13 жашар кыз зордукталганбы? Үч жыл мурунку окуя ачыкталды

Кыргызстанда жашы жете элек кыздар менен балдар зомбулукка кабылып, бирок кылмыштын бети ачылбай калган учурлар арбын. Сокулуктун тургуну Болот Жаныбек уулунун жалгыз карындашы, 13 жаштагы Адинай Жаныбекова 2021-жылы зордукталган, өз жанын кыйган деген маалымат чыкты. 3 жыл мурунку окуяны коомчулукка ачыктоого жакында Сокулуктагы 13 жаштагы кызды зордуктоо фактысы түрткү болгонун айтат кыздын жакындары. Окуянын чоо-жайы макалада айтылат.

Болот Жаныбек уулу, маркумдун агасы: “Карындашымды зордуктап, анан үйлөнөм деп айылга алып кетиптир”

– Карындашым Адинай 2008-жылы төрөлгөн. Ата-энебиз каза болуп таежемдин колунда чоңоюп жаткан, каникулдарда менин үйүмө да келип турчу. 2021-жылы январь айында Адинай биздикине, Бишкекке конок болуп келип, кайра Сокулукка таежемдикине кеткен болчу. Бирок таежемдикине жетпей дайынсыз болуп кетти. Эжейинен, классташтарынан, курбуларынан баарынан сурап чыктым, тапкан жокпуз. Менин аялымдын Инстаграмынан кирип, Искен деген бала менен “жолугушалы” деп жазышкан экен, ошол жазышууларын окуп калдым. Эртеси милицияга барып карындашым жоголуп кетти деп арыз жаздык. 3 күн тынбай издедик. 18-январь күнү унаам менен жолдо баратып карындашымды таап алдым. Дендароо болуп эле көчөдө басып баратыптыр. “Каякта жүрдүң, эмне болду сага?” десем толук кандуу жооп бере албайт. Окуянын чоо-жайын кийин өзүнө келгенде айтып берди. Көрсө, жоголгон күнү аны Искен деген таанышы “жүрү, паркка айланып келебиз” деп алып кетип, экөө кечке сейилдеп жүрүп "Ош базар" жактагы мейманканага барышат. Карындашым ал жер мейманкана экенин деле билген эмес, тиги таанышы “бул менин үйүм” деп алып кирген. Алдап алып кирип зордуктаган. Эртеси карындашым “эми үйдөгүлөргө эмне деп айтам” деп ыйласа, “мен сени сүйөм, экөөбүз үйлөнөбүз, жүрү мени менен айылга” деп карындашымды Ала-Букага үйүнө ээрчитип кетиптир. Үйүнө жеткиче жолдон да зордуктаптыр. Адинайды айылга алып барганда, үйүндөгүлөр деле кичинекей кыз экенин көрүштү да. Кайра жолуна салышыптыр, баласын агасына кошуп берип. Жолдон карындашымды аябай такып сурашыптыр, “ата-энең барбы, каякта, ким болуп иштешет, сен барганда тигинтип-минтип айт, өз каалоом менен келдим деп айт” деп үйрөтүшүптүр. Шектүүнүн агасы жолдо келе жатып кырсыкка учурайт. Ошондо Адинайдын колуна 5000 сом карматып “дарыканадан бойго бүтүрбөөчү дары алып ич” деп айтыптыр. Ошентип жолдо келе жатканда мен таап алып жатпаймынбы.

“Шектүүнү сотко берели десем, карындашым болбой койду”

– Карындашым жоголгондо милицияга арыз жазылган эле. Мен аларга чалып “карындашым зордукталыптыр, экспертизадан өткөрүп, шектүүнү кармап бергиле” дедим. Милиция кызматкерлери жакшы иштеген жок. Шектүү менен карындашымды жолуктурганда “байке, мен Искенди сүйөм, соттотпой эле коюңузчу” деп туруп алды. Ошол кылмыш иши кантип жабылып клаганын билбейм. Бирок мен тосмо арыз жазып берген эмесмин. Кийин шектүү тараптын туугандары менен сүйлөшүп, мейли, 18ге толсо турмушка чыгар деп мен да жөн койдум. Шектүү тараптын туугандары тиги баланы “Москвага иштеп келет” деп жиберишти, ошондо деле карындашым түн жарымга чейин анын телефон чалышын күтүп сүйлөшчү. Ал бала Москвага кеткенден кийин карындашым менен жакшы сүйлөшпөй калган окшойт, акыркы күндөрү “сен кандай кызсың, сен үчүн милициядагы ишти жабууга туугандарымдын 10 миң доллары кетти, окууңа 400 доллар төлөдүк” деп урушуптур. Карындашым чалса “чалба, мен түнкү саат 12де жумуштан бошойм” деп койчу экен. Искен менен сүйлөшөм деп түнкү саат 2-3кө чейин уктачу эмес. Көп өтпөй карындашым мен жашаган үйдүн 6-кабатынан боюн таштап каза болуп калды. Ушул нерсенин баары шектүүнүн айынан болду. Мен эмнеге азыр адилеттик издеп чыктым? Анткени ыза болдум, ичим күйдү, 13 жаштагы чырактай карындашымдан айрылдым. Башкы прокуратурага арыз жаздым эле, шектүүнү Ала-Букадан кармап келишти. Мага алардын акчасынын кереги жок, ал үй-бүлөнүн айылда унаага май куюучу жайлары, чоң дүкөндөрү бар экен. Искен өзү карындашыма ушулардын баары биздики деп мактаныптыр. Алардан бир эле жолу Адинайдын окуусуна деп 400 доллар алгам, болду. Анткени зордуктоо окуясынан кийин карындашым мурда окуп жаткан мектебине баргысы келбей, башка мектепке котортуп окутуп жаткам.

Замира Эшимбекова, шектүүнүн апасы: “Балам кызга боору ооруп үйгө ээрчитип келген”

– Окуя болгон 2021-жылы балам университетте 3-курста окучу. 20га жаңы толгон эле. Маркум Адинай менен Селекция айылынан шаарга барып-келип окуп жүргөндө маршруттук таксиден таанышыптыр. Кыз да таежесинин колунда Селекцияда жашачу экен. Мен баламды заманга жараша катуу кылып тарбиялабаганыма өкүнөм. Уулум аябай жумшак, боорукер, ишенчээк бала. Кыз менен таанышып 1-2 ай сүйлөшкөндө ал “ата-энем кичинемде эле ажырашып кетишкен, чоң атамдардын колунда чоңойгом, таежем, байкелерим урат” деп кейиштүү тагдырын айтып бериптир. Ошондо балам боору ооруп “анда жүр, үйгө алып кетем, мени менен айылга кетесиңби?” десе макул болуп ээрчип келе бериптир. Кыздын 14 жашта экенин билген эмес балам, 17 жаштамын, жакында 18ге чыгам деп таанышыптыр. Үйгө алып келгенде “шаардан 700 чакырым алыс айылга ата-энең кантип жиберди, берчи телефон номерлерин” десем кыз айтпай койду. Экөө достошуп ынак болуп алышканбы, бири-бирин сүйөбүз, бири-бирибизсиз жашай албайбыз деп туруп алышты. Бирок мен үйлөндүргөнгө макул болгон жокмун, “ата-энең менен сүйлөшүп анан келесиң” деп баламды агасына кошуп салып жибердим шаарга. Бишкекке барганда эле Болот деген байкеси “карындашымды зордуктады” деп баламдын үстүнөн арыз жазып жатпайбы.

“Кыз каза болгондон 8 айдан кийин баламды кармап кетишти”

– Балам Адинайдын жашы 14тө экенин милицияда суракта отурганда билип, таң калган. Кыз суракта агасына “байке, Искенди соттотпоңуз, менин жаш курагым жеткенде экөөбүз үйлөнөбүз” деп ыйлап жалдыраптыр. Медициналык экспертиза дайындалып, кыз таза чыккан. Зордуктоо дегенди каяктан алды байкеси, билбейм. Болот кыздын бир тууган байкеси эмес, атасы тараптан тууганы болот экен. Адинайды камкордукка алган Нуриза деген таежеси “мен бул кызды бакпайм, үйдөн кача берип тажатты” деп баш тартыптыр. Болот агасы камкордукка алайын десе документ иштери көп убакытты талап кылат экен. Бирок кыз такай ошол Болоттун үйүндө жашап жүргөн. Менин баламды зордуктоо кылмышына айыптаганда кыз таза чыгып, ал иш жабылган. Адинай 2022-жылы 2-апрелде Болот агасынын үйүндө 6-кабаттан боюн таштап каза болуп калды. Ошого “сенин балаң күнөөлүү” деп карындашы өлгөндөн 8 айдан кийин баламдын үстүнөн арыз жазып карматып берди. 

“Өзүм камкордукка алайын деген элем”

– Болот агасы бир жолу менин көзүмчө карындашын уруп, “бул кызга ушундай мамиле кылбаса тарбияга келбейт, эже” деп айткан. Кызга боорум ооруп, өзүм камкордукка алайын десем, чоочун адам камкордукка алыш үчүн кыз 6 ай балдар үйүндө жашашы керек экен. Адинай балдар үйүнө барбайм деп туруп алды. Ошондо Болот агасы “анда мен багып турайын, бирок шартым начар, силер каржы жагынан жардам бергиле” дегенде макул болгонбуз. Бир жолу 5000 сом, андан кийин 11000 сом бердим. Менде акча которулганы боюнча банктын дүмүрчөктөрү бар. Бишкектеги үйүнө барып Адинайды ээрчитип "Дордойдон" кийим-кечек алып бергем. “Селекциядагы мектепте окуй албай калды, №47 мектепке которгонго акча салгыла” дегенде дагы акча салдык. Айтор, акыркы күндөрү агасы бизди коркутуп-үркүтүп акча өндүргөнгө өттү. Жетим кыз эки жакка түрткүнчүк болбосун, 18ге чыкса балама турмушка чыгат деп ойлодум чынында. Көзүн жалдыратып эле эмне десең ошого макул болуп турса аядым. Анан баламды да сүйөм, ансыз жашай албайм деп турса энелик мээримим ойгонуп кетти. Анын өлүмү бизге да табышмак. Учурда балама “зордуктоо”, “адамды өлүмгө жеткирүү” беренелери менен иш козголуп, абакта отурганына 1 жылдан ашты. Бирөөгө жакшылык кылам деп кырчындай кезинде түрмөдө отурат.

Башкы прокуратура: “Ленин РИИБинин эки кызматкери сот жообуна тартылган”

– 2021-жылы Ленин РИИБине Болотбек Жаныбек уулу аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда жашы жете элек карындашы Адинай Жаныбекова зордукталганын билдирип, шектүүгө карата чара көрүүнү суранган. Аталган факт Ленин РИИБинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Бирок эч кандай тергөө аракеттери жүргүзүлбөй, айыпталуучу тарапты аныктоого мүмкүн болбогонуна байланыштуу иш өндүрүштөн кыскарган. 2023-жылдын 23-январында Башкы прокуратура тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн чечим жокко чыгарылып, тергөө иши кайра Биринчи Май РИИБине берилген. Ошондой эле Ленин РИИБинин кызматкерлеринин жана соттук-медициналык экспертизанын аракеттеринде кылмыш курамы байкалгандыктан аталган жагдай боюнча кылмыш иши козголгон. 2024-жылдын 21-февралында соттун чечими менен Ленин РИИБинин бир кызматкерине 1 миллион сом айып салынып, дагы 1 кызматкери 6 жылга эркинен ажыратылган.

 

Лунара Бекиева

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1116, 26-апрель-2-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан