Бул ырчынын ырлары эл оозунда, угарманы көп. Жаш ырчылар жаңылап ырдап чыгышууда, демек, өмүрү узун ырлары бар. Өзгөчөлүгү – ырларынын сөзүн да, обонун да өзү жазат. “Автор жана ырлары” рубрикабызда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Гүлжигит Сатыбековдун чыгармаларынын таржымалына сапар алабыз.
«Ажырашкандан кийин баламды сагынып «Балама» ырын жазгам»
– Чыгармачылыкта мага белгилүүлүк алып келген ырлардын бири – бул “Айбийке” чыгармасы. Муну 2006-жылы жаздырып, 2007-жылы жарыкка чыкты. Андан кийин “Досторго”, “Таенеме”, “Коштошуу”, “Көз жаш” сыяктуу ырларды жаздым. Булар эми чыгарма, ар биринин чоң тарыхы бар десем аша чапкан болом. Балким, ошол убактагы ажырашуулар, жашоомдогу өйдө-ылдый учурлар себеп болгондур.
“Балама” деген ырым 2009-жылы жазылды. Тагдыр ушундай экен, жубайым экөөбүз эки жолго түшкөндө балам келинчегим менен кеткен, ошондо сагынычтан улам жазылган чыгарма. Муну жашоомдон алынган десек болот. Ал балам азыр 19га чыгып калды. Алгач бөлөмө угуздум. Ал да турмуштан ажырашып жүргөн кези, кайра-кайра угуп, жакшы кабыл алган.
«Коштошууну» бир киши ыйлап отуруп укчу»
– 2007-жылы Бишкекте Жумушчулар шаарчасында батирде жашайт элем. Үйдө ойлонуп отурганымда кайрыктар келип, “Коштошуу” ыры жаралды. Булар эми жаңы ажырашкан учурдагы ырлар, балким, ошол нерсе жан дүйнөмө таасир этсе керек. “Дартыңды сөз менен айта албасаң, ыр менен айтасың” дегендей, ажырашуунун чыгармаларга кандайдыр бир таасири тийди. Жараткан соң алгач аккордеон менен ырдап, досумдун кол телефонуна диктофонго жаздырганбыз. Ал кезде аранжировка жасаткыча диктофонго жаздырып алып кайталап укчубуз. Досум ошондо “ушул ыр хит болот” дей берчү. Анын мындай сөзү мага шык берчү.
Бул ырды биринчи жолу Каракол шаарында, Сыймык Бейшекеев агабыздын концертинде чоң сахнада ырдадым. Караколго баратканда жолдо ырчы, обончу Таалай Турдубаев “бир жакшы ыр чыгыптыр, Нарынбек ырдаган окшойт, кайрыктарын жакшы эстей албай жатам” деп жаткан. Ырдап бүтүп, сахнанын артына өтсөм “мен айткан ыр ушул болчу” деп күлүп жатпайбы. Көрсө, жолдо менин ырым тууралуу сөз болуп келген экен.
Клибин ыраматылык Камат Касенов тарткан. Бир жолу кумар оюндарын ойногон кишини көрүп калгам. Жаман жолго түшүп, үй-бүлөсү менен ажырашып жаткан эле. Башкаларга сабак болсун деп “Коштошуунун” клибинде ушул теманы чагылдырдык.
Бул ыр мага күйөрман топтоп, атактуулук алып келди. Ал кезде Ютуб деген жок, диск саткан балдар “сизге рахмат, ушул ырдын артынан көп киреше таптык” деп калышчу. Мен жараткан ырдын артынан башкалар пайда көрүп жатса, демек, менин элге тийгизген бир пайдам ушул. “Коштошуу” өзүнүн угармандарын тапты деп айта алам.
Угармандар тууралуу бир кызыктуу окуя айтып берейин. Такыр ыр жактырбаган акем бар эле, ошол киши “Коштошууну” кайра-кайра ырдатып укканы эсимде. Бир кездери жайкы кафеде иштеп калдым. Ошол кафеге бир киши дайыма келип, ушул ырды кайра-кайра буюртма берип уга турган, укканда да ыйлап укчу. Ошол кафеге жакын жерде жашачу окшойт, кетип жатып дагы 2-3 жолу ырдаганга буюртма берип кетчү. “Үйгө жеткиче угайын, үйгө жеткенде да ичкери кирбей угуп отурайын, дагы ырдап берчи ушуну” дечү.
«Мен сенден кетейинчи» ыры бир үй-бүлөнүн жашоосунан алынган»
– “Мен сенден кетейинчи” деген ырым 2010-жылы жазылган. Ошол жылы Ошто 2 айдай жашап калдым. Эргүүм күчөп, “Эми мага баары бир”, “Айзирек”, “Мен сенден кетейинчи”, “Махабатым”, “Агент”, “Туулган күн”, “Тико”, “Кара каш”, “Санат ыры” деген сыяктуу бир топ ырларым дал ошол кезде жаралды. Буларды “хит жараткан партия” десем болот.
“Мен сенден кетейинчи” ыры бир үй-бүлөнүн жашоосунан алынган чыгарма. Аялы менен күйөөсүнүн бири-бирине кылган мамилесин карап отуруп, “ушундай жашоонун эмне кереги бар? Андан көрө кетип эле калбайбы” деген ой келген. Ошондон улам “мен сенден кетейинчи” деген саптар жаралып жатпайбы. Бул ыр менен 2013-жылы “Жылдын супер ыры” наамын утуп алгам. Өзү кайгылуу болгону менен, жан дүйнөгө жакын чыгарма окшойт, көп суранышат.
«Сагынамды» депутат да ырдады»
– “Сагынам” деген ырым 2014-жылы жазылса керек, так эсимде жок. Ал убакта ырлар биринин артынан бири жаралып, көп ырлардын катарын толуктаган. Аранжировкасын Эдил Маматов жазган. Биринчи ырдаганда эле күйөрмандар жакшы кабыл алышты. Бул ырдын үстүнөн көп иштегем, өз күйөрмандарын таап, жакшы ыр болду. Өзүмө да жагат. Бул чыгарманы азыр Каныкей, Динара Тилекеева ырдап жүрөт, дагы башкалардын ырдаганын да угуп калам, депутат Тазабек Икрамов дагы ырдады. Телеканалдардын бириндеги “Кош жылдыз” берүүсүндө ушул ырды ырдаганын айтам. Негизгиси, угармандарга жакса, ырдын бир сабынан адам өзүн көрө алса, демек, ырларым максатына жетти.
«Москва» деген ырым мигранттардын гимни болуп калды»
– 2014-жылы болуш керек, Орусиянын Самара, Саратов, Москва шаарларына гастролдоп бардык. Бизди ал жакка чакырган кишилер кайра узатыш керек эле, бир батирге алып барып коюп кеткен бойдон жок. Эшикти сыртынан бекитип кеткен эле, телефон чалсам албайт. Ошондо балконго чыгып Москваны тиктеп отуруп “ана Москва, мына Москва” деген кайрыктар келди. Бир убакта батирдеги башка балдар келип кафеге алып барып курсагымды тойгузуп, алар да кайра үйгө жеткирип, эшикти сыртынан бекитип кетишти. Ошентип батирде камалып жатканда жаралган ыр. Андан мурун да Орусияга гастролдоп барганда бир батирде жашаган 20-30 кишинин арасында жатып калганбыз. Анын баарын эстедим. Ошентип Москвадан ушундай бир эргүү менен келдим да, дароо эле ушул ырды жаздым. Шыр жазылды, 1-2 саатта эле бүткөм.
Биринчи жолу, Бишкекте, аэропорт тараптагы айылдардын бирине концерт койгонбуз, ошол жерден ырдын бет ачарын кылгам. Отургандар жакшы кабыл алышкан, бир эмес, 2-3 жолу ырдап бердим, ошондо ырдын келечеги бар экенине ынангам.
“Москванын” аранжировкасын Ильяз Абдыразаков жасаган. Бул ыр жөнүндө угармандардан көп жакшы комментарийлерди уктум, Москвадагы мигранттардын гимни болуп калды. Ошон үчүн Москвага тез-тезден барып, бул ырды күйөрмандар менен чогуу ырдап турабыз. Көптөр “мурда жөн эле угуп жүрө бериптирбиз, Москвага келгенден кийин түшүнүп, маани берип угуп калдык” дешет. Бул ырга, тилекке каршы, клип тарта албадык. Угушумча, ушул ырымды да ыйлап уккандар бар экен.
Гулийпа Маметосмон кызы