Нуржигит Кадырбеков, депутат: “Майрам Акаеванын сөзү өмүр бою жүрөгүмдө калды”  

Бул жолу саясаттан четтеп, парламент депутаты, “Ыйман нуру” партиясынын лидери Нуржигит Кадырбековдун бейнесин ачып берүүгө аракет кылдык. Каарманыбыз чоң ата, чоң эненин тарбиясы, студент кезинде Майрам Акаева менен ак бийге түшкөнү, турмуштагы кызыктуу жолу тууралуу айтып берди.

“30 жыл жашасам да такыр шаардык боло албай койдум”

– Менин балалыгым Кара-Кулжа районунун Биринчи Май айылында өткөн. Айылда 17 жыл жашасам, калган 30 жылды шаарда жашадым. Бирок эч эле шаардык боло албай койдум. Шүгүр, ушул тагдырыма ыраазымын. Атам үйдүн кичүүсү болбосо да айылда чоң атам менен чоң энемди карап калган. Апам кайнене, кайнатага кызмат кылып, алардын батасын алган киши. Мен чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойдум. Байкасаңыз, ата-эне чоң ата менен чоң энечелик балага убакыт бөлүп, мээрим төгө албайт. Анткени алар иштеп, кечинде үйгө чарчап келишет. Ал эми пенсия курагындагы чоң атам менен чоң энемдин көз ачып көргөн эрмеги мен болчумун да. Ошого 6-7 жашыма чейин тамагыма нанды да алар туурап беришчү, оозу күйүп калбасын деп чайымды үйлөп муздатып беришер эле. Айтор, экөөнүн ортосунда эркелеп өстүм. Экөө тең энциклопедия сыяктуу, тарыхты, наркты, динди, айыл турмушун жакшы билген адамдар эле. Үйдө сыналгы жок болчу, таңдан кечке радио угат элек. Кийин өз ата-энемдикине сыналгысы болгон үчүн эле кетип калган экем азыр ойлоп көрсөм.

“Кыздардын бетинен өөп алып каччумун”

– Мектепте жакшы окудум. Апам мектеп директору болгондуктан да жакшы окууга милдеттүү элем. Бирок 1-2 жолу тентектик кылып агайдан жаакка жеген учурларым болгон. Негизи кайсы убакта шоктонушту билет элем, бирок бир жолкусунда агайыма кармалып калгам. Башталгыч класста абдан тентек болдум, мектепке кааласам барып, каалабасам барбайт элем. Кээде үй кийими менен мектепке бара берчүмүн, же тескерисинче, мектеп кийими менен үйдө жүрө берчүмүн. Бир жолу мектепке барбай жүргөн күндөрдүн биринде жолдо баратсам эжейим алдымдан чыгып калды. Баламын да, тиши ооруп жатат деп ойлосун деп тилим менен жаагымды томпойтуп алдым. Анан “саламатсызбы, эжеке” деп учурашсам томпойгон жаагым жок болуп кетсечи. Эжеке да билмексенге салып учурашып, күлүп-жайнап өтүп кетти. Мектепте чоң балдар чакырып, мактап “тиги кыздын бетинен өбө аласыңбы?” десе эле, чуркап барып кыздардын бетинен өөп качат элем. Ал кыздар ыйлаган бойдон калышчу (күлүп). Кийин олимпиадага катышканы Бишкекке келгем. Ал убакта Бишкекке барып келди деген Нью-Йоркко барып келди дегендей эле угулчу. Комуз чертип райондук, облустук, республикалык сынактарга да катышып сыналгыдан чыккам. Ошондо биздин район бир дүң болгон.

“Майрам Акаева менен бийге түшүп...”

– Билесизби, мен саясатка капысынан келбептирмин. 3-классымда эле Брежнев, Андропов, Горбачёв, Усубалиев, Масалиев тууралуу сүйлөчү экенмин. Муну кийин бир классташым айтып калды. Атам прораб, апам айыл өкмөттүн төрайымы болуп иштеп, айылдын интеллигенциялары эле да. Кичинемде экөөнүн “тиги министрге сөгүш бериптир, бул министр минтип айтыптыр” дегендерин угуп калчумун. “Сөгүш бериптир” дегенди мен элдин алдына чыгарып алып сөгөт турбайбы деп түшүнчүмүн, көрсө, эскертүү берүү тура. Университетте окуп жүргөндө студенттик уюмдун төрагасы болуп шайлангам, көп иш-чараларга барчубуз. Бир жолу ал кездеги президент Аскар Акаев менен аялы Майрам Акаева катышкан мааракеге студенттер менен барып калдым. Четте турсам эле Майрам Акаева мени вальска тартты. Экөөбүз бийледик, эжени айлантам деп сүрдөгөнүмдөн бутун да тебелеп алгам. Бирок анымды эч кимге билдирген жок. “Кандайсың, берекем, алтыным? Окууларың жакшыбы?” деп тим эле энелик мээримин төгүп сүйлөштү мени менен. Ошол үчүн Акаевдерди эл жаман көрсө да, мен такыр жаман көрө албай койдум. Анткени жан дүйнөңдө баары бир жакшы элестер калып калат экен.

“Министрлерди кекетип-мокото берүү жакпайт”

– Мен саясатчыдан мурун чыгармачыл адаммын. Билесиздер, Уинстон Черчилль "Нобель" сыйлыгын саясатчы болгон үчүн эмес, жазуучулук өнөрү үчүн алган. Саясат менен чыгармачылыкты чогуу алып кетүү мен үчүн кыйын эмес. Азыр саясатта жүрүп анын ички түзүлүшүн, ашканасын жакшы билип калбадымбы, жакшы саясий чыгарма жазсам болот. Министр болдум, министрдин орун басары болдум. Мен эмнеге парламентте министрлерге, өкмөт мүчөлөрүнө катуу тийбейм, кекетип-мокотпойм? Анткени өзүм маданият министри катары ошол жээкте иштегем. Кээде ичимден “тиги депутат маданияттын “Мсын” түшүнбөй туруп эмнени сүйлөп жатат” деп жиним келчү. Үйгө келсем бир туугандарым, аялым, апам “эй, тиги не деген депутат? Сага жөн эле асылып жатат го” деп таарынышчу. Министрлер деле акылдуу адамдар, каяша айтышса деле болот. Бирок анын кереги жок, алар парламентке маселе чечкени келди да, кайым айтышканы эмес. Өткөндө бир вице-премьер жөнүндө катуураак сүйлөп койгон элем. “Булар бетибизге түкүрүп кетишсе деле кызматтан алышкан жок, биз болсо депутаттарды четинен кетирип жатабыз, өзүбүздү коргобойлубу” деген мааниде болчу сөзүм. Ал вице-премьер менен жашыбыз тең. Мага “мен бетиңерге түкүргөн эмесмин” деген мааниде таарынычын СМС аркылуу жазып жөнөтүптүр. Бир аз ачуусу таркасын деп жооп берген жокмун. Кийин “мен өкмөттө, сен парламентте иштеп калганда ушул теманы уланталы” деп жазып жибердим. Ошол менен сөз бүттү. Ал өзүн менин ордума койсо абалды жакшы түшүнмөк.

“Фейктер деле тиричилик кылсын”

– Саясатка келгиче дарегиме позитивдүү сөздөр көп жазылчу. Кийин негатив жазгандар көбөйдү. Кээде ар бир видеомдун астына жамандап, сөгүп жазып кеткендер болот. Ошондо чын эле фейктердин армиясы бар экенине ынанасың. Убагында бир пайгамбар аябай ооручу экен, денеси курттап кеткиче ооруптур. Ошол пайгамбар денесинен бир курт түшүп калса алып кайра ордуна коюп койчу экен “бул дагы курттун ырыскысы” деп. Ошол сыңары фейктерге дагы ошондой эле мамиле кылыш керек. Мен аркылуу тиричилигин кыла берсин, жаман көрбөйм дедим. Бирок арам нерсе канды бузат. Жегенибиздин баары канга айланат эмеспи, ал кан жүрөктү айланат, анан жүрөктү карартып, катырат. Ошол үчүн ар бир мекендешим адал тамак менен тамактанса, балдарын адал эмгек менен бакса деген тилек.

“Ыйлабагандан Кудай сактасын”

– Эркек киши ыйлабаш керек дешет, ошол ыйлабагандан Кудай сактасын. Мен жакында эле кичи ажылык сапарынан келдим. Бир аалымыбыз “кичи ажылыкка спортчуларды ээрчитип келдим эле, эч эле көздөрүнөн жаш чыкпайт. Тобо кыл, Жараткандан тилен, суран, кечирим сура, ыйлап ал, болбосо азыр баарыңарды сабап ыйлатам” дептир. Анын сыңары азыр адамдар оңой менен ыйлабайт, эмнеге, анткени жүрөктөр катып калган. Ыйлоо бул жүрөктүн жумшактыгынын белгиси. Байдылда Сарногоевдин “ичип алып, апамды эстеп ыйладым” деген ыры бар. Мен кээде маркум атамдын жытын, айткан сөздөрүн, жүргөн-тургандарын эстеп ыйлап алам. Ыйлаганга көп себептер бар, Жараткандан башка эч ким билбей эле койсо деген күнөөлөрүң бар да, ошол үчүн кечирим сурап ыйласаң болот. Ыйлоо – бул алсыздык эмес, күчтүүлүк.

Лунара Бекиева        

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1114, 12-18-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан