Кыргызда жигиттер эмнеге жоолук салынышкан? 

Кыргыз элинде айрым өзгөчө каада, жөрөлгөлөр бар. Адатта, алардын тарыхы, философиясы кызыгуу жаратат. Кыргыз эли илгертен көчмөн турмуш кечирип бийик тоолордо жашагандыктан ой-жоруму, дүйнө таанымы да бийик болгонун тана албайт эмеспизби. Аны көптөгөн каада салттардан дагы билсек болот. Кыргыз таануучу, психолог Гүлипа Жапарова айрым каада-салттардын тарыхын жана философиясын чечмелеп берди. 

Жүгүнүү

– Азыркы учурда бул нерсеге көп маани бербей,  келиндер “кайын журт мага уруксат берди” деп жоолукту алып салып, жүгүнүүнү токтотуп коюп жатканын байкап калам. Эгерде келиндер жүгүнүүнүн аркасында чоң энергия жатканын түшүнгөндө алар өмүр бою жүгүнгөнгө деле макул болушмак.

Каада-салт кылымдан кылымга, доордон доорго  берилип келе жаткан чоң таберик. Ошону сактап кийинки муунга өткөрүп берүү моюндагы парзыбыз. Тарыхында жүгүнүү Манас атабыздын доорунда пайда болгон деп айтышат. Ал согуш талаасында Кайыптын кызы Карабөрк деген кызга көзү түшөт жана жар кылып алууну каалайт.  Кыз  жаа атуунун чебери болгон экен. Ошол согушта Бакай атабызга жаа атып алган деп айтылат. Туткун болгондо  Манас атабызга турмушка чыккандан баш тартканда, атасы ыраазы экенин айтып батасын берет. Ошентип анын жары болот. Кийин кыргызга келин болуп, баягы кайнагасына жаа атып алганы үчүн уялып качып, салам айта албай жүгүнүп жүрүп, кийин салт болуп калган делинет.

  Бул эми тарых тарабы, ал эми философиясы андан да тереңде жатат. Келин жаңы келгенде өзүнөн улуу адамдарга жүгүнөт, алар сөзсүз түрдө алкап, тилектерин айтышат. Адатта “көшөгөң көгөрсүн, Кудай жалгасын, көп бала берсин, ушул журттун энеси бол” деген сыяктуу алкоо айтылат. Келинди алкабай басып кетүү салтка жатпаган көрүнүш. Келин жүгүнүү менен сый көрсөтсө, келген тарабы аны алкоо менен өздөрүндөгү энергияны берип жатышат. Сөздө  зор энергия  жана күч сакталат.  Бул жерде өтө чоң энергия алмашуу жүрүп жатат. Келген келин ал жердин тукумун улап кетиши үчүн бул энергияны алышы керек. Кыргыздын кыйындыгы ушунда, сөз менен келиндин жан дүйнөсүн, энергиясын байытканды билишкен. Дагы бир жагы – бул жерде даанышмандык бар, келин үн чыгарбай эле ийилип жүгүнөт.   Байкасаң, үн менен көп нерсе билинет, кээ бирөөнүкү назик, кээ бирөөнүкү корулдак, дагы бириники орой болот. Жаңы келиндин үнүн элге даршан кылбоо, сөз болуп кетпесин, сынга түшпөсүн деген максатта үн чыгарып салам айтуудан көрө, жүгүнүү туура болгон. Бул чоң адеп.

Жоолук салуу

– Адатта жоолукту келинге кайын энеси салат. Кээ бир учурда кайын энеси турмуштан жолу болбосо, ажырашып кетсе же күйөөсү өлүп калса анын тагдырын кайталабасын деп келинге жоолук салдырбай коюшат. Бул туура эмес. Кайын эненин келинге жоолук салуусунун философиясы – мындан ары бул жердин энеси сен, менин ордумду басып, сен эми касиеттүү очоктун ээси бол деген аруу тилеги. Эми жолу болбой калган үчүн келинге өтө турган энергиянын жолун бууп коюу жарабайт. Ар бир жандын өз тагдыры бар. Ашыкча ырымчыл болбоо керек. Кайын эненин жоолук салуусу – эстафетаны келинге өткөрдү деген маани. Ошондуктан кайын эне салышы керек, эгерде ал каза болуп калган болсо гана башка аялдарга салганга уруксат. Дагы бир эске салчу нерсе, келиндин башына жоолукту азыр кафе-ресторанда салып калышты, салт боюнча көшөгөдө салынышы керек. 

Көшөгөнүн философиясы

– Көшөгө тартуу менен кайын журту келген келиндин территориясын белгилеп берген. Биринчи жолу башка бүлөгө барган адам ошол жерге көнмөйүнчө орду кайсы экенин билбейт. Кыргыздар келиндин ордун көшөгө кылып белгилеп беришкен. Үйдөгү кичине бурчту ага таандык кылып бергени – бабаларыбыздын эң мыкты стратегиясы. Келинге ыңгайлуулук. Шадыраңдап эле дароо аралашып кете албайт да.  Ошол жерден 40 күн болгончо чыкпайт, тамакты ошол жерден ичет, ошол жерде уктайт. Анан акырындап аралаша баштайт.  Бул жаңы келген келин ордун тапай ыңгайсыз болуп калбасын, акырындап келген жерине көнсүн деген маани. Адеби менен көшөгөдөн чыгып, келин кызматын кыла баштайт.

Шөкүлө

– Кыздын башына кийген конус сымал баш кийим – шөкүлө. Эмнеге бул учу узун болуп, конус сымал кетет? Шөкүлө менен турмушка узап жаткан кыздын даражасын билдиришкен. Каалаган эле кыз кие берген эмес, баш кийимдин узун болгону кыздын даражасын билдирип, билимдүү, адептүү, тарбия алган мыкты жердин кызы дегенди билдирген. Тарыхта шөкүлө Семетейдин жубайы Айчүрөккө таандык деп айтылат. Анткени ал кайыптан билим алган, ак сөөк, алтынчы туюму өзгөчө жан болгон. Кыз турмушка чыккандан кийин шөкүлөнү сиңдисине таштап кетмей ырымы болгон. 

Жигиттер эмнеге жоолук салынышкан?

– Тарыхый тасмаларда бир байлам жоолукту чекесинебайлап алган жигиттерди көрүп жүрсөңөр керек. Жигиттин башындагы жоолук  “колуктум жок, жарымды издеп жүрөм, бойдокмун” деген белги болгон. Демек, жоолук салынган жигиттерди кыздар, жеңелер байкап, акыл калчап, сынашкан. Колуктусу бар жигиттер калпак кийген.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1115, 19-25-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан