Самат Эркинбеков, актёр: “Өзүм дегенде өгүздөй күчүм бар экен”

Көптөгөн долбоорлордун багын ачып, белгилүү адамга айланса да, өзү айтмакчы, жөнөкөйлүгүнөн жаза элек. Мээнеткеч, бир ордунда турбаган адам. Актёр, алпаруучу, шоумен Самат Эркинбеков менен маегибиз дайымкыдай кызыктуу болду.   

– Самат, кандайсыз? Акыркы жаңылыктарыңыздан айтып маекти баштап берсеңиз?

– Чакырганыңыздарга рахмат. Аялым да “сени “Супер-Инфо” жыл сайын башкы бетине чыгарат” деп жатат. “Чыгарып жатышса, демек, иштеп жатканымдын белгиси. Алар деле дайынсыз бирөөдөн эмес, иштеп жаткан адамдардан интервью алышат да” деп туруп чыкыйып кийинип келе бердим (күлүп). Чыгармачылыктагы жаңылыктардан айтсам, эки жылдан бери бирөөлөрдүн киносуна тартылып жүрдүм. Май айынан тарта өзүмдүн “Карындаш” деген аталыштагы тасмамды тартайын деп даярдык көрүп жатам. Өзүм дегенде өгүздөй күчүм бар экен, каражатты да, башкаларын да таап койдум. Өзүм 19-20 жашымдан бери кинолорго тартылып жүрөм, кино бул азарт да. Кыйынчылыгы бар, албетте, бирок өзүң жазган сценарий боюнча тартып, актёрлор менен иштешип, эмгегиңди кайра көрүп отуруу бул өзүнчө ырахат.

– Сиздин киного чейинки жолуңузду окурмандар жакшы билишет. Ийгиликке жетүүңүзгө кайсы сапатыңыз өзгөчө жардам берди деп ойлойсуз?

– Жөнөкөйлүгүмдү элдин баары жакшы көрөт. Ушул мүнөзүмдү “фишкам” деп айта алам. Мен атайын деле жөнөкөй болбойм, бул ата-энемдин тарбиясынан. Апам кичинемде “балам, көчөдөн тааныш көрсөң учураш, ал-абалын сура, кошуна келсе үйгө кирип тамак ичкиле де, жок десе, анда нан ооз тийгизип кетир” деп кулагыма куюп чоңойткон. Кошуналарыбыз “балаң мени менен учурашпай койду” дешсе, апам мени урчу кадимкидей. Көрсө, бул жөн жерден эмес экен да. Чөйрөң менен тил табышып кетүүдө, мамиле курууда адамдын кулк-мүнөзү абдан чоң ролду ойнойт тура. Жөнөкөйлүгүм үчүн мени тойго, телеге алпаруучулукка чакырышат, мени менен кинодо иштешкиси келишет. Айтор, жөнөкөйлүгүмдүн пайдасын гана көрүп келем.

– Ата-энеңизден эртерээк ажырагансыз, тагдырга арга жок. Алардын мээримине тойбой калгандай абал болобу жашооңузда?

– Ата-эне мээрими жетишпей өксүгөн жокмун, чынында. Анткени ата-энем мен 1-курста окуп жүргөндө каза болушту. Апам мени окууга тапшыртып коюп көз жумган. Бизде, кыргыздарда, ата-энелер “балам кийсин, балам ичсин, ушулар кийин бизди багат” деп бүт өмүрүн, ден соолугун балдарына арнап коюшат эмеспи. Менин ата-энем да убагында өздөрүнө жетиштүү көңүл бурбай, ден соолугун бизге садага чаап коюшкан. Өкүнгөнүм – биздин жакшылыктарыбызды, алтын тагына турган, шуба кийе турган, чалкалап унаа айдай турган куракты көрбөй кетишти. Жубайым Чолпонду апама аябай окшоштурам. Азыр апам тирүү болсо экөө сонун тил табышып кетмек. Биз үйлөнгөндөн кийин Ак-Өргөөдөгү үйүбүздү агам менен жеңеме калтырып, батирге чыгып кеткенбиз. “Үйдү агаңа таштайлы, сенде үй алганга мүмкүнчүлүк көбүрөөк” деген сунушту жубайым айткан. Кийин өзүбүз батирлүү болдук.

– КВН ааламынан чыккан балдар кино тартып жүрөсүңөр. Жумуш болгон соң ортоңордо атаандаштык барбы?

– “Тамашоудон” чыккандар дайыма чогуу отуруштарды уюштуруп турабыз. Камераларды өчүрүп, эшиктерди жаап алып бири-бирибизди катуу тамашалайбыз. Бизде атаандаштык кылып артыбыздан сүйлөп, интрига жасап жибермей деген адат жок, сынды деле тамаша аркылуу балчайта бетине айтып коёбуз. Ага эч кимиси таарынбайт деле.

– Дегеле кино тармагында өсүп келе жаткан жаш муун боюнча оюңуз кандай?

– Азыр баарыбыз эле шашып жашап калгандай сезилет. Байкасаңыз, көптөр “тигини эптеп бирдеме кылыш керек, муну тигинтиш керек” деп эле басып жүрүшөт. Анан бат, ылдам, бачым деген сөздөр көп айтылып калды. “Мага тез чала койчу, тезирээк барып келели” деп шаштыргандар толтура. Жаштар бат эле атактуу, бат эле бай, бат эле ийгиликтүү болгусу келишет. Бүгүн бир киного тартылып, эртең популярдуу болуп, бүрсүгүнү ошол атактуулугу менен ири киреше тапкысы келгендер бар. Ойлоп көрсөм, бир нерсени үйрөнүп, тажрыйба топтоого эле 7-8 жылым кеткен экен. Эмгегибиз үчүн акы сураганды деле билбептирбиз. Эмил Эсеналиев экөөбүз жол киреге акча таппай ар кимден сурап “Тамашоунун” концерттерине катышып кетчүбүз. “Тамашоуго” чыкканыңар үчүн силерге акча төлөйбү?” деп көп сурашчу. Кайдан акча сурайсың, сахнага чыкканыңа сүйүнүп жүрсөң. Көрсө, ошол нерсенин баары тажрыйба экен да, азыркылар ошонун баарына бир күндө жеткиси келип жатпайбы. Насыя, бөлүп төлөө деген нерселер да элдин аң-сезимин бузду. Ушул нерселер да “акча, акча” деп жашоого түрттү окшойт.

– Мурун актёрлордун тартуу талаасындагы шарттары анча эмес болгону белгилүү, азыр кандай?

– Азыр кино өнүккөнгөбү, шарттар аябай жакшырган. Мен жакында эле Руслан Акундун “Мурас” деген тасмасына тартылдым. Командасы аябай жакты. Руслан байкенин “мы любим актёров” деген жакшы сөзү бар, тартуу талаасында чай-кофе, шоколад, таттууларды, баарын алып келе беришет. Жеке мага эле эки жардамчы бекитип берди. Алар мага сценарий окуп беришет, телефонума бирөө чалса жооп берип коюшат, кубаты түгөнүп калса кубаттап келип беришет, айтор, актёрдун көзүн эле карап турушат. Мунун баары сенин маанилүүлүгүңдү арттырат. Ушундай мамиледен кийин, албетте, моюнуңа чоң жоопкерчилик илинет. “Берилген ролду майын чыгара аткарайын” деп аракет кыласың.

– Тартуу талаасында “каприздерин” көрсөткөн актёрлор да көппү?

– Актёрлорду билбейм, бизде көбү эле жөнөкөй адамдар. Бирок ырчыларды тасмага тартууда кыйналгандарды көргөм. Ырчылар актёрлордой болуп тартуу талаасында 15-18 сааттап иштеп бере алышпайт. “Эй, менин тоюм бар, концертим бар” деп кетип кала беришет. Ага баары бир, сен ал съёмка үчүн 300 миң сом коротконуң менен иши жок, өзүнүн 200 долларлык тоюн ойлойт. Ал кетсе тартуу иши токтоп каларын түшүнбөйт.

 

Кыска-нуска

– “Тамашоучулардын” кимиси менен мушташсаңыз жеңе аласыз?

– Бакыт Осмонкановду. Оюма биринчи ошол келди, билбейм неге. Балким, бою кичине болгону үчүндүр.

– Жаныңызда азыр канча сомуңуз бар?

– Жанымда азыр банктык картам жүрөт. Анда 30 миң сом бар.

– Үйдө акчаны ким кармайт?

– Мен кармайм. Апам “үйдө акчаны эркек киши кармашы керек” деп үйрөткөн. Бирок аялым сураса суроо-талабы жок берем.

– Көтөргөн телефонуңуз канча сомдук?

– Айфон 15, 130 миң сомго алгам.

– Сулуу кыз көрсөңүз бутунан өйдө карайсызбы же башынан ылдыйбы?

– Бардык адамдарды бутунан өйдө карайм.

– Аялыңыздын сизге жакпаган адаты?

– Ыргытына берет. “Мусор” деп жакшынакай кийимдеримди деле ыргытып, же бирөөгө берип салат. Ошол адаты жакпайт.

– Эмнеңизден уяласыз?

– Билбейм, идеалдуу болсоң деле жаман экен өзү (күлүп).

– Гонорарыңыз миллион сомдон көбөйдүбү?

– Ошол эле бойдон. Бирок жакшы сценарий болсо киного бекер тартылып берүүгө деле даярмын.

 

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1116, 26-апрель-2-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан