Сыноолор...

Эмнеге күйөөгө тиет анан?! – ички бөлмөдө кыйкырып жаткан кызынын үнү селт эттирди Элмираны. Орусиядан келгенине бир апта болду, кызы менен тил табыша албай убара. Өткөөл курактагы кызы апасынын башынан эмнелер гана өткөнүн кайдан түшүнсүн?.. Баары башынан көз алдына тартылды.

Сүлкүлдөп бойго жетип калган куракта, студент кезинде кызынын атасы менен таанышты. Адыл өжөр эле, бура бастырбай алдын торой калып таанышкан. Анда азыркыдай телефон жок, ары айланып, бери айланып отуруп окуган жерин, жашаган дарегин билди. Ошентип жашоосунда Адыл деген жигит пайда болду, күнүгө келип тосуп алат. Окуудан узатат, экөө бирге сейилдешет. Ортодо сезим тутанып, баш кошушту. Үлпөт той да өттү. Көп өтпөй кыздуу, андан кийин уулдуу болушту. Экөөнүн кубанычында чек жол эле. Куда-кудагыйлар да мамыр-жумур жакын болчу. Баары тегиз, баары жакшы бараткан. Бирок... Кырсык айтып келбейт тура. Ошол каргаша болбогондо...

Күйөөсү менен агасы чогуу ар кайсы аймактарга товар жеткирип иштешчү. Бир күнү чоң буюртма түшүп, алыскы аймакка сапар тартышат. Акчанын азгырыгы жаман эмеспи, колуна ири суммада акча тийген экөө андан ары майрамдап кетишет. Ошол майрам беш баланы жетим калтырды, 2 аялды эрсиз, ата-энени түбөлүк күйүткө салды, Элмиранын жашоосун караңгы каптады. Экөө мас абалында унаа айдап баратканда кырсыктап, Элмиранын агасы каза болуп калды. Рулда Адыл эле... 

– Как башыңды жеген акмак, баламды өлтүрдүң! – деп чыңырган апасынын үнү...

– Чиедей үч балам менен мен кантем?! – деп жалбарган жеңесинин үнү...

Өңү бозоруп, тил-сөзү оозунан түшкөн, баш кошкондон бери жаны бир болуп калган жолдошу, эч нерсе түшүнбөй атасын бир, апасын бир карап жалдыраган жазыксыз балдары... Ушундан көрө жер астын-үстүн болуп кетсе жеңилирээк болмок, балким. Андагы Элмиранын абалын эч ким капарына да алган жок, ар кимиси өз күйүтү менен жан алекетке түшүп, ичиндеги өкүтүн чыгарып жатышты.

Адам көтөрөт экен баарын. Ал караңгы каптаган күндөр да өттү, ата-энеси күйөө баласын сотко берген жок. Бирок андан ары бирге жашоо мүмкүн эмес эле. Жалгыз агасынын, сүйүктүү агасынын, дайыма “Элмиш, Элмишим” деп жардамын аябаган агасынын өлүмүнө себепчи болгон күйөө менен кантип жашамак?.. Апасы уулунун күйүтүнөн оорукчан болду. Эне үчүн баланын күйүтүнөн оор нерсе барбы? Ошентип баягы бактылуу жашоонун бир заматта ойрону чыкты. Күйөөсү кеткен соң балдарына бир кайрылып келген жок. Кийин укса, башкага үйлөнүп, балалуу да болуптур. Күн өтө берет экен. Ар кимдин тагдыры өз колунда, өзүн колго албаса, өзүнө үй курбаса болбойт эле. Чиедей эки баласы эртең заматта жетилет, экөө менен каякка батат? Аргасыз балдарын апасына таштап, Орусияга иштегени кетти.

Апасы балдарын жакшы эле карады, же балдары апасын карадыбы, айтор, айлар өтүп жатты. Бирок таене Элмиранын балдарын небересиндей сүйө албады. Кантсин анан, аларды көргөн сайын жалгыз уулу көзүнө элестеп күйүткө алдырат. Элмира үй алам деп тытынып жүрүп 10 жылын өткөрүптүр. Бул аралыкта Кыргызстанга келип-кетип жүрүп, баары калыпка түшүп калган эле. Келген сайын апасы “жашсың, менин көзүм өткүчө, балдарың чоңойгуча турмушка чыгып ал” деп какшайт. Ден соолугу да жакшы эмес, кан басымы жогору, баарын ичине катып жүрүп астма оорусун да арттырган. Ал аз келгенсип бир күнү УЗИге түшсө энелик безинде киста пайда болуптур. “Турмушка чыксаң кетиши мүмкүн же операция кылып алдыруу керек” дешти. Ошол учурда азыркы жолдошу менен таанышып калды. Ага турмушка чыкты, ал жакшы киши, адамгерчиликтүү, балдары менен кабыл алды, үй алганга жардам берди. Баягы киста кетти, бирок ошол киста менен кошо кызы экөөнүн ортосундагы жылуу мамилеси тарап кеткендей болду. Турмушка чыкканда кызы катуу таарынды. Же өз энесинен, же таенесинен жетиштүү мээрим ала албаган балдар башкага мээрим да бере албай, мерез болуп калышат тура. Андан бери кызы менен уулуна өзүнчө үй алып берем деп жан талашып жүрүп бир жыл өтүп кетиптир. Мына, эми көптөн бери эңсеген үйдү алып келгендегиси эле. Бирок кызынын таарынычы жазылчудай эмес...

 

Гупа Эргешова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1115, 19-25-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан