Алымкадыр Бейшеналиев, саламаттыкты сактоо министри: “Мен хирургиянын фанатымын”

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев интернатта өткөн күндөрү, үй-бүлөсү менен чогуу баштан кечирген оор учурлары, саясаттагы оош-кыйыштар тууралуу кенен сөз кылып берди.

“Кайым айтышып отурбай, дароо мушташка чакырчумун”

– Ата-энем колхозчу болушкан. Экөө тең эрте каза болушуп, биз 8 бир тууган чоң энемдин колунда калыптырбыз. Чоң энем баарыбызды бага албай кыйналганда мени жатак-мектепке тапшырып, калган бир туугандарымды алыс-жакын туугандарга таратып бериптир. Балалыгым интернатта өттү. Интернаттын жакшы жери – жамаатта болууга ыңгайлашасың, башкалар менен бөлүшкөндү, жардам бергенди үйрөнөсүң. 14-15 бала бир бөлмөдө жатчубуз, бир табактан аш жейт элек. Мен ата-эне мээримин толук алып өскөн анча-мынчаларга караганда ак көңүлмүн. Бул – интернаттагы мугалимдердин, жамааттык аң-сезимде өскөнүмдүн жемиши. Бала кезде кайым айтышып отурбайт элем, дароо “жүрү, жекеме-жекеге чыгабыз” дечүмүн. Таяк жеп калсам, 1-2 ай машыгып келип, кайра тигини мушташка чакырат элем. Өжөр болчумун, мушташтан утмайынча жаным жай алчу эмес.

“Студент кезде жалгыз жүрчүмүн”

– Студент кезде шаардыктарга да, айылдыктарга да кошулбай жалгыз эле жүрө берчүмүн. Ишенген бир шым, бир кызыл көйнөгүм бар эле, такыр чеччү эмесмин. Азыр көптөр “мен сенин курсташың болом, студент кезде кызыл көйнөгүңдү кийип алып эртеден-кечке китепканада отурчусуң” деп калышат. Мен эч кимисин тааныбайм. Эч кимге кошулбай жалгыз жүргөнүм деле жакшы болуптур. Баары менен дос болуп алсам, азыр четинен келип менден кызмат сурашмак (күлүп).

“Эч кынтык таппаганы үчүн кайра министр болдум”

– Жусупбек Коргонбай уулу деген депутатты тааныбайт элем, мен жөнүндө парламенттен сүйлөгөндөн кийин аты-жөнүн билдим. Ал мага былтыр ноябрь-декабрь айларында чалып, Ноокаттагы ооруканага Матисаков деген адамды башкы дарыгер кылып коюп бер дегенде макул болбой койгом. Анткени ал мурун иштеген жеринен эреже бузганы үчүн кеткен экен. Ошондон кийин эле тигинтип парламенттин трибунасынан сындап чыкты. Ачыгын айтайын, мен эле эмес, ошол депутат каралаган башка дагы 7 дарыгер аны сотко беришти. Менин жактоочум 10 миң сом айып пулга жыгалы деп коюптур, мен 1 сомго жыгалы деп жатам. Ал эми берки врачтар миллиондорду өндүрөбүз деп жатышат. Биз соттон сөзсүз утабыз, анткени ал депутаттын айткандарынын баары жалаа жана калп. Учурунда мага козголгон кылмыш ишин Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ, Садыр Жапаров түздүргөн комиссия, айтор, 4 орган текшерди. Эч кынтык таппай, күнөөм жок болгону үчүн кайра министр болуп дайындалбадымбы. Бул депутат жок дегенде интернеттен жаңылыктарды окуп койбойбу? Мен депутатмын, иммуннитетим бар деп эле сүйлөй берсе болобу? Айткандары боюнча эми мыйзам алдында жооп берсин. Эң кайгылуусу – келинчегим 2 жылдан бери катуу ооруп жүрөт, 9 ай реанимацияда жатып, учурда Орусияда химия алып жатат. Ага карабай жубайыма жалаа жаап, тишеси жок мүлктөрдү аныкы деп жарыялашты. Ал мүлктөр аты-жөнү менин аялымдыкына окшош башка эле жарандыкы экен. Мен ал айымды да издеп таптым, өзү нотариус болуп иштеп, үй-бүлөсү менен ишкердик кылышат экен. Айрымдар биздин артыбыздагы чоң саясий фигуралардын тиреши болуп жатканын айтып жатышат, менин артымда эч ким жок, жасаган ишим гана бар. Коргонбай уулунун артында ким бар экенин кайдан билейин. Артымда эл бар деп жатат, балким, бардыр. Мага ал депутат кайсы жетим-жесирдин ата-энесин күйдүрүп, соттошуп жатканын айтып жеткирип жатышат. Бирок анын өтмүшү мага кызык эмес, эч нерсе айтпагыла, баргыла, тиешелүү органдарга кайрылгыла дедим.

“Адамдарды жердигине карап бөлбөйм”

– Өзүм хирургиянын фанатымын. Адам органын алмаштыруу – бул ар бир хирургдун кыялы, меники дагы. Жакында Садыр Жапаровдун колдоосу менен Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясы жасала баштады, эми боорду алмаштыруу боюнча адистерди Түркияга окууга жибергени жатабыз. Мурда Түркияга дарыгерлерди окууга жибергенде түштүк аймактан министрлик бекитип бербеген, талаптарга туура келбеген эле адистер барып калышкан. “Биз Кыргызстандан келдик” десе эле Түркия тарап да териштирбей окута беришкен. Ошол нерсени токтоттум. Мага Камчыбек Ташиев чалып, “Ош мамлекеттик университетинин клиникасында да боор алмаштыруу операциясын жасагыла” деп тапшырма берди. Ал университет бизге эмес, Билим берүү министрлигине карайт десем, “мен ректоруна айтып коём, өз көзөмөлүңө ал” деди. Аталган университет абдан жакшы клиника куруптур, операция бөлүмү да бар экен. Түркиядан окуп келген бардык врачтарын чогулттум, арасынан 3 дарыгер боорго операцияга жасаганга жарайт. Менин тарс-тарс бетке айтып коймоюм бар, бирок эч качан адамдарды жердигине карап бөлбөйм. Кеминдик экенимди билбегендер бар, көбү мени баткендик деп ойлойт. 

“Абакка күлүп кирип, күлүп чыктым”

– 2022-жылы мени ковид учурунда Кытайдан алып келинген дарылар боюнча коррупцияга айыптап камакка отургузушкан. “Абакка күлүп кирип, кайра күлүп чыгып кеттиңиз” деп айтышат чогуу отургандар. Эч ойлонбой, санаа тартпай жөн гана китеп окуп отурдум. Анткени бир күнү сөзсүз акталып чыгарымды билчүмүн. Кээде бир күндө бир китепти окуп бүтүп койчумун. Өзүм кичинемден китеп жиндисимин, үйдө оокат-ашты токтотуп коюп, китептин кызыгына кирип кеткенде аялым көп тилдечү. Чынын айтайын, башында көп коррупционердин, дары мафиясынын куйругун бастым да, алар мени соо коюшу мүмкүн эмес эле. Азыр деле миллиарддаган байлыгы бар адамдар менен күрөшүп жатам. Көрүп жатам, блогерлерге акча төлөп мени каралатып жатышат. Бирок мени колдогон, мага ишенген эл бар, чындык сынбайт, а мен күрөштү уланта берем.

Лунара Бекиева  

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1115, 19-25-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан