ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 29-апрелден 5-майга чейин

Кой 
(21.03–20.04)

Жеке кызыкчылыктарыңызды дайыма башкалардыкы менен тыгыз байланышта ала жүрүңүз, болбосо чоң чырга жол ачкан болосуз. Аптада эмоционалдык абалыңыз бир калыпта болот. Суудан кургак чыгуу жөндөмүңүз бул жолу да жакшы натыйжасын берет. Сүйүктүүңүздүн колдоосу майда кыйынчылыктарды жеңүүгө жардамын тийгизет. Бойдоктордун жашоосунда азгырыктар көп болот, кийин өкүнүп кала турган кадамдарга барбай койгонуңуз туура.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Туюу сезимиңиз сизге туура жол көрсөтөт, андыктан олуттуу чечим чыгарууда же тандоо жасоодо алтынчы туюмуңузга гана ишенип иш жасаңыз. Үй-бүлөлүк маселелерде баары жумуштагыдай ийгиликтүү болбойт, сабырдуу болууга аракет кылыңыз. Актанууга аракет кылбаңыз, бирөөнү ишендирүү аракетиңиз жөн эле текке кетет. Ден соолугуңузга аяр мамиле кылууга убакыт келди, башталган ооруну дароо баспасаңыз, ал дарт узакка сиз менен чогуу болушу мүмкүн.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Апта сиз үчүн оңой болбойт, башкысы – кыйынчылык келгенде ызы-чуу түшпөй, эмоцияга алдырбасаңыз эле жеңиш сиз тарапта болот. Айланаңыздагыларга болгон таарыныч, ызаны коё бергенге аракет кылыңыз, ошондо гана жашооңузда жакшы өзгөрүүлөр болот. Муктаж болсоңуз жардам суроодон коркпоңуз, сөзсүз кол сунган адамдар табылат. Кызмат ордуңуздан бошотулушуңуз мүмкүн, муну сиз жаңы мүмкүнчүлүк деп түшүнүңүз. Алдыда сиз багындырчу ийгиликтер көп.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Кызыктуу көрүнгөн жумуштун баарын баштай бербеңиз, банкрот болуп чоң акчага күйүп кетесиз. Азырынча тобокелге барбай туруңуз, мээнет менен топтогон нерселериңизден ажырап калуу ыктымалдыгы жогору. Түштөрүңүзгө көңүл буруңуз, аптада аян берген түштөрдү көрүшүңүз мүмкүн. Айымдар туура кийинип, боёнгонду үйрөнүп өздөрүнө кам көрүп башташы керек. Бул нерсе өзүңүздү сулуу сезип, эл арасында ишенимдүү болууңузга жардам берет.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Аптада кокусунан болгон окуялар жашооңузга чоң бурулуштарды алып келет. Мисалы, банкта кезекте туруп же ооруканага дарыланууга барып болочоктогу сүйүктүүңүздү жолуктуруп калышыңыз мүмкүн. Майда материалдык көйгөйлөр жаралат, мындай кырдаалда үмүт үзбөй аракетиңизди жасай бериңиз, “кыбыраган кыр ашат” деген сиз болосуз. Кызыктуу адамдар менен жагымдуу баарлашуу, сейилдөө, алтургай спорттук эс алуу күтөт.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Сизге укмуш ийгилик жылмайгандай сезилет, бирок бул өзүңүз түзүп алган коркунучтуу иллюзия. Керемет окуялар жомоктордо гана болот, калган учурда өз аракетиңиз гана керектигин унутпаңыз. Өтө ийгиликтүү сезилген таанышуулардан да сак болуңуз. Жумуш ордуңузду өзгөртүү же жаңы хобби табууну ойлонуп жүрсөңүз ушул аптада аракетти баштасаңыз жакшы жыйынтыктарга жетесиз. Айымдар үчүн кош бойлуулукту пландоого, үй-бүлө курууга ылайыктуу жума.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Үй-бүлөсүндө көйгөй болуп жаткан тараза мырзалар жакындары менен жарашып, мамилесин жөнгө салып, жан дүйнө тынчтыгын орното алышат. Тараза айымдар аралыктан сүйүү мамилесин курууга мүмкүн экенине өз тажрыйбасынан улам ынанышат. Виртуалдык дүйнөдө таанышкан адамы менен жолугуп, ага болгон жылуу сезими мурункудан да күчөйт. Эсепке так болуңуз, эсептен адашсаңыз  башкаларга тиешелүү каражаттарды төлөп бергенге туура келет.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Күтүлбөгөн жерден мамлекеттик, коомдук иштерге аралашып калышыңыз мүмкүн. Бардык маселелериңиз оңой жана жеңил чечилет. Ден соолугуңузга өзгөчө көңүл бурушуңуз кажет, суу процедуралары, массаж, тынымсыз кыймыл бул нерселер сиздин абалыңызды жеңилдетет. Бойдоктор сүйүүдө өз чек араларын туура койгонду үйрөнүүсү зарыл, эгер сиздин принциптер башкаларга зыянын тийгизип жатса аны карап чыкканыңыз туура.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Пландаштырган иштерди уюштуруу менен баштаңыз. Убактылуу бош болсоңуз, жумуш издебей туруңуз, бош учуруңузда энергияңызды толтуруп, толук кандуу эс алууга аракет кылыңыз. Соода кылууга ыңгайлуу апта, орточо кирешеңизге карабай дүкөнгө барсаңыз жакшы, сапаттуу буюмдарды сатып аласыз. Апта ортосунда чечилбеген маселелер жаралат, бардык маселелерди бир эле учурда чечүү үчүн тапкычтык жөндөмүңүздү ойготушуңуз керек болот.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Көп акча тапсаңыз деле бат эле короп кетип жатабы, демек, оюңузду өзгөртүңүз. Башкаларга ашыкча басым жасагандан оолак болуңуз. Чоң долбоорго катышууга сунуш түшөт, бирок жумуш ордуңузду өзгөртүүгө шашпаңыз. Жумушта иш кагаздарын, документтерди иретке келтирип баштаңыз. Айымдар убактысын жакындарына арнаганы жакшы, үй-бүлөңүз менен театрга, киного же кафеге барыңыз. Медитация кылуу да пайдалуу болот.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Жаңы таанышууларга ачык болуңуз, жолугушууга чакырса баш тартпаңыз, алдыда сиздин тагдырыңызда бурулуш жасачу чоң сюрприздер күтүп турат. Башкысы эч кимдин акылын, кеңешин укпаңыз, артка кылчайсаңыз эле күмөн ойлор жолуңузду торойт, андыктан алдыга гана кадам таштаңыз. Эң чоң пландарыңыз кыска мөөнөттүн ичинде аткарылат. Башкысы өзүңүздүн күчүңүзгө, дареметиңизге ишениңиз. Шартсыз ишеним – бул бардык ийгиликтердин башаты.

Балык
(20.02–20.03)

Кокусунан эле психологияга, нумерологияга кызыгып баштасаңыз бул жөн жерден эмес. Демек, өзүңүздү табуу аракетиндесиз. План жазып алып иш баштаганды унутпаңыз. Мырзалар олуттуу чечим кабыл алууда ички карама-каршылыкка кептелет. Айымдар мурунку сүйүүсү менен романтикалык мамилесин жанданта алышат. Күнүмдүк түйшүктөрдөн качуу үчүн тыныгуу алыңыз, болбосо жасаган аракетиңизден жакшы жыйынтык чыкпай кыйналасыз.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1116, 26-апрель-2-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан