Саясий жаңылыктар

Президент башкы прокурорго сөгүш жарыялады 

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Президенттик аппараттан 24-апрелде билдиришкендей, сөгүш жарыялоонун себеби – айрым прокуратура кызматкерлеринин аталган министрликке караштуу Лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишине кийлигишүүсү. Президенттик администрациянын комиссиясы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катында белгиленгендей, кийлигишүү фактысы аныкталганын билдирет. Зулушев менен Тургунбаевге сөгүш “өздөрүнүн кол алдындагыларды башкарууда туура эмес көзөмөлгө алгандыгы үчүн” деп жарыяланды.

Ошондой эле башкы прокурордун орун басары Кубан Адил уулун ээлеген кызматынан бошотууну, Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси М. Майтпасовго жана аталган башкы башкармалыктын Экология жаатында ишкерлердин укуктарын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси А. Аликуловго сөгүш жарыялоо жана ротациялоо боюнча сунуш киргизүүнү башкы прокурорго тапшырды президент. 

Мамлекеттик оорукананын башчыларынын бир эле учурда жеке клиникаларда иштөөсүнө тыюу салынышы мүмкүн

Кыргызстанда мамлекеттик ооруканалардын жетекчилеринин бир эле убакта жеке клиникаларда иштөөсүнө тыюу салынганы жатат. Тийиштүү мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары даярдап чыгып, документ коомдук талкууга коюлду.  

– Мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилери бир эле учурда жеке клиникаларда иштеп, кызыкчылыктардын кагылышуусуна дуушар болушу мүмкүн. Алардын жеке кызыкчылыктары коомдун жана бейтаптардын кызыкчылыктарына, ошондой эле саламаттыкты сактоо жаатында мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келиши мүмкүн,- деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.

Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилери жеке клиникаларда иштеп пайда табууга кызыкдар болбошу керек, башка жакта иштөөгө алаксыбай, өздөрүн толугу менен өз милдеттерине жана өз мекемесин натыйжалуу башкарууга арнашы керек деген пикирде демилгечилер.

Салыкчылар коррупцияга шектелип кармалышты

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери пара алууга шектелип кармалышты. УКМКнын 24-апрелдеги маалыматына таянсак, кармалгандар Бишкектин Биринчи Май райондук салык башкармалыгынын жооптуу 5 кызматкери. Алар ишкерлердин салыкка байланышкан маселелерин тезирээк жана оң жагына чечип берүү үчүн алардан системдүү түрдө акча жыйнап жүрүшкөн. Акчаны видеобайкоо системи жок атайын жайдан алып жүрүшкөнү айтылат маалыматта.

– Атайын жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жыйынтыгында ишкерлерден акча каражаттарын алуу боюнча көптөгөн фактылар документтештирилди. 22-апрелде Биринчи Май салык башкармалыгында ыкчам-тергөө иши жүргүзүлүп, жыйынтыгында 5 инспектор кармалып Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда УКМК бул коррупциялык схемага катыштыгы бар башка салык кызматкерлерин аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жатат – деп айтылат маалыматта.

4 айлык ымыркайдын өлүмү: Врач бала сатууга шектелүүдө 

Бишкекте 4 айлык ымыркайдын өлүмү боюнча “Балдарды сатуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 25-апрелде Октябрь РИИБи маалымдады.

– Клиниканын А.Б. аттуу мурдагы кызматкери, акушер-гинеколог тергөө тарабынан аныкталбаган башка адамдар менен алдын ала бүтүмгө келип, балдарды сатууну уюштуруп өзгөчө оор кылмыш жасаган. Кылмыш ишинин алкагында шектүү, 1969-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды,- деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, аталган окуя боюнча буга чейин да кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура Бишкектеги Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунда 4 айлык ымыркай чарчап калганын билдирген. Социалдык кызматкерлер аялдан 4 айлык баланы тартып алып, аталган борборго тапшырышканы, ал жактан бала чарчап калганы белгилүү болгон. Бул окуя боюнча “шалаакылык” беренеси менен кылмыш иши ачылган.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1116, 26-апрель-2-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан