ТИКТОК ЖАБЫЛДЫ. Чын эле пайдасынан зыяны көп беле?

УКМКнын талабынын негизинде 18-апрелден тарта Кыргызстанда Тикток социалдык тармагы расмий жабылды. Албетте, коомчулуктун реакциясы бирдей эмес. Тикток жабылды деп сүйүнгөндөр да, жаап туура эмес кылышты деп сындагандар да бар. Бирок Тикток биротоло бөгөттөлдү деп айтууга азырынча эрте. Анткени талган соцтармакка VPN аркылуу кирип жатканын айткандар көп. Ошентсе да чектөө деген чектөө, сөзсүз анын терс таасири тиери байкалат.     

 Динара Руслан, IT-адиси: “Тиктокту толук бөгөттөө мүмкүн эмес”

– Кандай социалдык тармак болбосун ага толугу менен бөгөт коюу мүмкүн эмес. Бизде Тиктокту жабуу иши кандай жүрдү? Тиешелүү органдар “ушул социалдык тармакка бөгөт коюп бергиле” деп мобилдик операторлорго кат жиберишти. Алар Тиктокко кете турган трафикти жаап коюшту. Бул Тиктокко кирүү такыр токтоду дегенди билдирбейт. Платформа чектелген кубаттуулукта жана төмөн ылдамдыкта иштей берет, мисалы, файлдарды жай өткөрүп берет. Социалдык тармакты толук бөгөттөө өтө оор процесс, техникалык жактан мүмкүн эмес. Колдонууну олуттуу түрдө чектеп, колдонуучулардын платформага кирүүсүн кыйындатса гана болот. Кирем дегендер VPN тиркемеси аркылуу кире беришет. Бирок Тикток колдонуучулардын 80 пайызы карапайым адамдар, алар VPN деген эмне, ага кантип туташыш керектигин билишпейт. Билгендер 10-20 пайызды гана түзөт.

VPN – бул сенин кайсы IP даректен кирип жатканыңды жашыруучу жеке тармак. Колдонуучу VPN аркылуу Тиктокко киргенде уюлдук операторлор сенин кайсы даректен кирип жатканыңды таппай калышат. VPN тиркемелери жеке маалыматтарды уурдоого жол ачат деп жатышат. Эми ар кандайы болот, бирок  VPN күйүп турганда банк карталары жөнүндө маалыматтарды колдонбогон жакшы. VPNдин сапаттуусу жана сапатсызы бар, кандай бөгөттөө болсо да алардан буйтап өтө тургандары бар, аны азыр орусиялыктар колдонуп жүрүшөт.

Дастан Бекешев, депутат: “Тиктокту жабуу – бул саясий чечим”

– Тиктоктогу акыркы тенденцияларды байкап көрсөңүздөр, ал жакта саясий чакыруулар айтылып, кайсы бир мамлекеттик органдын ишине нааразылардын пикири байма-бай чыгарылып жаткан. Мына ошол үчүн жабылды, Тиктокту жабуу – бул саясий чечим болду деп эсептейм. Негизи соттун чечими менен жабылышы керек болчу, бизде бир мамлекеттик органдын каты менен эле жаап коюшту. Мисалы, АКШ Тиктокту жөн эле жаап салган жок, 3 жыл изилдеп, далилдерди таап анан тыюу салганы жатышат. Негизи көп өлкөлөр Тиктокко тыюу салууну колдоп жатышат, бул дагы геосаясаттын предмети болууда деген пикирдемин. АКШ “биздин саясатчыларды Тикток аркылуу аңдып жатышат” деген жүйө келтирип жатпайбы. Бирок ошол эле учурда Инстаграмдын ээси, америкалык “Meta” компаниясы колдонуучуларын геолокация аркылуу аңдыйт, эмнеге ага тыюу салынбайт анда? Мен Тиктоктун эрежелерин окуп чыктым, чылым чеккениңди, спирт ичимдиктерин ичип жатканыңды көрсөтүүгө жол берилбейт экен. Тикток аркылуу бизнес кылып жаткан кыймылсыз мүлк агенттиктери, кондитерлер жана башка чакан бизнес баштап алгандар “эми кантебиз” деп жатышат. Менимче, Тиктокту жабуу менен көп адамга зыян келтирип алдык.

Илияс Чыңгысбек уулу, блогер: “Тиктоктун “жиндилери” жок болуп кетпейт, башка жакка өтүшөт”

– Тикток бизге жаңылык киргизген социалдык тармак эле. Көпчүлүк жаңыдан өздөштүрүп, ишкердик баштап оокат кылып келе жатышкан. Жабылгандан кийин көрүүлөр 70 пайызга азайды, айрымдары VPN, Wi-Fi менен кирип жатышат. Бирок жыйынтык баары бир баштагыдай эмес. Камтуусу (охват) мурункудай болбой, кароолор, лайктар азайды. Менимче, Тиктоктун жабылышынын пайдасынан зыяны көп болот. Азыр бизнестин баары онлайнга өтүп жаткан заманда Тикток абдан ыкчам иштеп жаткан, анткени ал жакка жүктөлгөн видеолор бат тарайт, элге тез жетет, аудиторияны бат чогултасың. Эми мындан ары кандай болот? Тиктоктон товарын сатып онлайн иштеп жаткан ишкерлердин товарлары өтпөй калат. Эл арасынан чыккан таланттарды көрө албайбыз, Тиктоктон көптөрдүн жылдызы жанып элге таанылып жаткан эле. Кыргыздын кооз жерлерин көрсөтүп, туристтердин келишине жол ачылган болчу, туристтер азаят. Тиктокту жапкандар “маалыматтар иргелбей, балдардын өнүгүүсүнө зыяны тийип жатат” деген доомат коюп жатышпайбы. Тиктоктогу жиниккен адамдар жок болуп кетпейт, алар эртең башка социалдык тармактарга барышат. Бөгөт коюунун ордуна балдарга кызыктуу контент жаратууну үйрөнүшүбүз керек эле.

Cаади Кожобеков, тиктокер: “Сөз эркиндиги жашаган платформа болчу”

– Тикток бул жарнама, жумуш берүүчүлөрдүн жардамчысы, прогресс, сөз эркиндиги, ой эркиндиги жашаган платформа болчу. Жабылганына нааразылар көп болуп жатат, балким, кайра талдап чыгышса чектөөлөр алынып калар деген пикирдемин.

Салтанат Шекенова, ырчы: “Мага жабылганы байкалган деле жок”

– “Тикток жабылды” дегени эле болбосо мага такыр байкалган жок, түз эфирде көрүүчүлөрүмдүн саны мурункудай эле. Белек бергендер деле азайбады. Айтор, баары эле кирип отурушат. Жабылсын деп чечим чыгаргандар алгач ошол өздөрү зыян деп эсептеген контенттерди өчүртүү боюнча Тиктоктун башкы кеңсесине кат жөнөтүшсө деле болмок. Эмне үчүн жалпы платформаны  жаап салышканын түшүнгөн жокмун. Мурун Тиктокко киргенибиз үчүн өзүбүздүн өлкөгө акча түшүп турчу, азыр чет өлкөлүктөр чыгарган VPNге кетип жатат ошол акчалар, айырмасы ушул гана. Мамлекет өзүнө өзү зыян келтирип алды го дейм.

VPN деген эмне?

VPN – (англисче: virtual private network) виртуалдык жеке тармак. Жөнөкөй тил менен айтканда, колдонуучунун аппараты менен сервердин ортосундагы корголгон туннель. Иштөө принциби колдонуучунун IP дарегин үчүнчү тараптардан жашырып, жеке маалыматтарын бекем сактоо болуп саналат. Буга чейин Орусияда айрым социалдык тармактарга кирүүгө тыюу салынгандан тарта жарандар аларга VPN аркылуу кире башташкан. Мындан улам Орус бийлиги кезектеги кадамга барып, 2024-жылдын 1-мартынан тарта аталган өлкөдө VPN-сервистерин популяризациялоого тыюу салынган.  

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1116, 26-апрель-2-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан