндрю Паркер-Боулзга турмушка чыгып, анын фамилиясын алган эле. Ханбийке Диананын “биздин никеде мен үчүнчү адам болдум, ал жакта мен үчүн орун жок, тар болчу” деген маеги бар. Күйөөсүнүн кош көңүлдүгү, дайыма ойношу менен тыгыз мамилеси Диананы депрессия кылган. Акыры ал дагы жолдошунун “көзүнө чөп сала” баштаган дешет. Ал эле эмес, кичүү уулу Гарринин атасы Чарльз эмес, полковник Жеймс Хьюитт деген да маалыматтар тараган. Бирок полковник мындай калп кабарлар Гарринин психикасына терс таасирин тийгизерин айткан. Ханзаада Чарльздын никесине чекит койгон Диананын британиялык бир басылмага берген чырлуу маеги боду. Падышалык үй-бүлөнүн бир топ сырларын ачыкка чыгарган маектен кийин Елизавета II өзү кат жөнөтүп, экөөнү тез арада ажыраштырган. Ажырашкандан бир жылдан соң ханбийке Диана автокырсыкка кабылып каза тапты. Анын өлүмүн Букингем сарайы менен байланыштыргандар да бар.

Ханзаада Чарльз жана Камилла Паркер-Боулз

Сулуулук иконасы, Леди Ди атка конуп, монархиялык үй-бүлөдөгү эң популярдуу адамга айланган ханбийке Диананын өлүмүнө Камилла Паркер-Боулзду күнөөлөгөндөр көп эле. Убагында Улуу Британиядагы эң жек көрүмдүү адамга айланган Камилланы сүйгөнүн токтоткон жок Чарльз. Ондогон жыл өтсө да максатына жеткен түгөйлөр 2005-жылы баш кошушкан. 2022-жылы Елизавета II каза болгондон кийин Чарльз, мындан ары падыша Карл III болуп аталып такка отурду, ал эми Камилла Улуу Британиянын канайымы.

Ханзаада Уильям жана Кейт Мидлтон

Карл IIIтөн кийин такка мураскер анын улуу баласы Уильям. Ханзааданын Кейт Мидлтон менен мамилеси 2000-жылдардын башында башталган. Бирок романтикага, кыздарга жакын Уильямдын айынан түгөйлөр бир жарашып, бир таарынышып отуруп 2011-жылы гана расмий үйлөнүштү. Кейт Мидлтонду кайненеси Дианага окшоштургандар көп, сулуулугун, боорукерлигин, модага болгон табитин жана башка. Бирок ушундай сулуу жубайына карабай Уильям Уэльскийдин романтикалык жүрүшү аяктай элек сыяктуу. Лыжа тепкени курортко кеткен ханзааданын жанында жүргөн модель Софи Тейлордун сүрөттөрү желдей тараган. Дагы бир учур, ханзаадалар жашаган ак сарайга кошуна маркиз Дэвид Чолмондели өзүнөн 23 жаш кичүү жубайы Роуз Хэнбери менен көчүп келишет. Уильям менен Роуздун ортосунда сүйүү тутанат. Бирде ачыкка чыгып, бирде басылып отурган мамиле бүгүнкү күнгө чейин жеткен. Ал эле эмес, Роуздун эгиз балдары Уильямдан деген имиштер жүрөт. Кейттин көп жылдык стресси анын онкологиялык ооруга чалдыгышына себепкер дегендер да бар. Роуздун балдары ханзаададан болсо, анда алардын да аты мураскер катары калышы керек. Мына ушул факторлордун баары Кейттин ооруп калышына себеп катары айтылып жатат.

Жашырылган оорулар

Негизи Букингем сарайынын жашоочуларынын ден соолугу тууралуу маалыматтар жарыяланбайт. Бул адатты бузган учурдагы падыша Карл III болду. Ал ушул жылдын февраль айында рак оорусуна чалдыкканын жарыялаган. Көп өтпөй Кейт Мидлтон да бул коркунучтуу дарт менен күрөшүп, химиотерапия алып жатканын ачыктады (жоон ичегинин рагы болушу мүмкүн). Рак тукумдан тукумга өтүүчү дарт болушу мүмкүн, мындан улам падышалык үй-бүлөнүн “оору тарыхы” ачыкталып жатат. Көрсө:

Елизавета II өмүрүнүн акыркы жылдарында жүлүндүн рагы менен жабыркаган.

Ал эми падышанын чоң энеси Елизавета Боуз-Лайон эмчек жана ичегилердин рагына кабылган. Георг VI өпкө рагы, Эдуард VIII тамак, Эдуард VII тери, ал эми ханбийке Виктория эмчек рагы менен жабыркачу. Коркунучтуу тизме, ээ?

Эми падышалык үй-бүлөдө сыр сандыкка бекем сакталган оорулуулар тууралу сөз кылалы. Георг V менен канайым Мэринин 6-уулу Жон эпилептик болгон. Монархтардын үй-бүлөсүнө мындай диагноз көлөкө түшүрүшү мүмкүн деген чечим менен оорулуу баланы эч ким көрүп-билбеген үйдө кармашкан. Жон 13 жашында каза болгон.

Елизавета IIинин апасынын Нериссу жана Кэтерин деген жээндери болгон. Эки кыз тең акылы-эси кем эле. Ошол учурда Эдуард VIII сүйүүсү үчүн тактан баш тартып жаткан. “Булардын үй-бүлөсүндө акыл-эси кемдер бар, балким, Эдуард да акылдан тайды” деген кептер тарабашы үчүн кыздарды алыскы Сарри графтыгындагы жиндиканага киргизип коюшкан.

Асыл Орозбекова 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1113, 5-11-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан