“Манас” университетинде Орозо шаңы ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгы менен коштолду

2024-жылдын 5-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Орозо шаңы салттуу ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгы менен коштолду.

Орозо айы боюнча биримдиктин жана тилектештиктин мыкты үлгүсүн көрсөткөн “Манас” университетинде миңдеген адамдар ооз ачуу дасторконуна чогулушту. Чыңгыз Айтматов атындагы кампустун “Республика” көчөсүндө уюштурулган ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгында жамгырлуу аба ырайына карабастан 3000ден ашуун адам катышты.

Миң айдан артык Кадыр түнгө дал келген ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгына Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөсү, профессор Медеткан Шеримкулов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева баш болгон башка министрликтердин өкүлдөрү, Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гандилов Латиф Сейфаддин оглун, Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Нура Голлиев жана башка элчиликтердин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, экс-министр Азамат Жаманкулов, Түркия элчисинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, Ахмет Ясави атындагы эл аралык түрк-казак университетинин ректору Жанар Темирбекова, Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов жана бир нече сыйлуу коноктор, ишкерлер, профессордук-окутуучулук курам, басма сөз өкүлдөрү, студенттер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Анадолудан Ата Журтка ачык асман алдында ооз ачуу маданияты

Бир улуттун маданий мурасы менен түбөлүк жашай аларын түшүнгөн “Манас” университети Анадолуда миңдеген жылдардан бери уланып келе жаткан ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгы салтын ата-бабалардын мекени Кыргызстанга алып келди.

Орозо айынын руханий күчү орозодо, берилген жардамда жана тилектештикте көрүндү. Бир нече күн мурун башталган даярдыктарга университеттин кызматкерлери менен катар студенттер да катышты. “Республика” көчөсүнө ондогон дасторкон жайылып, кыргыз жана түрк желектери менен “Ачык асман алдындагы ооз ачуу кечесине кош келиңиздер!” деген жазуулар илинип, айрым бак-дарактар орозо чырактары менен кооздолду.

“Манас” университетинин кампусу берекеге толду

Акыркы 3 жылдан бери уюштурулуп келе жаткан ооз ачуу кечесине коомдун бардык катмарынан жаш-кары дебей бир дасторконго чогулду. “Манас” университетининде он бир айдын султаны Орозо айынын шаңы менен дуба окулуп, ооз ачылды. Ар кандай курактагы жана ар кандай маданияттагы адамдар жолугушкан бул өзгөчө иш-чара жүрөктөрдү бири-бирине жакындатты.

Нөшөрлөп жааган жамгырга жана суук аба ырайына карабастан ачык асман алдында ооз ачуу кечеси шыктануу жана кубаныч менен өттү.

Ооз ачардан кийин КТМУнун көркөм өнөр факультети тарабынан даярдалган “Рамазан диний ырлары” аттуу суфий музыкалык концерти тартууланды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ачык асман алдында ооз ачуу кечеси Орозо айынын көркүн чагылдырып, адамдардын бири-бирине болгон сүйүү жана сый-урматын бекемдеген маңыздуу иш-чара катары эсте калды.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1114, 12-18-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан