ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 15-апрелден 21-апрелге чейин 

Кой
(21.03–20.04)

Каржылык абалыңыз аптада олку-солку болот, андыктан акчаңызды үнөмдөңүз. Ишкердикте адис эмес билермандардын кеңешин укпаганыңыз жакшы, болбосо пландаган иштериңиз күйүп кетет. Жакшы көргөн буюмуңузду жоготуп аласыз, бул абал сиздин маанайыңызды түшүрөт. Бирок кабатыр болбоңуз, жакшы адамдардын жардамы менен жоготкон нерсеңизди табасыз. Сүйүктүүңүз менен болгон мамиледе өз ара түшүнүшүү  орун алат.

 

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алууга шашпаңыз, азырынча байкоочулук позицияны карманыңыз. Жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү үйрөнүүгө убакыт бөлүңүз. Интеллектиңизди өстүрсөңүз, алдыга таштаган кадамдарыңыз мурдагыдан да ишенимдүү болот. Кошумча каражат алып келчү иш баштайсыз, бирок иш баштаарда майда-чүйдөсүнө чейин пландаңыз. Эски таарынычтарды унутуп, жаңы нерсени баштоо үчүн ыңгайлуу убакыт.

 

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Үй-бүлөдөгү талаш-тартыш, пикир келишпестиктерди тереңдетпөөгө аракет кылыңыз. Чырды ырбатсаңыз кийин экинчи тарап менен тил табышуу кыйын болуп калат. Тобокелдикке сала турган ишке аралашпаңыз, чоң капиталды жоготуп алуу коркунучу бар. Мырзалар профессионалдык ийгиликтерге жетүү үчүн кызматташууну күчөтүшү керек. Айымдар үй-бүлөлүк бюджетти акылдуулук менен бөлүштүрүп иштеткени туура.

 

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Ичиңизде чоң энергия топтолот, анын жардамы менен ири долбоорлорду ишке ашырсаңыз болот. Эски достор сиз менен мамилесин улантууну каалашат, бирок аларды иргеп мамиле түзүүгө убакыт келди. Мырзалар, бул дүйнөдө баары сизден көз каранды эмес экенин унутпаганыңыз жакшы. Бардык нерсени кемчиликсиз аткарууга умтулбаңыз, мүмкүнчүлүктөрүңүзгө жараша маселе чечиңиз. Үй-бүлөлүк биргелешкен кечки тамактануу мамилеңиздерге гармония кошот.

 

АРСТАН
(23.07–23.08)

Аптада көп жумуш жасайсыз, жадакалса кесиптештериңиз менен  жетекчилигиңиз таң калышат. Берилген тапшырманы так, даана аткарууда сизге эч ким тең келе албайт. Чөйрөңүздөгүлөрдүн мактоосу, алкоосу сизге шык берип, жаңы ачылыштарды жасоого түртөт. Сүйүүдө өзүңүздү алаксытыш үчүн убактылуу мамиле куруудан карманып туруңуз. Мындай мамиле сизге бакыт алып келбейт. Анын ордуна спорт менен машыгып, машыгуу залына барып, табият коюнунда сейилдеңиз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Сүйүшкөндөр кудалашып, той күнүн белгилешсе болот. Ал эми ким дагы деле “үйлөнсөмбү же коё турсамбы” деп ойлонуп жаткан болсо, күмөндүү ойлорго чекит коюп, чечкиндүү кадамдарга барышы зарыл. Бизнес өнөктөштөр биргелешип ишке ашыруучу жаңы идеяларды сунушташат, сунуштан баш тартпаңыз, пайдасы зор болот. Ар бир мүнөтүңүздү баалап жашаңыз, убакытты жана артыкчылыктарды туура башкаруу жөндөмүнө ээ болсоңуз кыйынчылыктардан оңой чыга аласыз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Cүйүү мамилесин куруу үчүн эң сонун мезгил. Мырзалар сизди жинди болуп калгыча сүйүүгө даяр. Сиздеги сүйүү энергиясы өз ыргагынан ашыкча иштеп, баарына сүйкүмдүү көрүнүп жаткан убагыңыз. Андыктан мүмкүнчүлүктү пайдаланып калыңыз. Мырзалардын жумушка гана көңүл буруп, үй-бүлө мүчөлөрүн экинчи планга калтырганы жакындарына жакпай калышы мүмкүн. Андыктан жакындарыңыз менен келишип, эки тарапка тең зыяны тийбегидей чечимди кабыл алыңыз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Ички дүйнөңүз туруксуз болгонуна карабастан өз кесибиңизде жаңы бийиктиктерге жетип, жаңы достор менен мамилени чыңдап, ал тургай каржылык абалыңызды жакшыртып аласыз. Ийгиликке жетчү жолуңуз узак жана татаал болот. Үй-бүлөдөгү милдеттерди, жоопкерчиликти тең бөлүштүрүп аткарыңыз. Бойдоктор сүйүүсүн билдирүүдө биринчи кадам жасашканы жакшы. Мейли, сезимдериңизге жооп болобу же жокпу, ал адам сүйөрүңүздү билип алганы туура.

 

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Келбетиңизге кам көрүп, машыгуу залына жазылып, туура тамактанууга өтүүнү баштаңыз. Келбетиңизди гана эмес, ойлоруңузду, жашоодогу баалуулуктарыңызды гармонияга келтириңиз. Аптада алтынчы туюмуңузду, ички сезимдериңизди кунт коюп угуңуз, аны ээрчисеңиз сизди жаман жакка алып барбайт. Кайсы бир жагдайды өзгөртүү үчүн кескин чараларга барбай туруңуз. Бардык нерсени убакыт өзү калыбына келтирип коёт.

 

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Аптада көп адамдардан шекшип, күмөн ойлор менен тынчсызданасыз. Жадакалса жумушуңуздун маанилүүлүгүнөн жана карьералык өсүү мүмкүнчүлүгүнөн да шектенесиз. Кырдаалды сергек карап, жаман ойлорду кууганга аракет кылыңыз. Сүйүүдө жакын адамыңыздын колдоосу гана сизди оор абалдан чыгара алат. Балалуу текечерлер, балдардын кызыгуусун, эмнени каалап жатканын угуп, кулак сыртынан кетирбегенге аракет кылышы шарт.

 

Суу куяр
(21.01–19.02)

Кызматтан көтөрүлүүгө, орчундуу маселени бүтүрүүгө ылайыктуу убакыт. Бул мезгил абдан энергияңызды сорот, андыктан алдын ала энергия ресурсуңузду толтуруп алыңыз. Жумуш ордун которууну пландап жаткандар аракетин эртерээк башташы керек. Жеке мамиледе кызыктуу сүйүү романы күтөт. Бул мамиле сизди 180 градуска өзгөртүшү мүмкүн, айрым учурда өзүңүздү өзүңүз тааныбай калган учурга жетесиз. Өзгөрүүлөр жакшы жагына болот.

 

Балык
(20.02–20.03)

Конуш которуу, же бир батирден экинчи батирге көчүүнү пландагандардын шартын жакшыртууга жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар. Айымдарга үйлөнүү тууралуу сунуш түшүшү мүмкүн. Бирок ага сезимдериңиз анчалык күчтүү болбосо жөн эле үмүт бербей, өз учурунда “жок” деп айтыңыз. Жаңы кесипти өздөштүргүсү келип жаткандар окуусун ушул апта баштаса, жакшы жыйынтыктарга жетишет. Бизнес чөйрөсүндөгү  жаңы таанышуулар романтикага айланып кетиши мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1114, 12-18-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан