Кооз аралдар, императорлордун ак сарайлары, байыркы архитектуралык турак жайлар, деңиз жээги, керемет жаратылышы менен адамды өзүнө тарткан Вьетнам. Кылымдарды карыткан тарыхы бар бул мамлекетке агылган туристтердин саны жылдан жылга көбөйүп бара жатат. Азиянын дагы бир сырдуу, сыйкырдуу мамлекети Вьетнам жөнүндө сөз кылалы.
Эгемендүүлүк алган күнү (Франциядан) – 1954-жыл, 21-июль
Башкаруу формасы – бир партиялуу социалисттик парламенттик республика
Президенти – Во Ван Тхыонг
Борбор шаары – Ханой
Тили – вьетнам (англис, француз, кытай тилдери да жайылган)
Валютасы – донг
Аянты – 331 210 чакырым2
Калкынын саны – 100 195 275 (2023-жылдын эсеби менен)
Этникалык курамы – вьеттер 85,7 пайыз, тай – 1,9 пайыз, тхай – 1,8 пайыз, мыонгдор – 1,5 пайыз, кмер – 1,5 пайыз, мяо – 1,2 пайыз, нунг – 1,1 жана башка улуттар
Дини – ислам,буддизм, христиан, хоа-хао, каодай жана башка
Жайгашкан орду
Вьетнам Түштүк-Чыгыш-Азиядагы Индокытай жарым аралында жайгашкан. Батышынан Лаос жана Камбоджа, түндүгүнөн Кытай мамлекеттери менен чектешкен, ал эми чыгыш-түштүгүнөн Түштүк-Кытай деңизи менен курчалып турат.
Этимологиясы
Өлкөнүн аталышы эки сөздөн турат: «Viеt» — вьет улуту, а «Nam» — түштүк деген маанини камтыйт. Түштүктүк вьеттер дегенди бириктирип, Вьетнам Республикасынын аталышы келип чыккан. Ага чейин Аннам, Тонкин деген аталыштагы колониялар эле. Мамлекетти болсо Франция 1949-жылы негиздеп, Француз Союзунун бир бөлүгү катары атаган. 1950-жылы Вьетнам эл аралык аталышка ээ болуп, башчылыгына император Бао Дай келген. 1954-жылы эгемендик алып, Бао Дай куулгандан кийин премьер-министрлик кызматка Нго Динь Зьем бекитилген. 1955-жылкы референдумдан кийин Вьетнам Республикасынын биринчи президенти катары Нго Динь Зьемдин аты калды.
Географиясы
Вьетнамдын аймагынын дээрлик 80 пайызы тоолордон турат. Түштүк-Чыгыш-Азиядагы эң ири эки дарыя: Хонгха менен Меконг Вьетнамдан сапарын карытып, Түштүк-Кытай деңизине кошулуп кетишет. Андан сырткары өлкөдөгү майда дарыялардын саны 2360 деп саналат.
Аба ырайы
Түндүк Вьетнам менен Түштүк Вьетнамдын аба ырайы өзгөчөлөнүп турат. Түндүктүн мелүүн, өзгөрүлмө, тропикалык климаты бар, ноябрдан апрелге чейин салкын мезгил жана майдан октябрга чейин ысык мезгил. Түштүк Вьетнамда тропикалык климат: жыл бою жылуу же өтө ысык аба ырайы, ноябрдан январга чейин салкыныраак, февралдан майга чейин ысык, майдан октябрга чейин жаанчыл мезгил. Жаан-чачын мезгилинде деңиз жээгинде күчтүү тайфундар болуп, суу ташкындары жүрүп турат.
Экономикасы
Вьетнам – 1990-жылдан баштап экономикалык жактан өнүгүү жолуна түшкөн мамлекет. Жаратылыш ресурстары: фосфат, көмүр, марганец, боксит, хромит, деңиздеги мунай жана газ кендери, жыгач, гидроэнергетикасы бар.
Өнөр жайы: уюлдук телефондор, турмуш-тиричиликке керектүү электроника, компьютердик тетиктер жана айыл чарба техникаларын чыгарышат, кийим, бут кийим, мунай өндүрүү, кеме куруу тармагы да өнүккөн.
Айыл чарбасында өлкөдөгү жумушчулардын 52 пайызы иштейт – күрүч, кофе, резина чыгаруу, пахта, чай (жалпы чай өстүрүүчү аянты 131 миң гектарга жакын, чайдын 70 пайызы экспортко кетип, жылына 150 миллион доллар киреше түшөт), калемпир, соя, кешью, кант камышы, арахис, банан өндүрүлөт. Андан сырткары канаттуулар багылат, балык жана деңиз азыктарын кармоо, сатуу менен алектенишет. Эл аралык кофе уюму билдиргендей, Вьетнам 2012-жылдын биринчи жарымында кофе өндүрүү боюнча Бразилиядан 13 пайызга ашып, тарыхта биринчи жолу дүйнөнүн эң чоң кофе экспорттоочусу болгон.
Кедейчилик
Өнүгүп жаткан мамлекет экенине карабай, элинин көбү кедейчиликте жашашат. Коом экиге бөлүнгөн, өтө бай жана өтө кедей болуп. Көбүнчө суу транспорту колдонулат, кургакта асфальт төшөлгөн жолдор аз, шоссе же тапталган топурак жолдор менен басышат. Кедейчилик өкүм сүргөнүнө жараша тамак-аш, кийим-кече, транспорт акысы дегендер дээрлик арзан, мейманканалар да башка мамлекеттерге салыштырмалуу аз акы алышат. Мындай арзанчылык чет элдик эс алуучуларга майдай жагат. Тамак-аш менюсунда негизги тамак – күрүч. Күрүчтү эң көп колдонгондордун жана экспорттогондордун арасына Вьетнам да кирет. Андан сырткары соя, жашылча-жемиштин түрүн жешет. Эт азыктарынан чочко, канаттуулардын эти, деңиз азыктары колдонулат. Уй, кой эттери сейрек желет. Экзотикалык деликатес жейм десеңиз бака, жылан, жарганат, крокодил, таш бака, кийиктин эти да бар. Эң уулуу делген жыландарды спирт ичимдиктерине салып коюшат. Убактысы келгенде ачылат, мындай шарап адамдын өмүрүн узартат дешет. Жыландын уусу спирт менен айкалышканда таасири жоголот делет.
Туристтерге шпаргалка
* Вьетнам туристтер үчүн эң мыкты жай. 1-арзан, 2-укмуштай кооз жайлары көп. Бирок бул мамлекетке жетиш үчүн жол кире кымбатка түшүп калат. Кыргызстандыктар Вьетнамда визасы жок 30 күнгө чейин жүрө алышат.
* 54төн ашык этникалык улуттар жашайт. Ар бир улуттун маданияты, салт-санаасы, тарыхы, майрамдары бар. Андыктан жаңычылдык издегендер үчүн мыкты жай.
* Сууга тиешелүү оюн-зоок, эс алуучу ыкмалардын баары бар. Дайвинг, балык уулоо, флора-фауна жана башкалар сиз үчүн. Тоого чыгам десеңиз, бийик-жапыз тоолор, үңкүрдүн түрлөрүн (дүйнөдөгү эң чоң жана эң узун үңкүрлөр Шондонг, Тхьендонг) көрөсүз. Храм, чиркөө, ак сарай жана башка кооз архитектуралар менен таанышасыз. Албетте, Кыргызстанда жок жаныбар, өсүмдүк, жашылча-жемиштерди да көрүп келсеңиз болот.
* Кинодогудай кооз аралдарды көрөм дегендер Вьетнамга келиши керек.
* Акча бирдиги донг кагаздан эмес, пластиктен жасалат. Кыргыздын 1 сому – 277 донгго барабар.
* Жунглилери эң кооптуу аймактар. Андыктан даярдыксыз жана жергиликтүүлөрдүн коштоосу жок жунглиге баш бакпаш керек.
* Коопсуздук чаралары анча эмес. Уурулук күч. Андыктан акчаңызды жаныңызга алып жүрүңүз, баарын бир чөнтөккө эмес, бөлүп ар кайсыга салган туура. Бирин уурдатсаңыз, экинчиси калат дегендей.
Вьетнамга барганда эмне кылбаш керек?
- Бирөөнүн башынан кармабаш керек. Жергиликтүүлөр бул кыймылды коркутуу катары кабыл алышат, алардын ишеними боюнча адамдын руханий жаны башта болуп эсептелет.
- Меймандос эл, келгендерге болгон тамагын бергенге шашышат. Бирок аларды таарынтып албас үчүн эмне тамак берсе да жешиң керек.
- Бүт дүйнө жүзүндө биринчи сый мамиле – жылмаюу болсо, Вьетнамда кармалоо. Өзгөчө айымдар башка айымды сыйлаганын билдирүү үчүн анын чачын кармалайт, өрүп бериши мүмкүн, тарайт же ак чачтарын жулуп берет. Эгер баш тартсаңыз, кемсинтүү катары кабыл алышат.
Асыл Орозбекова