Шоола (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Жанаттын мурунку аялын Шоола алыстан бир көргөн, азыр бетме-бет келгенде эмне кыларын билбей калды. Ажар эмнегедир бир көргөндө жагып калган. “Кызык, ушундай аялдан да эркек кетеби?” деп эрксизден ойлонуп кетти. Ажардын көзүнөн эле сабырдуу, акылдуулугу билинип турат. Адатта мындай жолугуулар ыр-чыр менен башталып, жулмалашмайга чейин барып бүтөт эмеспи. Эки аял бирин-бири жөн гана тиктеп турушту. Ажар ызаланып, айта турган сөздөрүнүн баарын айтып алайын деп келген эле. Шооланын бакырайган каректериндеги таптаза көз карашынан улам ызасы кайдадыр жоголуп кетти. Алдында күйөөсүн тартып алган аял эмес, эмне кыларын билбеген абалдагы бир жаш кыз тургандай.

– Кофе ичип жаткам, келиңиз, кофе ичесизби?- деди жумшак үн менен Шоола. Ажар башын ийкеди. Экөө кофе ичип унчукпай отурушту.

– Кечириңиз мени,- деди Шоола биринчи үн катып. – Мындай болуп кетет деп ойлогон эмесмин. Баары тез болуп кетти.

Чын эле тез болуп кетти баары. Эч ким акыл калчаганга үлгүрбөй калды. Ажар өкүнүчтүү үн катты.

– Мен бул жакка сага толтура сөздөрдү айтам деп келгем. Азыр ойлосом, баары маанисиз экен. Кечээ эле сеники болгон адам, бүгүн карасаң чоочун, башка бир адамдын жолдошу. Менин сага айта турган эч нерсем деле жок экен азыр айтайын десем. Болгону Жанат экөөбүздүн балабыз ойлондурат. Айдар азыр кичине, эч нерсени билбейт. Атасын күтүп жүрөт. Ата менен баланын мамилесин бузба. Сүйүү болсо болгондур, бирок аталык да эң маанилүү нерсе экенин Жанатка айтып кой.

– Атаны сагынуу кандай экенин мен жакшы билем. Жылдар бою мен да атамды күтүп жашадым. Ата кандай болсо да ата. Анын ордун толтуруш мүмкүн эмес.

Ажар Шооланы дагы бир жолу жакшылап карап алды. Мындай адамдарды душман кылуу же жаман көрүү мүмкүн эместей. Оюнда кылтыңдаган, азгырыктуу кыз деп ойлогон,  алдында 17 жаштагыдай уялчаак, таза, өзүн күнөөлүү сезген бирөө турду. “Жанат эмнеге бул кыз деп акылын жоготконун эми түшүндүм” деди ичинен Ажар. Кофесин ичип, сылык коштошуп чыгып кетти. Басып баратып жылмайып алды. Тагдыр деген аябай кызыктуу нерсе, жана эле урушуп, жемелеп салгысы келген адамды жарым сааттын ичинде кечирип, андан да кызыгы – аны аяп кетип баратты.

ххх

– Баягы кызды айтчы, Канатка ылайыктуу деп жатпадың беле?- деди Канаттын апасы таежесине телефон чалып.

– Эмне болду?

– Канат сизге жакса карап көрөйүн деди.

– Оозуңа май, сонун болгон турбайбы. Ал кыз да Канат иштеген жакта иштейт. Мугалим, шартылдаган, тың, жашоонун күнгөй-тескейин жакшы билген түшүнүктүү кыз.

– Эмнеден сабак берет?

– Гимнастикадан беле, ушундай иши кылып... Мен телефонун берейин, Канатка берсең өздөрү сүйлөшүп алышат да.

Апасы кыздын телефон номерин алып ойлонуп калды. Чындап эле бири-бирине жагып калса кандай жакшы болмок.

ххх

Канат балдарды машыктырып залда жүргөн. Сыртка чыгып бара жатып Жанат келгенин байкады. Машинесине жөлөнүп, аны күтүп тургандай. Тойдон бери көрө элек болчу.

– Салам!- деп эч нерсе болбогондой жадырап карап.

– Салам!

Жанат күлүмсүрөп алик алды. Канатты сагынганын сезди. Анын ушундай жадыраган кабагын, жардамга дилгир жүрөгүн, өзүнө болгон жылуу мамилесин сагынган экен.

– Ии, кайсы шамал айдап келип калдың?

– Сени сагындым, уулумду сагындым. Ага белек алгам, бирок жалгыз барып жолуккандан эмнегедир тартындым. Сени менен барсам жакшы кабыл алабы деп ойлоп кеттим. Сенин күндө аны бала бакчадан алганы барарыңды билем.

– Ооба, көп учурда мен алам бакчадан. Апасы ишин кылып алсын деп үйгө да көбүрөөк алып кетем. Атам байкуш небересин көргөндө бир башкача сүйүнөт. Жүрү анда, атакеси,- деди жылмайган  Канат.

Экөө чыгып Жанаттын машинесине отурушту.

– Бир ай өттү тойдон бери. Атам менен апам мага бир да телефон чалып коюшкан жок го. Дагы деле мага таарынып жатышабы?

– Сен эмнеге чалбайсың?

– Билбейм...

– Жанат, атам оорулуу, апам аны багам деп жандалбастап анын деле акыбалы жакшы эмес. Сен ушул нерсени такыр түшүнө албадың. Дагы деле аларды мурункудай көрүп жатасың. Карып калышты, ооруп жатышат. Алар биринчи сенден кадам күтүшөт. А сен дагы деле кичине кезиңдегидей аларды күнөөлөйсүң. Балким, сага карата атамдын күнөөсү бардыр. Бирок сен эми чоң адамсың, өзүң атасың. Балким, сен дагы атабыз кылган адилетсиздикти балаңа кылып жатасың.

– Мен уулума кол көтөргөн эмесмин.

– Кол көтөрүү физикалык түрдө эле болот дейсиңби, баланын жан дүйнөсүн аны жакшы көрбөй, ага ишенбей, аны жалгыз калтырып да жаралап алышың мүмкүн. Сен атамдын жолу менен кетпе. Сен мээримдүү бол, ата-энеңе да, балаңа да. Балким, өзүңө да.

Жанат үн каткан жок. Бакчага жетишти. Кичинекей Айдар Канатты көрүп бактылуу жылмайып алды да, атасын көргөндө бултуюп ары бурулуп кетти. Жанаттын жүрөгү кысыла түштү.

– Айдар, атаң келди. Белек алып келди.

– Кетсин, кереги жок!- деген бала тултуюп ары бурулду. Канат аны бооруна кыса кулагына бир нерселерди айтып жатты. Кунт коюп угуп туруп, бир кезде  башын ийкеп макул болгондой болду. Жанаттын жанына келди.

– Кечир мени, уулум.

Жанат кичинекей баланы кучактап ыйлагысы келип кетти. Канат менен уулун тамактанууга алып барып, өткөн-кеткендерди сүйлөшүп отурушту.

– Баса, жакында жеңелүү болуп калышың ыктымал,- деди Канат.

– Оо, сонун! Кут болсун! Ким экен ал?

– Азырынча өзүм деле билбейм. Бирок апама жагыптыр, таежем экөө сүйлөшүп келишиптир. Жакшы кыз дешти.

Жанат көз айнегин ылдый түшүрө агасын таң кала карап калды.

– Эй, стоп! Сенин көздөп жүргөн адамың жокпу ушуга чейин?

– Үйлөнөм деп ойлогон эмесмин. Көздөштүн деле кереги жок эле да. Азыр шашылыш болгон үчүн...

– Эмнеге шашылыш?

– Апам үй жумуштарынан кыйналып калды. Атамды билесиң, мурун эле бир көк бет адам эле, азыр такыр эле болбой калды. Аны жебейм, муну ичпейм дей берип кууратат. Жок дегенде аларга тамагын ырастап бере турган адам керек болуп жатпайбы.

Жанат күлүп жиберди.

– Сен соо элесиңби? Катын албай эле кызматчы алганы жатасыңбы? А көңүл деген кайда калат? Мен сенден муну күткөн эмесмин.

– Өзүм деле өзүмдөн күткөн эмесмин. Эми таанышабыз, сүйлөшөбүз дегендей. Ала качып алып жаткан жокмун да.

ххх

Шоола үйдөн сыртка көп чыкпай калды. Иштен да эс алуу алган. Турмушка чыккандан кийин түнт болуп кетти. Жанат сабыр менен күтүп жүрдү. Өзү конок бөлмөдө жатып, уктоочу бөлмөнү Шоолага берген. Бирок канча аракет кылбасын, кандай укмуш жерлерге алып барбасын Шооланын жүзүн жадырата албады. Бүгүн Канат жана уулу менен жолугуп кабагы ачылып келди. Шооланы көрүп бактылуу жылмайды.

– Эмне болду, аябай бактылуусуң го.

– Уулума жолугуп келдим. Аябай сагынып калыпмын. Чоңоюп калыптыр. Буюрса, эмки жумада биздин үйгө алып келейин, ээ?

Шоола ийинин куушура берди.

– Сен эмне каршысыңбы?

– Жок, эмнеге каршы болмок элем, сенин үйүң, сенин уулуң.

– А сен менин аялымсың!- деди кыжырланып кеткен Жанат...

 

 (Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1114, 12-18-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан