Шоола (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Суроосу жоопсуз калды Канаттын. Кыз бир нерсе айтайын деп келе жатып Канаттын көзүндөгү өкүнүчтү байкай калды. Ал эми Канаттын көз алдында Шоола турган эле.

Алия менен Канат ушинтип таанышты. Эркин,  кичине баладай дили таза, бардык нерсени бетке айткан кыз көңүлүнө жакты. Бирок бул Канат каалаган сезим эмес эле. Ал ушунча жылдан бери бир гана адамды сүйүп, андан башкага жүрөгүндө орун калбай калган. Өзү моюнга алгысы келбеген бир чындык бар болчу. Эч ким Шооладай боло албайт ал үчүн. Эч кимге ага берилгендей бериле албайт, сүйө албайт, аны көргөндө жүрөгүндө учкан көпөлөктөрдүн канаттары кесилди. Андай болгондон кийин башка бир адамдын жүрөгүн оорутуп, ишенимин талкалап, ага да, өзүнө да адилетсиздик кылганы туурабы?

Кызды үйүнө жеткирип коюп машинесинде ушул ойлор менен алышып отурду. Апасы аны үмүт менен тосуп алды. Анын көздөрүн карай албай көзүн ала качты Канат.

– Эмне болду, уулум?

– Билбейм, ойлорум чачыранды. Бир жыйынтыкка келе албай койдум.

– Кыз жактыбы?

– Аны бактысыз кылып аламбы деп коркуп жатам, апа. Бирөөнүн кызы, убалы бар. Менин жүрөгүмдөгү оор жүктү ал көтөрө алабы? Ага билгизбей бул жүк менен кантип жашай алам? Кыскасы, ушул нерселердин баарын ойлонуп коркуп кеттим. Ачык бир нерсе дей албадым. Ашыкча эч нерсе деген жокмун.

– Убакыт керек, уулум. Азыр эч кандай жыйынтык чыгарбай тур. Балким, бул кыз сенин дартыңдын дабасы. Балким, жөн гана кезиккен бир жолоочудур. Балким, тагдырыңдыр. Аны билиш үчүн убакыт керек. Шашпа...

– Акылдуусуң, апа...

Апасы уулун мээрим менен тиктеп дал кичинесиндегидей башынан сылап койду. Ушул учурда эшиктен Жанат кирип келди. Канат менен апасын көрүп чекеси тырыша түштү. Суз салам айтты. Апасы бетинен өөп, жылуу учурашканы менен, уулундагы  тынчсыздануу кетпеди. Чай ичип отурушту.

– Силер келиниңерди кабыл албайсыңарбы?- деди Жанат бир маалда. Калгандары эмне дээрин билбей карап калышты. Канат бир нерсе айтайын деп келе жатканда Жанат аны колу менен ишарат кылып токтотуп калды.

– Канат, сен токтоп тур. Ата, апа, мен силерден сурап жатам? Ушунча убакыттан бери менин үйүмө барган жоксуңар, кантип жашап жатасыңар деп сураган жоксуңар? Мени жөн эле жок катары санап жашап жатасыңар. Бул туурабы? Мен силердин балаңармынбы негизи?

Атасы бир нерсе дегендей болду. Бирок жакшы сүйлөй албагандыктан эч ким түшүнбөй калды. Апасы чарчаңкы үн катты.

– Эмне каалап жатасың, уулум, бизден? Сен өзүң каалаганыңды кылдың, эми өз жашооң менен жаша деп четке чыга бердик. Дагы эмне жетпей жатат?

– Шоола силердин келиниңер, келечекте небереңердин апасы болот. Силер өмүр бою кабыл албай жашайсыңарбы?

– Сен эмнеге муну башынан ойлонгон жоксуң?

Жанат башын чулгуп алды. Бул кыймыл Канатка тааныш болчу. Ага ушунчалык оор  учурда ушунтип башын чулгуп алат. Жашоого болгон таарынычын, карама-каршылыктардын ортосунда калганда эмне кыларын билбей келген учуру болчу. Анын кандай абалда экенин ата-энеси сезбеди. Дагы деле андан күнөө издеп жатышты. Канат гана Жанатка оор болуп жатканын, айтпаганы менен жардам сурап келгенин сезди. Кантип жардам берүү керек? Канткенде бүт баарын, Жанатты, өзүн, Шооланы, ата-энесин бул чуңкурдан чыгарып кете алат. Оюна бир нерсе келе калды.

– Жанат, Шооланы ээрчитип алып сен биздин үйгө дем алыш күнү кел. Менин болочок колуктум менен да таанышасыңар. Сага бул жаңылыкты айтайын деп жаткам. Телефон чалгыча өзүң келип калдың.  Сени, сенин аялыңды кантип эле кабыл албай коёлу? Чакыралы деп жатканбыз. 

– Чукул арада кантип даяр болобуз, атаң минтип отурса? - деди апасы.

– Кабатыр болбо, сага өзүм жардам берем.

– Мен деле жардам берем, Канат,- деп жандана түштү Жанат. Кафеге болсо ал жакка сүйлөшүп берем, тамак-аш даярдашып койгонго кызмат көрсөткөндөр бар го. Ошолордон чакыралы.

Кубанычтын шарданы баарын жандандырып жибергендей болду. Баары иштерди бөлүштүрүп, сөйкө салуу аземи кандай болору тууралуу сүйлөшүп жатышты. Жанат кеткенден кийин апасы Канатка келди.

– Сен дагы да болсо муну Жанат үчүн кылдың, ээ?

– Баарбыз үчүн, апа, чындап эле Шоола анын аялы экенин кабыл алып, үйгө чакыргандан башка айлабыз барбы? Жанатты жоготуп алабыз минтип көшөрө берсек. 

– Эх, анда сендеги мээримдин жарымы болгондо мынчалык оор болмок эмес...

– Бар, апа, болгону ал бир жерлерде катылып жатат. Жанат өзү да билбей ушинтип мерез болуп калды. Бир күн келет, уулуңду тааный албай каласың. Сен эч капа болбо, апа, баары жайына келет.

– Сөйкө салып коёлу, бирок шашылыш чечим чыгарба, балам. Бир өмүр ошол адам менен жашай аларыңа көзүң жеткенде гана чечим чыгар.

– Макул.

 

ххх

– Ата-энем бизди чакырды. Сени отко киргизгени атайын...- деп келе жатканда эле Шоола ачуулана бурк этти.

– Мен барбайм.

– Сен дагы деле мага ачууланып жатасыңбы? Биз жарашкандай болдук эле го,- деди жылмайган Жанат.

– Баргым келген жок.

– Алтыным, жаным, сүйүктүүм, сен бир нерсени унутуп жатасың. Мындан ары мен барабыз деген жерге барабыз. Мен каалагандай болот.

Жанат жай гана сүйлөдү. Бирок Шоола анын мүнөзүн билип калгандыктан үн каткан жок. Мындай өжөр, көк бет, каалаганын кандай жол менен болсо да кыла турган адамды жашоосунда көргөн эмес. Карьера болобу, байлык болобу, сүйүү болобу, каалаганына жеткен адам эле. Куулук кылса да акыры жетип тынат. Сүйлөшүп жүргөндө анын кареги менен айланган, ааламды алдына жайган, кээде байкуш, алсыз көрүнгөн Жанаттын чыныгы жүзү башка экенин сезип калган эле. Керек кезде жырткычтыгы ойгонуп кетсе, өлтүрүп койгондон да кайра тартпасын билди.

– Сен оорулуусуң!- деди Шоола аргасыз башын чайкай.

– Жок, эч бир жерим оорубайт.

– Психолог менен иштеш, мындай жашоо кыйын сага.

– Демек, мени менен барасың?- деди Жанат анын үнүндөгү айласыздыкты сезип. – Аа баса, мен сага бомба жаңылыкты угуза элекмин го. Канат үйлөнгөнү жатат. Сөйкө салуу аземи болот. Ошого барабыз.

Шоола уккан кулагына ишенбей турду. Мындай болору эмнегедир такыр оюна келген эмес. Жанаттын алдында отурганы да эсинен чыкты. Бир чекитти тиктеген боюнча катып калды.

– Уктуң да, ээ? Спортсменка, комсомолка, красавица деп жатышат го. Хе, Канат да оңой эмес. Албетте, канча кыздын даамын татты, акыры мыктынын мыктысын тапты да.

Жанат бир нерселерди сүйлөп жатты. Шоола анын эч бирин уккан жок. Жүрөгү мыкчылып баратканын билет, каалгый  түшүп, учуп бараткандай болду. Ал эсин жоготуп бара жаткан эле.

Жанат “дүп” деген үн укту. Шоола жыгылып жерде жаткан болчу. Алгач селдейе түшүп, анын жүрөгү оорукчан экени эсине келе калганда жанталаша башын көтөрө калды.

– Шоола, көзүңдү ач!

Аялы эсине келбеди. Жанталашып “Тез жардамга” телефон чалды. Врачтардын жардамы менен Шоола эсине келди. Колун Жанат кармап тургандай.

– Мына, эсине келди,- деди врач жылмайып.

– Шоола?

Көзүн ачкан аялынын маңдайынан өптү.

– Коркуттуң мени...

 

 (Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1116, 26-апрель-2-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан