Саясат жаңылыктары

Өлкөдө канаттуулардын 57 түрү жок болуп кетүү коркунучунда турат 

Кыргызстанда канаттуулардын 57, сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрү жок болуп кетүү коркунучунда турат. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин билдиришинче, Кызыл китепке киргизүү үчүн сойлоп жүрүүчүлөрдүн 8, балыктын 7, муунак буттуулардын 18, өсүмдүк жана козу карындардын 89 түрү каттоого алынган.

Кыргызстандын аянты кичине болгону менен (планетадагы жалпы кургактыктын 0,13 пайызын түзөт) анда өсүмдүктөрдүн бардык түрүнүн 2 пайызы, жаныбарлардын 3 пайыздан ашыгы кездешет. Өлкөдө өсүмдүк жана жаныбарлардын 26 500 түрү бар деп айтылат. Бирок азыркы тапта аларды коргоо муктаждыгы күчөгөнүн билдирет министрлик.

– Адамдардын айынан көптөгөн түрлөр жок болуп кеткен. Калгандары коркунуч алдында турат, саны тынымсыз азайып баратат. Мисалы, жолборс, кызыл карышкыр жана бизон сыяктуулардын 3 түрү жок болуп кеткен. Корголуучу аймактардын санын көбөйтүү боюнча чаралар, биологиялык ар түрдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча программалар иштелип чыгууга тийиш,- деп билдирди аталган министрлик.

Айта кетсек, Кыргызстанда жапайы жаныбарларды атууга мораторий жарыялоо сунушу көптөн бери колдоо таппай келет. Мисалы, 2017 жана 2019-жылы Эмил Токтошев баштаган парламент депутаттары жаныбарларды атууга 10 жылга тыюу салууну сунуштап, эки жолу тең колдоо таппай калган. Демилгечилер аркар, кулжа, эчки, теке, элик, бугу, марал жана каманды атууга тыюу салууну сунушташкан эле.

Көпчүлүк депутаттар жана өкмөт жетекчилиги “бюджетке киреше түшпөй калат” деген шылтоо менен демилгеге каршы чыгышканы көпчүлүктүн эсинде. Экологдор мыйзамдын өтпөй жатышын чиновниктердин кызыкчылыгы менен байланыштырышат. Анткени айрым аткаминерлердин аңчылык бизнеси менен алектенген фирмалары бар, жаныбарларды атууга мораторий киргизилсе ал фирмалар кирешеден куру калышат деген пикирлер айтылып келе жатат.

Жогоруда аталган министрликтин маалыматы Кыргызстанда аңчылыкка тыюу салуу демилгесин кайрадан көтөрүү зарылдыгы бар экенин айгинелеп турат.

 

Нурлан Шакиев: “Балдарга кыргызча ат коюш керек, бүт арабча болуп кетти”

Парламент төрагасы Нурлан Шакиев депутаттарды кыргызча сүйлөөгө чакырды. Жогорку Кеңештин 11-апрелдеги жыйынында “Адал индустриясы жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жатканда спикер кесиптештеринин сөзүн оңдоду.

- Халал эмес, адал. Кыргызча эле айталычы. Кыргыздын бүт сөздөрүн арабдаштырып же орусчалап өзгөртүп жибердик. Адамга ат койгондо дагы арабча болуп баратат көбүнчө. Кыргыздын бир жакшынакай ысымдары бар да. Мисалы, Бакыт, Таалай, Элмурза, Улукбек, Балбак, Чолпон, Жылдыз, Нурбек, Акылбек. Ушундай сонун аттар турса, эмне үчүн арабча же башка тилде коюшубуз керек. Бул абдан маани бере турган маселе. Эгер нукура кыргызча аттарды койбосок, анда тилибиз жоголуп баратканы аз келгенсип кыргыздын аты да жоголуп кетет – деди Шакиев.

Спикер ошондой эле кичинекей балдардын тили кыргызча чыкпай жатканын, анткени телефондон жалаң башка тилдин мультфильмдерин көрүп жатканын кошумчалады.

- Керек болсо ошолордун баарын өчүрүп, блоктоп, кыргызчалаш керек. Болбосо кыргыз тили жоголот.

Алымкадыр Бейшеналиев: “Депутат башка эле аялды Бейшеналиевдин аялы деп калп маалымат таратып жатат”

Буга чейин интернет желесине “министр Алымкадыр Бейшеналиевге таандык автоунаалар” делип бир нече автоунаалардын сүрөттөрү тараган. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган маалымат калп экенин айтып “мунун артында депутат Жусупбек Коргонбай уулу турат” деп комментарий берди.

- Депутат Жусупбек Коргонбай уулу тараткан маалымат интернет желесине жарыяланып, Бейшеналиевдин көп унаасы бар экен деп талкууланып жатат. Маалыматта Кулматова Гүлнара Ренатовна Бейшеналиевдин жубайы, ага көп автоунаа катталган дептир. Ал менин аялым эмес. Менин аялым Кулматова Замира Марленовна, анын наамында 2002-жылы чыгарылган бир унаа бар. Эл өкүлү жалган маалымат таратып, башка эле адамды менин аялым кылып салганы абдан осол иш. Ал эми жубайым рак илдетине чалдыгып, Түркияда 9 ай дарыланганын мурда айттым эле. Учурда Орусияда химия алып жатат. Интернетке тараган жалган маалыматтар оорулуу адамга абдан терс таасирин тийгизет экен – деди министр Бейшеналиев.

Эскерте кетсек, аталган депутат менен министрдин тиреши боюнча өткөн аптада президент Садыр Жапаров да комментарий берип, Бейшеналиевди “коррупция менен күрөшүп жаткан министр” деп атаган.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1114, 12-18-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан