НИКЕ КҮБӨЛҮГҮ ЖОК ЖУБАЙЛАРГА МОЛДО НИКЕ КЫЯ АЛБАЙТ. Үй-бүлө кодекси өзгөртүлүүдө

Кыргыздын Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, жарандык абалдын актыларын каттоо органынан (ЗАГС) каттоодон өтпөгөн, тагыраагы, нике күбөлүгү жок түгөйлөргө молдолор нике кыйбашы керек деген талап коюлуп жатат. Учурда коомдук талкууда турган мыйзам долбоору коомчулукту кайдыгер калтырган жок. Колдогондор жана каршылар болуп эки жээкте талкуу кызып жаткан учур. Демилгенин автору болгон Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мыйзамдагы бул өзгөртүү үй-бүлө институтун бекемдейт, мырзалардын жоопкерчилигин күчөтөт, балдардын укугун коргойт деген позицияда. 

 

Айнуру Алтыбаева, экс-депутат: “Диний нике аялдын укугун мыйзамчалык коргобойт”

- 2012-жылы мен парламенттин 5-чакырылышынын депутаты болуп турганда никеси расмий катталбаган түгөйлөргө молдолордун нике кыюусуна тыюу салуу демилгесин көтөрүп, депутаттар колдобой коюшкан. Ошол кезде ала качуулар аябай көп катталып, кызды ала качып барышып, молдо чакырып зордоп нике кыйып койгон фактылар кездешкен. Бул мыйзам долбоорун сунуштоонун алдында ИИМ, бейөкмөт уюмдар, Социалдык камсыздоо министрлиги, айтор, бардык тиешелүү органдардан статистикалык маалыматтарды алганбыз. Расмий нике каттоосу жок курулган үй-бүлөлөрдө аялдар жана балдардын укуктары көп тебеленет. Анткени диний нике аял менен баланы мыйзамчалык коргобойт. 2016-жылы депутат Аида Салянованын демилгеси менен 18ге чыга элек кыздарды турмушка берүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык жашы жете элек кыздарды күйөөгө берген ата -эне жана нике кыйган молдолор 3 - 5 жылга абакка кесилишет. Эмне үчүн бул маселени министрлик кайра көтөрүп жатат? Демек, талап күчөдү. Көйгөй топтоло берсе акыры бир күнү жарылат да. Азыркы учурда ажырашуулар көп, алимент өндүрөйүн десе нике күбөлүгү жок, мүлк бөлүштүрөйүн десе да болбойт. 

Бакыт Тодогелдиев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Үй-бүлө жана балдарга карата кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы: “Бир жылда 13 миң бала атасыз төрөлдү”

– Азыр иштеп жаткан Үй-бүлө кодекси 2003-жылы жазылган. Учурда ага өзгөртүүлөрдү киргизгени жатабыз. Анда нике күбөлүгү жок жубайларга молдолордун нике кыйышына тыюу салуу нормасы бар. Биздин максат – үй-бүлө баалуулуктарын, үй-бүлө институтун бекемдөө. Азыркы кодексте күйөө менен аялдын ортосундагы мамилеге көп басым жасалып калгандыктан биз Балдар кодекси менен Үй-бүлө кодексин бириктирдик. Анткени бул институттар бири-бири менен тыгыз байланышта. Бала толук кандуу үй-бүлөдө, атанын да, эненин да мээримине тоюп чоңоюшу керек. Статистикага таянсак, 2023-жылы Кыргызстанда 13 000 бала атасыз төрөлгөн. Жылына 45 миң жуп баш кошсо, анын ар бир төртүнчүсү ажырашып жатат. Жалпы
88 000 баланын ата-энеси сыртта миграцияда жүрөт. Нике күбөлүгү жоктугунан ажырашкан соң мүлк бөлүштүрө албай, же балдарына алимент төлөтө албай жүргөн жалгыз бой энелер көп. Бизде азыр баш кошуу үчүн арыз жазып эле нике күбөлүгүн алып кете беришет да. Мындан ары үйлөнө турган жубайлар медициналык маалымкаттарын көрсөтсүн деп жатабыз. Анткени кандын резус-фактору бири-бирине туура келбегени үчүн балалуу боло албай ажырашкандар бар. Бири-биринин коркунучтуу ооруларын билбей баш кошуп алгандар да жок эмес. Диний негизде нике кыйып үйлөнүп, көп өтпөй талак берип ажырашып, эч кандай жоопкерчилик сезбей башкага үйлөнгөндөр көп болуп жатат. Ушундай көйгөйлөрдү чечүү, оор кесепеттердин алдын алуу үчүн кескин чараларга барышыбыз керек.

 Надира Нарматова, депутат: “Мурас бөлүштүрүүдө да адилетсиздик болууда”

– Үй-бүлө кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү колдойм. Азыр молдого нике кыйдырып 2-3 аял алып, аларды төрөтүп коюп таштап кеткен эркектер көп болууда. Жоопкерчилик сезбей жатышат. Ажырашууда никеси расмий катталган аялдын балдары гана мураска ээ болуп, калган аялдарынын балдары куру жалак калган учурлар бар. Айрым бардар, жоопкерчиликтүү аталар гана бардык балдарына тегиз карабаса, көбү төрөтүп коюп эле же үйдөн, же тарбиядан, же ата мээриминен жок бүлөсүн ай-талаага таштап кетип жатышат. Эркектин экинчи, үчүнчү, төртүнчү аялына нике кыя берген молдолордун да жоопкерчилиги каралышы керек.  

Гүлзат Абакирова, темага үндөш тагдыры бар жаран: “Ажырашуунун азабын аялдар менен балдар гана тартууда”

– Жолдошум Нуржанбек Үсөнөв менен 19 жыл чогуу жашап, эки ара жолго түшкөнбүз. 2017-жылы башка дагы аял алып, аны менен нике кыйдырып балалуу болгонун билип калганда ажырашкам. 19 жыл ичинде 3 балалуу болдук, чогуу бизнес түптөдүк. Ажырашканда таасирдүү тааныштарын ортого салып “биздин нике күбөлүк жасалма болчу, биз жарандык никеде жашаганбыз” деп чыкты. Экөөбүз чогуу түптөгөн бизнести, мүлктөрдү бөлүшпөө үчүн ушундай кылды. Биз соттошуп жатканда жанталашып мүлктөрдү туугандарынын атына каттатып жатты. Жакында экспертиза биздин нике күбөлүк эч кандай жасалма эмес экенин аныктады. Эми мүлк бөлүштүрүү процесси башталат. Буюрса, чогуу тапкан мүлкүбүз тең бөлүнөт деген ишеничтемин. Ооба, нике күбөлүгү бар жубайларга гана нике кыюуга молдолорду милдеттендирүү аракетин колдойм. Болбосо жашоодо ар кандай кырдаал болот экен, анын запкысын мага окшош аялдар менен балдар гана тартууда.

Марс Ибраев, диний ишмер: “Молдону жазалоо ыкмасы туура эмес”

– Нике – адал менен арамдын чек арасы. Эки жаш жакшы ниет менен эле үйлөнөт да. Эгер жубайлар ажырашып калса, динде эркектин моюнуна мамлекеттик мыйзамдарда жазылгандай эле чоң милдеттер жүктөлөт. Эркек үй-бүлөсүн багып, балдары чоңойгуча каралашып турууга, аялынын үлүшүн берүүгө милдеттүү.

Нике күбөлүгү жок нике кыюуга тыюу салуу маселеси боюнча, бул тыкыр талдоону талап кылган маселе. Эгер бул мыйзамды кабыл алабыз десе, муфтият ар бир нике кыйган молдону каттоого алышы зарыл, молдолор келген жаш жубайлардан маалым кат сурашы керек болот. Бизге көбү “азыр нике кыйдыра берели, кийинки айда расмий каттоодон өтөбүз ” деген толтура шылтоолорду айтып келишет. Мындан сырткары ал адам экинчи же үчүнчү аялына нике кыйдырып жатабы билбейсиң да. Сурасаң деле калп айтып койсочу? Бул жерде кылгылыкты кылган эки адам, анан эң мокочосу молдо болуп, жазага тартылып калбашы керек. Негизи эле молдону жазалоо ыкмасы туура эмес. Эгер бул  мыйзам кабыл алынып калса, анда көп молдолор нике кыюудан баш тартышат.

Элмурат Кочкор уулу, теолог: “Жоопкерчиликсиз эркектердин мурдунан куртун түшүрчү демилге”

– Чынында, тыюу салуулар менен көйгөй азайышы мүмкүн. Мен ушул сунушту колдойм. Менин оюмда никенин негизги философиясы эки тараптын бири-бири үчүн укуктук жоопкерчилик алышы, кепилдик берип антташуусу. Күбөлөрдүн функциясы да жөнөкөй эмес, эртең бирөөсү үй-бүлөсүн таштап басып кетем десе күбөлөр ортого түшүп калыс сөзүн айтышы керек. Илгери диний ишмерлер эле нике кыйып кепилдиктен өтүп коюшкан да. Андан бери канча заман алмашты, шарттар жакшырды дегендей, азыр мамлекеттик машина, систем иштейт. Молдолор берген кепилдикти мамлекет өзү деле берип иштетип жатат. Азыр никеге биринчи укуктук негизде кепилдик алып туруп, анан диний нике окутуш керек. Ошондо балдарды төрөтүп таштап кеткен, алимент төлөбөгөн, үй-бүлө үчүн жоопкерчилик албаган эркектердин бат эле мурдунан курту түшөт.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1114, 12-18-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан