Аялдарга карата зомбулукту ачык көрсөткөнү үчүн ызы-чуу салган “Клюква шербети”

“Кан кусуп жатсаң да, клюква шербетин ичтим де!” Түрктөрдүн бул макалынан улам сериал “Клюква шербети” деген аталышка ээ болгон. Макалды чечмелей келгенде, үй-бүлөдө эмне маселе болуп жатса да, өлүп баратсаң да аны сыртка чыгарбай, өзүңдү татыктуу карма дегенди түшүндүрөт. Түркияны силкинткен, көптөгөн өлкөлөрдөн күйөрман топтогон сериалдын таржымалы бизге да кызык болду.

Тарткан өлкө: Түркия

Чыккан жылы: 2022-2023-2024-жыл

Жанры: мелодрама, драма

Режиссёру: Кетже

Канча серия: 2 сезон

Башкы ролдордо:  Барыш Кылыч, Эврим Аласья, Сыла Түркоглу, Догукан Гүнгөр, Сибель Ташчиоглу, Мюжде Узман жана башка

Хит

2022-жылы түрктөрдүн “Клюква шербети” экранга чыгары менен аз убакытта хит сериалга айланган. Эмне үчүн? Бир карасаң баягы эле кландардын кармашы, Ромео менен Жульеттанын сүйүү баянын заманбап стилге салган чыгарма сезилет. Бирок сериалдын сценарийи чынында эле болгон окуянын негизинде жазылган. Сценарист Мелис Живелек буга чейин да популярдуу болгон “Тыюу салынган сүйүү” сериалынын сценарийин жазган эле. Анын кезектеги эмгеги көрөрманды кайдыгер калтырган жок. Бул ирет да жашоодон алы нган окуялар, көпчүлүк адамдардын башынан өткөн тагдырлар көрөрмандын жүрөгүнөн орун алды. 2023-жылы “Клюква шербети” “Жылдын мыкты сценарийи” наамына ээ болгон. 2023-жылы 2-сезондун чыгышы менен учурдун дагы бир хит сериалы “Зимородок” менен рейтинг талашып, үзөнгүлөш келе жатат.

Чырлуу окуяларга бай

 Сериалда аялдарга карата зордук-зомбулук ачык жана көп көрсөтүлгөнү үчүн Түркиянын Жогорку телекөрсөтүү кеңеши тарабынан 1,5 миллион түрк лира суммасында айып пул салынып, сериал 5 жолу токтотулган. Керекпи, жабылып калуу коркунучунда болчу. Бирок дүйнө жүзү боюнча чогулган көрөрмандар “Клюква шербетин” жабылуу коркунучунан сактап калган. Баса, сериалдын өзүнүн фан-базасы бар. Ал жакта ар кайсы мамлекеттен чогулган өкүлдөрдүн саны
25 миллиондон ашат.

 Көптөгөн сынчылар “Клюква шербетин” түрк киносу үчүн тайманбас жана ачык деп айтып жатышат. Сериал көптөн бери тымызын болуп келген салттар менен заманбап көз караштардын карама-каршылыгын чагылдырат. Азыркы учурда да Түркиянын айрым үй-бүлөлөрүндө кездешкен турмуштун курч көйгөйлөрү, аял-эркек мамилесиндеги теңсиздик, зомбулук, аялдардын ишенимсиздиги, караңгылыгы жана дин менен заманбап маданияттын тирешүүсү чагылдырылган. Сериал экранга чыккандан кийин эки тараптуу кагылышууга туш болгон: консервативдүү коом менен заманбап коомдун бетме-бет келүүсү.

Баш каарман Фатихтин ролун ойногон актёр Догукан Гүнгөрдүн башынан да оор учурлар өткөн. Бул окуялар сериалда Фатих Догадан кызын тартып алгандан кийин башталган. Тасма менен жашоону ажырата билбеген көрөрмандар актёрду көргөн жеринен жанына келип, “эсиңе кел!” сыяктуу эскертүүлөрдү айтышкан. Керекпи, коркутууга чейин барган “эр жүрөктөр” болгон.

Ким жеңет?

Сериалды көрө электер үчүн бир аз кириш сөз кылып кетели. Эки үй-бүлөнү бириктире албай же өзүлөрү ажыраша албаган баш каармандардын аты Фатих жана Дога. Фатих кичинесинен консервативдүү, диний көз караштагы, патриархат өкүм сүргөн үй-бүлөдө чоңойгон бала. Ал эми Доганын апасы Кывылжим жолдошу менен ажырашкан, карьерасын түптөп, мектепте директорлук кызматты аркалаган айым. Ал эки кызын билимдүү, өзүнө ишенимдүү кылып тарбиялаганга бүт күчүн жумшаган, заманбап маданиятты колдогон адам. Улуу кызы Дога университетте дарыгерликке окуп жатып, ошол эле окуу жайдын бүтүрүүчүсү Фатих менен таанышып калат. Ортолорунда махабат оту тутанган эки жаш мамилелерин үй-бүлөсүнөн сыр тутушат. Бирок сырды көпкө сактоого мүмкүн болбой, Доганын кош бойлуу экени билинип калган. 

Кубанган Фатих дароо сүйүктүүсүнүн колун сурайт. Кызыктын баары ошондо башталат. Айласы жок бириккен эки үй-бүлө бири-биринин жашоо образын көргөндө бардык эмоциялар жетишсиз эле... Фатихтин үй-бүлөсүндөгү айымдардын баары жоолук оронгон, эркектин көзүн тик карабаган, алардын уруксаты жок көчөгө чыкпаган, билим албаган, иштебеген жашоого көнүп калышкан. Аларды көргөн Кывылжим Доганын келечек тагдырына санааркап, аны да окуудан чыгарып, жоолук салынтып, эрксиз кушка айлантып салышат деп ойлойт. Мындай карама-каршылыктар барган сайын көбөйөт. Карама-каршылыктар менен кошо сүйүү сызыктары да кошулат. Акыры ким жеңет? Аны сериалдан көрүңүз, окурман. Баса, сериалдын 3-сезону да тартылат деген жакшы кабар бар.

Догукан Гүнгөр (Фатих)

Туулган жери: Түркия, Анкара

Туулган жылы: 1996-жыл, 1-июль

Жылдыз белгиси: бөйөн

Баш каарман Фатихтин ролун ойногон актёр Догукан Гүнгөр буга чейин бир нече долбоордо өзүн көрсөткөн. Баш каарман катары “Феникс кушу” сериалында да ойногон. “Клюква шербети” актёр үчүн маанилүү жана ийгиликтүү сериал десек болот. Анткени дал ушул долбоордон кийин анын ысымы Түркиянын перспективдүү актёрлорунун катарына кирди. Догукан Анкара шаарында жашаган жөнөкөй, чыгармачылыктан алыс үй-бүлөдө төрөлүп, өскөн. Жогорку билимди да театр жана кино жаатында алган.

Сыла Түркоглу (Дога)

Туулган жери:Түркия, Измир

Туулган жылы: 1999-жыл, 18-апрель

Жылдыз белгиси: кой

Сериалдагы өнөктөшү Догукан Гүнгөргө салыштырмалуу Сыла Түркоглу баш каармандын образын жарата элек болчу. “Клюква шербети” актрисанын карьералык бактысын ачты. Сыланын кино дүйнөсүндө жүргөнүнө быйыл 6 жыл болот, 2018-жылы дебют жасаган. “Клюква шербетиндеги” ролу үчүн Догукан Гүнгөр менен биргеликте алгачкы “Жарык жылдыздар” номинациясында “Алтын көпөлөк” сыйлыгын алышты.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1115, 19-25-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан