Саясий жаңылыктар

Камчыбек Ташиев: “Акчасына кызыгып депутат шайлаганды токтотуш керек”

Саясат жана коом акчасын алып, татыксыз адамды депутат кылганды токтотуш керек". Мындай пикирди 17-апрелде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Шамалды-Сай шаарында өткөн расмий иш-чаралардын биринде билдирди. УКМК төрагасы Жогорку Кеңеш коррупционерлерден тазалана турганын убадалады.

– Жогорку Кеңешке депутат болом деген талапкерлер добуштарды сатып алып эптеп парламентке барып алсам, ойду омкоруп, тоону томкоруп жиберем дешет. Андай эмес экенине өзүңөр күбө болуп жатасыңар. Шайлоочулар да таза депутаттардын парламентке барышына кызыкдар болушу керек. Коррупционер, мамлекетти тоногон адам экенин билип туруп деле акчасына кызыгып шайлаганды токтотушубуз керек. Парламентти тазалап жатканыбызды көрүп жатасыздар, ал жакка да туура эмес адамдар барып калышкан. Мындан ары да тазалоо уланат,- деди Ташиев.

УКМК жетекчиси өлкөдө баңгизат бизнесине аёосуз күрөш жарыялана турганын кошумчалады.

– Укук коргоо органдарынын ишин мен баңгизат бизнесине каршы күрөш аркылуу баалайм. Айрыкча жаштар арасында баңгизат колдонуу көп кездешип жатат. Эгерде мындай көрүнүш токтобосо, коомубуз жакынкы жылдары чоң көйгөйлөргө туш болушу мүмкүн,- деп билдирди ал.

Кыргызстанда Тикток жабылды

Кыргызстанда Тикток платформасынын ишине тыюу салынды. Маалыматты Санариптик өнүгүү министрлиги ырастады. Министрлик мындай чара УКМКнын катынын негизинде кабыл алынганын белгилейт.

– Чечимди кабыл алууга Тикток тарабынан “Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамдын сакталбаганы негиз болду. Аталган мыйзамда балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыянын тийгизчү маалыматтардын түрлөрү аныкталган,- деп билдирди министрлик.

Тиктокту жабуу боюнча Санариптик өнүгүү министрлиги Кыргызстандын интернет-провайдерлерине тийиштүү каттарды жөнөткөнү белгилүү болду. 

2023-жылы Тиктокту жабууну Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сунуштап чыгып, коомчулукта кызуу талкуу жаралган. Министрлик “Тикток жаш муундун эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизип жатат” деген жүйө келтирген. Аталган социалдык желени жабуу сунушун Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары да айтып чыгышкан. Бул арада Бишкекке Тиктоктун расмий өкүлдөрү келип, министрлер кабинетинин өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөн.

Үч айда жол кырсыгынан 99 адам көз жумду 

Өлкөдө 2024-жылдын алгачкы 3 айында 1364 жол кырсыгы катталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына таянсак, бул кырсыктардан 99 адам каза болуп, 1965 адам жаракат алган. Жол кырсыктары 2023-жылдын алгачкы 3 айына салыштырганда 8 пайызга, андан жаракат алгандар 7,6 пайызга, ал эми көз жумгандар 20,8 пайызга аз экенин билдирет аталган мекеме.

Кыргызстанда жылына жол кырсыгынан жүздөгөн адам каза табат. Мисалы, 2020-жылы өлкөдө 6126 жол кырсыгы катталып, анын айынан 754 адам көз жумган. 2021-жылы 7438 жол кырсыгы катталып, андан 869 адам каза болгон. 2022-жылы 7040 кырсык орун алып, каза болгондордун саны 690 адамды түзгөн. Акыркы 10 жылда 67 миңден ашык жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен жалпы 9 миңдей адам каза тапканы айтылат расмий маалыматтарда. Андан тышкары 100 миңден ашык киши жаракат алган.

Жогорудагы статистика көрсөтүп тургандай, Кыргызстанда жол кырсыгынан күн сайын орто эсеп менен 2-3 адам көз жумат.

Майлуу-Суу заводу айнек идиш чыгара баштайт

Майлуу-Суу лампа заводу жаңы продукция – айнек идиштерди (бөтөлкө жана банка) чыгара баштайт. Бул тууралуу 17-апрелде Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги маалымдады. Азыркы тапта тийиштүү жабдыктарды орнотууга, кошумча имарат курууга даярдык иштери жүрүп жатканын билдирет агенттик.

Маалыматка таянсак, ишкана жарык-диоддук лампаларды өндүрүү көлөмүн кеңейтүүнү, Майлуу-Суу дарыясына 26,4 мегаватт кубаттуулуктагы чакан ГЭС курууну, чакан тигүү цехин ачууну да пландоодо.

Айта кетсек, азыркы тапта аталган зоводдон электр лампасынын 40ка жакын түрү өндүрүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1115, 19-25-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан