Темирлан Сманбеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Айылда апамдын гана тандыры бар эле” 

“Адам канча жашка чыкса да апасы үчүн бала бойдон калат экен. “Бишкектен айылга жолго чыктым” дегенден баштап 87 жаштагы апам тынбай телефон чала берет” дейт каарманым. Белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков апасы тууралуу кызыктуу баян куруп берди. 

“Апам аристократтын урпагы”

– Апамдын аты Үлпөткан. Азыр 87 жашка келип калды, Кудайга шүгүр, күүлүү-күчтүү, ден соолугу мыкты. Апамды айтып берерден мурун, анын ата тегин да кеп кыла кетейин, кыргызда ата текке чоң маани берилет эмеспи. Апамдын чоң атасы Кетмен-Төбө өрөөнүн бийлеп турган Чапырашты бий болгон. Тарыхта калган кадимки Керимбай болуш андан акыл сурап келчү тура. Чапырашты атабыз Маргалаң, Андижанга ат менен барып, өз акчасына биз жакта сатылбаган мата, нават, момпосуйларды алып келип, элге таратып берчү деп калышат. “Тоолук апалар жакшы кийинсин, дасторконуна тамагы толуп турсун” дечү тура. Мына, ушундай ата теги мыкты инсандын урпагы апам. Таятабыз Түмөнбай да Ташкенттен билим алган сабаттуу, сот системинде иштеген киши болгон. 

“Айылдагылар апама нан жаптырып кетишчү”

– “Апам жапкан нанды сагынам” деген рубрикаңар жакшы экен. Андыктан апамдын наны тууралуу айтып кетпесем болбостур. Айылда биздин гана үйдө тандыр болор эле. Эмнеге дегенде апамдын апасы түштүктүн кызы болгон үчүн тандырга нан жаап көнүп калган экен, турмушка чыкканда атайын усталарга тандыр курдуруп алыптыр. Сүткө камыр жууруп, бетине сейдана чачып кыпкызыл кылып нан жапчу. Анын жыты буркурап айылга тарачу. Кызыгы, айылдагылар келип апама нан жаптырып кетчү, апамдын жаш кези болгон үчүн жок дебей баарына нан жаап бере берер эле (күлүп). Күч бизге эле түшчү, анткени тандырга отун издеп кетер элек. Ал эми жайлоого чыкканда арчанын дүмүрлөрүн алдырып, камырды катуу жууруп, арча отундун табына казансыз эле нан бышырчу. Эми даамы укмуш болчу. Ысык нанды каймакка аралаштырып берчү, анын даамы азыр да таңдайымда тургансыйт.  

“Көбүргөн кошуп айран ичирчү”

– Көбүргөн деген өсүмдүктү уксаңар керек. Апам айран уютуп, ошол көбүргөндөн терип келип айранга кошуп туруп бизге ичирчү. Бир жума башка тамак бербей, жалаң көбүргөн кошулган айран берчү. Бир жуманын ичинде бетибиз туптунук болуп чыга келчү, ошондо апам “эми организмиңер тазаланды” деп башка тамакка акырындан аралаштыра баштачу. Эч кандай билими жок туруп канды тазалоону кантип билип алганына таң калам. Ошентип ичеги карын, кан, бүт организм тазалангандан кийин энергиябыз ашып ташып, сулуу болуп чыга келчүбүз. 

“Балдарым келе жатат деп, кыбырап өзү тамак жасайт экен”

– Апам 9 бала төрөгөн, бирөө каза болуп калды. Сегиз бир тууганбыз, мен улуусумун. Апам үй кожойкеси болуп бала тарбиясына өмүрүн арнады, атам башкарма, агроном болуп эл кызматында жүрдү. Биз атамды чанда гана көрчүбүз, иши көптүгүнөн үйдө отурчу эмес. Ошондуктан апанын тарбиясын көбүрөөк алдык. Башында айткандай, апам аристократтын тукуму болгондуктан эч бир жаман сөз айта алчу эмес. Ушунчалык маданиятуу, сыпаа киши эле, бизди баскан-турганы менен эле тарбиялап койчу. Азыркыга чейин аябай токтоо мүнөзү бар. Кериле басканы, отурган-турганы, тамак ичкени деги бир көркөм. Аябай сулуу кемпир, сулуулугу азыркыга чейин сакталган.

Азыр “айылга баратабыз” деп телефон чалып койсок, байкушум кечке күтөт. Тынбай телефон чала берет “кайсы жерге жеттиңер?”  деп. 87ге чыкса да кыбырап, аны-муну жыйнап, айтор, үйгө кирбей сыртта балдарын күтүп жүрө берет. Келиндери “тамакты биз жасайлы” дешсе болбой, “балдарым менин тамагымды сагынды” деп өзү тамак жасайт экен кыбырап.

Бизде бир жакшы салтыбыз бар, бир жылда бир жолу апамдын жанына баарыбыз чогулабыз. Ар кимибиз ар кайсы жактан барып апамдын үйүн базар кылабыз. Андайда апам ушунчалык сүйүнөт. Төрт беш күн жанында болуп,  балдарыбызга апамдын акыл-насааттарын уктуруп келебиз. Анын айткандары турмуштун чоң сабактары. Мен үчүн апамдын жанында өткөн ошол күндөр эң чоң бакыт. Дүйнөдө эмне болуп жатканын унутуп, менин ааламым   апамдын алаканыда тургандай бир сезим болот.

“Апамдын жакында берген белеги мени абдан толкундантты”

– Москвада актёрлукту окуп жүргөндө окуудан тышкары иштечүмүн. Каникулга келе жатканда апама белек катары Оренбургдун тыбыт жоолугун ала келчүмүн. Үлпүлдөгөн жумшак тыбыт жоолуктар ал кезде мода эле. Апам аябай сүйүнүп калчу. Ар бир келгенимде ар түсүнөн алам, аларды апам ушул кезге чейин сактап, салынып келет.

Апам жакында мага унутулгус белек тартуулады. Менин Шавкат деген таякем бар, учурда 90 жашка чыгып калса да күүлүү-күчтүү. Ошонун бир күмүш идиши бар экен, таякем аны менен суу, жарма ичип жүрүптүр. Мурунтадан келе жаткан чыныгы күмүш идиш окшойт. Апам ырым кылып, мага деп ошону сурап келиптир. Апанын тилеги ыйык да, мени да ошол жашка чыксын, ден соолугу мыкты болсун деп ойлогон окшойт. Аябай толкундандым. 

“Эрмитажга алпар деп мени таң калтырган”

– Мен койдун керчөөсүн жакшы көрөм да. Москвада окуп жүргөнүмдө апам кой союлса эле керчөөсүн алып куйкалап, туз сээп, унга катып койчу экен. Анан аны Москвага жөнөтөт, достор менен керчөө жеп эле жыргап калчубуз (күлүп). Москвада окуп жүргөндө апам менен атамды чакырып, көп жерлерге алып бардым. Оюмда баарын көрсөтүп бүттүм окшойт десем, апам айтып жатпайбы, “балам, Эрмитаж деген жер бар дейт, ошого алып барчы” деп. Таң калдым. Айылда жашаса андай жерлерди билбейт деп ойлогом да. Ошол музейге алпарсам кубанып, сүрөттөрдү көрүп көзү чачырайт десең.

Илгери азыркыдай муздаткыч болгон эмес да. Бирок азык-түлүктү сактоону аябай жакшы билчү. Бир да тамагы бузулуп кетпей көпкө жакшы сакталчу. Азыркы учурда айылда жашайт, күндө балдарына телефон чалып турат. Сөөгү таза адам эмеспи, сөзү, ден соолугу баары жайында. Ошонун өзү кут. Бактылуу карылыкта дагы көп жыл жашаса экен деп дуба кылып келем. 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1114, 12-18-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан