Экранда муздак, текебер, бетке чабар айымдын образын ийине жеткире аткарганы менен, жашоодо тартынчаак, жөнөкөй кыз. Карьерасында бир образга, бир ролго байланып калгысы келген эмес, чынында эле анын кино куржунунда түрдүү жанрдагы тасма-сериалдар көп. Ар биринде актриса өзүн жаңы амплуада көрсөтө алат жана көрсөтүп келет. Макала учурдун популярдуу актрисасы, түштүк кореялык Ким Жи Вон тууралуу болсун.
Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул
Туулган жылы: 1992-жыл, 19-октябрь
Жылдыз белгиси: тараза
Бою: 168 сантиметр
Билими: Донгук университетинин театр жана кино факультети
Кесиби:
ырчы, актриса, модель
Тартылган белгилүү дорамалары: “Мураскерлер”, “Күн мураскерлери”, “Асадалдын хроникасы”, “Чоң шаардагы сүйүү”, “Менин эркиндигимдин күндөлүгү”, “Ый канайымы”
жана башка
Учурдун популярдуу актрисасы дегеним, март айынын башында экранга Ким Жи Вон башкы ролдогу “Ый канайымы” (“Королева слёз”) дорамасы чыккандан баштап актрисанын аты-жөнү интернетте издөөдө турган ысымдардын сап башына чыккан. Дорама тууралуу кызыктарга кийинки сандарда токтолобуз. Ал эми тасманын көркүн ачкан айымдын балалык чагына көз салсак, ал 1992-жылы Түштүк Кореянын баш калаасында жарык дүйнөгө келген. Өзүнөн эки жаш улуу эжеси бар. Жи Вондун актриса болгону жакындары үчүн жаңылык деле болгон эмес. Анткени кичинесинен ырга, бийге жакын эле. Андыктан кыздын келечеги чыгармачылык менен байланышат деп гана ойлоп коюшчу.
Түштүк Кореядагы эң престиждүү деп эсептелинген жогорку окуу жайлардын бири – Донгук университетинин театр жана кино факультетине тапшырып, жогорку билимдин ээси болгон. Бирок чыгармачылыктагы карьерасы жарнамалык роликтерге модель катары тартылуу менен башталган. Андан кийин ырчылыгын өнүктүргөнгө аракет кылды. Го Юнха аттуу ырчынын бэк-вокалисти болуп иштеди. Популярдуу “Big Bang” тобунун “Lollipop” клибине тартылды. Акырындап отуруп жүзү элге жайыла баштаган. Устаты Го Юнха Японияда белгилүү ырчы эле, анын жолун улай Жи Вон да Японияга барып ырчылык карьерасына олуттуу киришем деп турган. Ошол мезгилде кызга киного тартылуу сунушу түшүп, мекенинде кала берген.
Тасмадагы дебюту 2007-2008-жылдарга туш келди. Ташты жарып чыгар ролу болбогону менен, тажрыйба топтоло берди. 2013-жылы гана көптөн күткөн “бактылуу роль” жаралган. Ли Мин Хо, Ким У Бин, Пак Шин Хе сыяктуу көпчүлүктүн сүймөнчүк актёр-актрисалары тартылган “Мураскерлер” дорамасын эстедиңизби? Чет өлкөлөрдө да популярдуулугу арткан сериал менен кошо Ким Жи Вондун да таланты, аты жарк эткен. Сериалда Жи Вон байдын кызы, эч кимди теңине албаган Ю Рэйчелдин образында эмеспи. “Буга чейин жалаң оң каармандардын ролун аткарып келгем да, Рэйчелдин образы мен үчүн чакырык болду. Экөөбүздүн мүнөзүбүз да такыр карама-каршы келет эле...”- дейт актриса. Анан байдын эрке, керсейген кызынын образына кириш үчүн америкалыктардын “Ушакчылар” сериалындагы Блэр Уолдорфтун кыймыл-аракетин, сүйлөө манерасын, текебер көз карашынан бери үйрөнүүгө аракет кылган. Жыйынтык жаман эмес. Ю Рэйчелдин ролунан кийин Ким Жи Вон алгачкы кино сыйлыгына – “Жаңы жылдыз” наамына ээ болду.
Актрисанын дүйнөлүк атактуулугун бекемдеген эмгектеринин катарына “Күн мураскерлери”, “Асадалдын хроникасы”, “Чоң шаардагы сүйүү”, "Менин эркиндигимдин күндөлүгү" жана, албетте, учурда болуп жаткан “Ый канайымы” дорамаларын кошсок болот. “Мурда канткенде баарына жаккан актриса болом деп ойлонуп, суроомо жооп издей берчүмүн. Көрсө, биринчи адам өзүнө жагыш керек экен. Азыр ар бир каарманымдын терисине кирип, жан дүйнөсүн түшүнгөнгө аракет кылам. Эгер каарманымды жакшы таанысам, көрөрманга да ар тарабынан тааныта алсам керек. Негизи эле кинодогу ар бир каарманым мени адам катары өстүрөт, жаңычылдык берет, жашоодо түрдүү маселе, аны чечүү жолдору болорун көрсөтөт”,- деген ойдо.
Экран артында Ким Жи Вон кандай адам? Ойчул. Жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын ачылып баарына айтпайт. Тартынчаактыгынан улам “мен-мен” деп алдыга кол сунуп жулуна бербейт. Ызы-чуу, шаан-шөкөт коштолгон отуруштарга караганда жалгыз басып сейилдеп, үйгө келип диванда жылуу чай ичип кино көргөндү жактырат. Жакшы көргөнү – "Сонгюнгвандагы чыр" сериалы. Көрүүсү начар болгондуктан кичинесинде дайыма көз айнек тагынып жүрчү. Суудан аябай коркот жана сүзгөндү да билбейт. Жашоосундагы романтика жөнүндө сөз кылсак, актриса “мен жеке жашоо менен жумуштун чек арасын так бөлөм” дейт. Андыктан көпчүлүккө Жи Вондун сүйүү мамилеси жабык бойдон. Жумуш процессинде өнөктөш актёрлор менен мамилеси бар деп айтылганы менен, актриса нике шакегин тагына элек.
Асыл Орозбекова