Каарманыбыз Раатбек Сатылганов “бул жашоодо акыйкаттык бар экенине ишенбей калдым” деп редакциябызга кайрылды. Айтымында, өкүл атасына алданып, 14 жылдык өмүрү текке кеткен. Калган сөздү өзү улантсын, окурман.
“Өкүл атаң болоюн деп өзү сунуштаган”
– Мен Токтогул районунан болом. Токтогулда Кубаныч деген колунда бар, бардар киши жашайт, аны токтогулдуктардын көбү тааныйт. Ошол кишинин колунда уйларын, жылкыларын, бал челектерин карап иштечүмүн. 2000-жылдан 2010-жылга чейин жакшы эле иштештик. Ай сайын айлыгымды берип турчу, экөөбүз жакшы санаалаш, ага-инилердей болуп жүргөнбүз. 2010-жылы үйлөнөм десем, “өкүл атаң болоюн” деп өзү сунуштап, макул болгом. Үйлөнгөнүмдө той-топурга кеткен каражаттын жарымын көтөргөн. Үйлөнүп, үй-бүлөм менен анын кыштоосунда жашап калдык. Аялым анын уйларын, бээлерин саачу, мен короо-жайларын иреттеп, малдарын бакчумун.
“Акыңды сураба, кетериңде үй алып берем деген”
– Эми кызылдай эле жамандагандай болбоюн. Албетте, өкүл атамдын үйүндө жашаганда жакшы күндөр да өттү. Ошол кыштоодон аялым экөөбүз 3 балалуу болдук, улуу балам учурда 13 жашта. Мурун айлык акымды үзбөй ай сайын берип турса, үйлөнгөнүмдөн кийин “мен өкүл атаңмын, өз атаңдай эле болуп калдым. Мамилебиз ата-баладай, мага ишен, менден акыңды сурабай эле кой, кийин кетип жатканыңда сага үй же жер тилкесин алып берем” деди. Анда мамилебиз абдан жакшы эле, өкүл атамдын ал убадасына ишенгем. Анткени дүкөн, мончо иштетчү, мал жандыктары көп эле, өзү кышында көмүр сатып иштечү.
“Аялымды үбөлүк менен сабаганда кетип калдык”
– Үйлөнгөндөн кийин 14 жыл анын колунда иштедик. Бирок акыркы учурларда ортодо көп түшүнбөстүктөр чыгып кетти. Тоодо бир тайы жоголгондо шекшип менден көрүп жатпайбы. “Сен сатып жиберген жоксуңбу? Байка, баары бир изи табылат, соо чыксаң эле болду” деп мени демитет. Ал тайы башка үйүргө кошулуп кеткендир же карышкыр жеп салгандыр, мен кайдан билем. Кээде чабан деле кайтарып отурган жеринен кой жоготуп жиберген учурлар болот эмеспи. Айтор, шекшигени мага жакпай калды. Эң эле чекке жеткени – өкүл атамдын аялыма кол көтөргөнү болду. “Короону шыпырбапсың” деп камыр жайган үбөлүк менен аялымды сабап жатканын өз көзүм менен көрүп калдым. Ошондо анын колунан биротоло кетүүнү чечтик.
“Акымды сурасам “бербейм, колуңдан келгенин кыл” деп койду”
– Жаманбы, жакшыбы, көп жыл иштештик. Кетерде тынч эле кетейин деген оюм бар эле. Баягы өзү убада кылган үйдү же жер тилкесин качан алып берерин сураганымда чырыбыз кайра ырбады. “Эч нерсе алып бере албайм, колуңдан келгенин кыл” деп койду. 2024-жылдын март айында анын үйүнөн көчүп кеттик. 14 жыл иштеген акыма 1 сом да бербей кетиргенине аябай ыза болуп Токтогул РИИБине кайрылдым, милиция жакшы эле иштеп жаткандай болгон. Кылмыш иши козголгонбу, же далил жетишсиз деп ишти жаап салышканбы, билбей деле калдым. Милиция кызматкерлери Кубанычтын айтканын бетке кармап эле туруп алышты. Биздин ортобузда эмгек келишими болгон эмес да, оозеки сүйлөшүлгөн. Өкүл атамдын айткан сөзүнө ишенип эле 14 жыл бекер иштеп жүрдүм.
“800 миң сом берем деген”
– Милицияга арыз жазганымда бир аз корктубу билбейм, “800 миң сом берейин” деп калган болчу. Мейли, ошону болсо деле берчи десем, кайра “менин карыздарым көп, моюнумда насыям бар, сага анча акча бере албайт экенмин” деп койду. Карабайсыңарбы, мени жаш баладай кылып эле ары-бери убара кылып ойнотуп жатканын. Өзүмдүн апам оорукчан, кан басымы жогору, такай камкордукка муктаж. Апам да “койчу, балам, соттошуп акыйкаттыкка жетпейсиң. Ошол 14 жылдык акыңды Кудай ал адамдан аркы дүйнөдө алсын” деди эле, макул дедим. Бирөөнүн акысын жеген жаман, 14 жылдык өмүрүм, эмгегим кетти, анын жумушун жасайм деп. Аялым байкуш канча иштеди, эстегенде күйүп кетет экенсиң. Аялымдыкын кошпой, менин айлыгымды 20 миң сомдон эсептегенде деле 14 жылда 3 миллион сомдон ашык чыкмак экен. Ошону берсе, үстүмө үй, жок дегенде жер тилкесин алып алмакмын. Баарын Кудайга койдум, мендей болуп өкүл аталарына, туугандарына алданбасын, башкаларга сабак болсун деп окуямды айтып жатам.
Окуядагы экинчи тараптын да пикирин угуу максатында Кубаныч мырзага байланышканыбызда телефон чалууларыбызды жоопсуз калтырды. Редакция анын да пикирин чагылдырууга даяр экенин билдиребиз.
Лунара Бекиева