Ажырашкан аялды коом кантип өгөйлөйт?

Ажырашкан аялдар кээде коомдо өгөйлөгөн мамилеге туш болушат. Мисалы, “ажырашкан аялга тойлордо жар-жар айттырбаш керек” деген пикирлер бар. Макалада ажырашкан аялдар, аларга жасалган коомчулуктун басымы жана колдоосу тууралуу кеп кылууну чечтик.

Гүлзат Исабекова, психолог: “Ажырашкан аялды киши өлтүрүп келгендей жаман көрүшөт”

–Ажырашкан үй-бүлөлөр менен абдан көп иштештим. Тажрыйбамда “күйөөм бакпай койгону үчүн ажырашып жатам” деген аялды такыр жолуктура элекмин. Көпчүлүгү күйөөсүнүн ур-токмогуна, ала жипти кайра-кайра аттаганына чыдабагандар, кайын журту кийлигише берип тынч жашатпагандар. Ушул үч себеп абдан көп катталат. Сотто “балдар ким менен калат?” деген маселе чыгат. Мыкаачы күйөөнүн айынан балдардын психикасы бузулган учурлар да бар. Балдары “атам апамды аябай сабачу, полдун баары кан болуп жатчу” деп айтышса боорум ооруйт. Ажырашкан аял үчүн эң маанилүүсү – эркек туугандары, атасы, агасы, таякеси колдоп турушу керек. Бизде ажырашса “сен бизди уят кылдың” деп аны адам өлтүрүп келгендей же жаман иш кылгандай жек көргөндөр бар. Антпей колдоо көрсөтүшсө аялдын өзүнө болгон баасы түшпөйт, кайраттанып бутуна турат, кайрадан көкөлөп учат. Ошондо ал кыз элдин “ии, ажырашып келген турбайбы” деген сөзүн  этибарга да албайт.

Назира Айтбекова, блогер: “Бир эшик түрткөн келин” деп балдарын менден коруп турушат”

– Ажырашканда кыргыз коомчулугу эмнеге аялдарды көбүрөөк күнөөлөйт? Анткени бизде аялдарга көбүрөөк жоопкерчилик жүктөлүп калган. Бул алмустактан бери келе жаткан көрүнүш. “Аял жакшы – эр жакшы” деген макалыбыз менен эле канча жүктү, жоопкерчиликти аялга үйүп жатабыз. Илгери аталарыбыз “кыз төрөлдү” дешсе анча сүйүнүшкөн эмес, төрөтканага келбей, кыз төрөдүң деп аялын сабаган эркектер да болгон. Кызды жээрип, аларга Уулболсун, Бурулсун деп ат койгондор ошондон да. Кызды кырк үйдөн тыйып турушкан, ал эми эркекке баары болот, оңго-солго басса да жарашат, “эркекчилик” деп коюшат. Карабайсыңарбы, эркек эркин чоңоюп жатат, ал төрөлсө күндөп-түндөп майрамдашат. Эркекти көкөлөтүп, кызды жээриген мамиле акыр-аягы зордук-зомбулукта, ажырашууда аялды гана күнөөлөгөн абалга жеткирип жатат. Үйдө ынтымак сакталбаса аял күнөөлүү, кайын журт менен тил табыша албаса келин күнөөлүү, айтор, бардык нерсеге аялды күнөөлөй берүү адатыбыз тереңде жатат. Мисалы, мага “кыйын болсоң бир эрди эптеп албайт белең” дегендер көп. Айрыкча улуу муун көп айыптайт. Анткени алар башка баалуулуктар менен калыптанып өсүштү да. Туугандар деле “бир эшик түрткөн келин турбайбы, эмне кереги бар?” деп бойдок балдарын менден коруп калышат. Элдин “ии, эри жок турбайбы” деген сөзүнөн коркуп келиндер экинчи, үчүнчү, төртүнчүсүнө тийип жатып, акыры элдин “эрден эрге тийип” деген сөзүнө кабылашат. Айтор, биз мындай психологияны өзгөртүшүбүз керек. Ооба, улуу муунду кайра тарбиялоо кыйыныраак. Азыркы жаштар аялына бала карашууну, үй жыйнап, тамак жасоону “подкаблучник” болуп калуу деп эсептешпейт. Жаштар башкача үй-бүлө үлгүсүн түзүп келе жатышат, мени ушул нерсе кубантат.

Замир Казакбаев, журналист: “Ажырашканда аялдар эле боздоп, эркектер жыргап кетпейт”

– Бул маселени гендердик саясаттын чегинде карасак дейт элем. Ажырашып кеткен келиндерди көп аяйбыз, эми алар маймыл менен ажырашып кеткен жок да. Эркектерди ойлогон эч ким жок. Эмне, ажырашканда аялдар эле боздоп, эркектер жыргап кетип жатабы? Айымдар го бирөө менен сырдашып бугун чыгарып алат экен, эркектер эч ким менен бөлүшө албайт, бул нерсе абдан кыйын болот. Мен ажырашып кеткен аялдарды басынткан жокмун, ага укугум да, уятым да жол бербейт. Кыргыз ырымдап, үйгө жаңы келин келсе ажырашкан аялга жоолук салдырткан эмес. Бул ырымыбыздын түпкү тилеги, максаты абдан жакшы, ар бир ата-эне баласынын же кызынын бактылуу болушун каалайт, туурабы? Ошого ырымдап көп жыл түгөйү менен ынтымакта жашаган кемпир-кесекке жоолук салдыртышкан. Түпкү маңызы – жаш түгөйлөр ажырашпасын, ошол кемпирдей тапканы менен тең карысын дегени. Алдын ала жакшы тилек кылып жатат. Ал эми ажырашкан аялдар коомдун кодулоосуна эмес, колдоосуна муктаж. Аларга биз эркектер мотивация, стимул берүүбүз зарыл.

Айнура Сагынбаева, косметолог: “Ажырашкан аялдарды кемсинтпеш керек, бирок баатыр да кылбаш керек”

– Бул маселеде менин позициям алтын ортолукта. Ажырашкан аялды коом кемсинтпеши керек, бирок баатыр да кылбашы керек. “Мына, мен ажырашып сонун эле жашап жатам” деп өзүн мисал кылган айымдар бар, бул нерсе кыргыздын үй-бүлөлүк институтуна чоң сокку урушу мүмкүн. Ажырашуу – бул тагдыр, оор чечим, аны ар ким өз тажрыйбасында сезе алат, бирөөнүн басып өткөн жолу экинчисине окшобойт. Ошондуктан аял кеңеш айтып, ажырашып кеткени менен сыймыктанбашы керек.

Ажырашкан аялдарды эмнеге эркектер интимдик объект катары карашат? Бул эркектин табияты, эркектер бардык аялзатын өзү үчүн колдонгусу келет. Табигый инстинкт боюнча эркектер мыйзамдан жана башка эркектен гана коркушат. Мисалы, ажырашпаган аялдын кожоюну бар. Ал эми ажырашкан аялды мыйзам дагы, башка эркектер дагы коргобой жатпайбы. Анын кожоюну жок, демек, атаандаштык жок, кол жеткизүү оңой. Ошол үчүн эле ажырашкандарга көп жабышышат. Мени кейиткени – ажырашкан аялдарды ошол эле коомдогу аялдардын басынтып, кемсинткени. Аялдык тилектештик деген жок бизде. Аял эмне үчүн ажырашууга мажбур болгонун аял гана түшүнө алат. А бизде аялдар антип түшүнгүсү келбейт, тескерисинче, “ой, ал ажырашкан да” деп күйөөсүнүн көзүнчө өзүнүн баркын көтөргүсү келет. Биздин коомдун аң-сезимин өстүрүш керек, азыркы коомубуз айыптаганды, негативди, бирөөдөн күнөө издегенди жакшы көрөт. Анан ажырашуу аялдарга караганда эркектерге эки эсе оор болот. Эркектер жабык адамдар, стресстин бар экенин түшүнүп кабыл алышпайт, кабыл албаган адам, демек, стрессти өзүнөн чыгара албайт. Демек, булар өмүр бою стрессте жүрүшөт. Бул кандай азап экенин аялдар түшүнбөйт.

Лунара Бекиева 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1115, 19-25-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан