АЛМА, АЛМУРУТ, ӨРҮК... Кайсы сорттору учурда суроо-талапка ээ? 

Учурда бак өстүрүп мөмөсүн сатуу – кирешелүү бизнестердин бири. Алманын, алмуруттун, өрүктүн жана гиластын жакшы сакталуучу, рынокто суроо-талап жогору сорттору тууралуу маалымат берели дедик. 

АЛМАЛАР 

Багбандардын айтымында, учурда алманын суроо-талап жогору сорттору – ред чиф, супер чиф, голден делишес, гренни смит, жеромини, гала девил, фуджи, мусу, голден рейнжерс жана пинк леди. Гала девил ысык климатты жактыргандыктан өлкөнүн түштүк аймагында жакшы өсүп, мол түшүм берет. Калган сортторун өлкөнүн бардык аймактарына тиксе болот. 

Гала девил

Чыгарылган өлкөсү – Италия

Жемишинин өңү – кызыл-малина түстүү (красно-малиновый)

Сорту – орточо кеч бышуучу, сентябрдын аяк ченинде терилет

Боюнун бийиктиги –2,5-3 метр, бат өсөт

Мөмөсүнүн салмагы –150-180 грамм 

Даамы – таттуу, ширелүү   

Түшүмү – 3 жылдан кийин 1 түптөн 75 килограммга чейин

Сакталуу мөөнөтү – муздаткычта 7-8 ай, жер төлөдө 3-4 ай

Ылаңга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – парша (котур сымал илдет) жана ак кеберге иммунитети орточо

Чаңдашуусу үчүн катарына голден делишес, антоновка, ред стар сыяктуу гүлдөө мөөнөтү бир учурда келген сорттор тигилиши керек.  Чаңдашпаса түшүмү аз болуп калат.

Ред чиф

Чыгарылган өлкөсү – АКШ

Жемишинин өңү – кочкул кызыл

Сорту – кеч бышуучу. Октябрда терилет

Боюнун бийиктиги – 3-3,5 метр, бат өсөт

Мөмөсүнүн салмагы –160-220 грамм

Даамы – таттуу, бир аз кычкыл тартып кетет. Абдан ширелүү 

Түшүмү – 3-4 жылдан кийин 1 түптөн 120-150  килограмм

Сакталуу мөөнөтү – муздаткычта 7-8 ай

Ылаңга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – парша жана так оорусуна (пятнистость) дарттарына туруктуулугу азыраак, ал эми ак кеберге иммунитети күчтүү

Чаңдашуусу үчүн голден делишес, глостер, элстар сыяктуу гүлдөө мөөнөтү бир учурда келген алмалардын арасына отургузуу кажет

Эскертүү: Супер чиф сорту ред чифтин жакшыртылган сорту. Бул да октябрда бышат 

Фуджи

Чыгарылган өлкөсү –  Япония.

Жемишинин өңү – кызгылт-сары 

Сорту – орточо бышуучу, августтун аягында, сентябрда терилет

Боюнун бийиктиги – 3,5-5 метр

Мөмөсүнүн салмагы – 180-250 грамм

Даамы – таттуу, ширелүү  

Түшүмү – 3-4 жылдан тартып 1 түптөн 95-130 килограмм

Сакталуу мөөнөтү – муздаткычта 7-8 ай

Ылаңга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – күрөң такка (филлостикоз) туруштук берүүсү орточо, ал эми парша жана ак кеберге иммунитети жогору 

Чаңдашуусу үчүн катарына голден делишес, гала, гренни, лигол сыяктуу гүлдөө мөөнөтү бир учурда келген алма сорттору тигилиши керек.

АЛМУРУТТАР

Алмуруттардын маргарита, марила, вильямс, конференсье, санта мария, кармэн жана абакфитель сорттору талапка ээ болуп жатканын айтышат адистер.

Санта Мария

Чыгарылган өлкөсү – Италия.

Жемишинин өңү – жашыл-саргылт, азыраак кызгылтым

Сорту – эрте бышуучу, августта быша баштайт

Боюнун бийиктиги – 3-3,5 метр

Мөмөсүнүн салмагы – 170-210 грамм

Даамы – таттуу, ширелүү   

Түшүмү – 3 жылдан тартып 1 түптөн 80-120 килограмм

Сакталуу мөөнөтү – муздаткычта 2-3 ай

Ылаңга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – парша жана ак кеберге, чирик, бактериалдык күйүк дарттарына иммунитети орточо. Кене, өсүмдүк митеси, алмурут жалбыракча бүргөчөсү менен күрөшүп, дарыларды чачпаса түшүмдүүлүгү азаят.

Чаңдашуусу жакшы.

Вильямс

Чыгарылган өлкөсү – Франция

Жемишинин өңү – жашыл-саргылт, бир аз кызгылтым

Сорту – орточо кеч бышуучу, сентябрда быша баштайт

Боюнун бийиктиги – 3-3,5 метр

Мөмөсүнүн салмагы – 160-200 грамм

Даамы – таттуу, ширелүү

Түшүмү – 3 жылдан тартып 1 түптөн 90-130 килограмм

Сакталуу мөөнөтү – муздаткычта 2-3 ай

Ылаңга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – орточо

Чаңдашуусу үчүн араларына алмуруттун токой сулуусу (лесная красавица), оливье де серр, александровка сортторунун бирин тиксе жакшы. 

ӨРҮК

Субхони

Өрүктүн бул сорту бышканда күбүлүп түшпөй, бутакта турган жеринен кургай тургандыгы менен белгилүү. Дары-дармексиз кургагандыктан органикалык жактан таза деп саналат. Кыргызстандын түштүк аймактарында, Ысык-Көлдө, Чүйдө, Таласта өстүрсө болот.

Чыгарылган өлкөсү – Орто Азия (конкреттүү бир өлкө эмес)

Жемишинин өңү – кызгылт-сары. Кургагандан кийин өтө катып кетпейт

Сорту – орточо  бышуучу, июлда быша баштайт

Боюнун бийиктиги – 3,5-5 метр

Мөмөсүнүн салмагы – 35-45 грамм

Даамы – таттуу

Түшүмү – 4-5 жылдан тартып 1 түптөн 60  килограмм жана андан көп

Сакталуу мөөнөтү – кургатылганы жылдап сакталат

Ылаңга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – орточо

Отургузганда топурагынын 80 пайызы топурак, 20 пайызы дарыя таза кумунан тургандай кылуу зарыл 

ГИЛАС

Валовой-3

Чыгарылган өлкөсү – Өзбекстан

Жемишинин өңү – кочкул-кызыл

Сорту – орточо бышуучу, июнда бышат 

Боюнун бийиктиги – 4-5 метр

Мөмөсүнүн салмагы – 6-8 грамм

Даамы – кычкыл-таттуу

Түшүмү – 1 түптөн 27-47 килограмм 

Сакталуу мөөнөтү – муздаткычта 5-7 күн  

Ылаңга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – орточо

Чаңдашуусу үчүн араларына гиластын жабуле, жаннет, гоше, кара дайбера сортторунун бирин тигүү кажет.

КАРА ӨРҮК

Анжелина

Чыгарылган өлкөсү – Италия

Жемишинин өңү – кочкул-кызгылт-көк 

Сорту – кеч бышуучу, сентябрда быша баштайт

Боюнун бийиктиги – 2-3 метр

Мөмөсүнүн салмагы – 45-60 грамм

Даамы – кычкыл-таттуу

Түшүмү – 1 түптөн 45-70 килограмм 

Сакталуу мөөнөтү – муздаткычта 3-4 ай  

Ылаңга жана зыянкечтерге туруштук берүүсү – орточо

Чаңдашуусу үчүн жанына кара өрүктүн блек амбер, фриар, санта роза сортторунун бирин же гүлдөө учуру бир мезгилге туш келген кара өрүктүн башка сортун тигүү кажет. 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1114, 12-18-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан