Бала тарбиялоонун япончо ыкмасы: артыкчылыгы жана кемчилиги эмнеде?  

Адатта, көпчүлүк ата–энелер балага чексиз сүйүү жана мээрим берүүнү, ошол эле учурда бала тың, тартиптүү  болушу үчүн катуу тарбиялашты каалашат. Бирок булар таяктын эки учундай бирикпеген нерселер. Кантип алтын ортолукту табуу керек? Бала тарбиясына өзгөчө мамиле жасаган япон эли, алардын тарбиялоо ыкмасынын артыкчылык жана кемчилигин айтып берели. 

Икудзе

Японияда тарбия философиясынын өзөгү кылымдардан бери өзгөрүүсүз келе жатат. Цунами болобу, жер титирөөбү, алаамат каптайбы, айырмасы жок, тарбия системи былк этпейт. Ал систем “икудзе” деп аталат.  Баланы 5 жашка чейин Кудайдай көрүшөт, 6 жаштан тарта кулдай иштетишет, 15 жашынан тарта өздөрүнө тең ата көрүп тарбиялашат.  Ар бир этапты карап көрөлү.

ПАДЫША ПОЗИЦИЯСЫ

Бала төрөлгөндөн тарта 5 жашына чейин эч кандай тыюуну билбей, падыша же император  катары чоңоёт. Мейли, апасын уруп жиберсин, ойноп жатып башка баланын көзүнө кум чачып салсын, баалуу буюмду сындырып таштасын, эч бир жоругу үчүн жазаланбайт. Бул ыкманын мааниси – балага ааламга АЛ кожоюн экенин сездирүү. Эч нерседен коркпоого, эркиндикке үйрөтүү. Көңүл буруучу нерсе – Японияда бала 3 жашка чыккыча апасынан эч кайда бөлүнбөшү керек. Ошондуктан заманбап жашоодо баласы чоңойгуча аялды тиричилик түйшүгүнөн бошотууга аракет кылышат. Япон аялдары баласын чоң энесине же бала багуучуга аз убакытка да таштап кетишпейт. 24 саат бою баланын жанында болууга милдеттүү.

Артыкчылыгы

Бала апасынын камкордугу астында болгондуктан эмоционалдык жактан туруктуу болот. Энесинен ажырабагандыктан коркуу, таарыныч деген сыяктуу эмоциялар болбойт. Ошондуктан дээрлик чыргоолонбойт. Эң негизгиси – “аалам меники” деп ойлонгон баланын акылы чекти түшүнбөйт. Жаңычылдыкка, инновацияга умтулуп өсүшөт. Ошондуктан Япония ойлоп табуулар, технология жаатында дүйнөдө лидерлик сапта. “Падыша” бала дүйнөгө ачык, зирек, акылдуу, колу шыктуу болуп чоңоёт.

Кемчилиги

“Мага бардыгы болот, мага чектөө жок” деген ойдо чоңойгон бала кийин жашоодогу ар кандай чектөөлөрдөн травма алат. Бала тарбиясына ата көп катышпагандыктан балада атадан өтө турган чечкиндүүлүк, эрктүүлүк, шар мүнөздүк болбойт. Жан дүйнөсү назик болуп калыптанат. 

КУЛ ПОЗИЦИЯСЫ 

6 жашка чыккандан кийин “император” өзүнүн кантип кулга айланып калганын байкабай калат. Мурда апасы тарбияласа, алты жаштан кийин жылуу уядан сууруп чыгып коом тарбиялай баштайт. Мектепке баргандан тарта бала жамааттык духта тарбияланат. Мисалы, бири-биринен артык же кем окубашы үчүн баа коюлбайт. Окшош мектеп формаларын кийишет. Окуудагы талаптарга кошо улууларды сыйлоону, этикет, тарых, улуттук баалуулуктарды үйрөтүшөт. Көчөдө каткырып күлбөө, коомдук унаада катуу үн чыгарып сүйлөбөө, бирөөнүн оозунан кебин жула калып сөз талашпоо сыяктууларды үйрөнүшөт. Коомдун талабы катуу болгондуктан эмоцияларын билдирүүгө жол беришпейт. Япон балдары үчүн эң чоң коркунуч – коом алдында шылдың болуу же коомдон бөлүнүп калуу. Ошентип бала 15 жашка чейин адептүү, маданияттуу, эмоциясын билгизбеген өспүрүмгө айланат. Бирок алдыга максат койгон, ийгилик багынтууга жөндөмдүү, командада иштей алар инсан болуп калыптанышат.

Артыкчылыгы

Коомго керектүү адам болууну биринчи орунга коюшат. Ошондуктан дүйнө жүзү боюнча япондор дисциплинага бекемдик жана мыйзамга баш ийүү жагынан алдынкы сапты башкаларга бербей келишет. Япондордун ар бир мүнөтү баалуу жана максаттуу.

Кемчилиги

Баланын индивидуалдуу баалуулуктарына баа берилбейт. Кул позициясы – өзү үчүн эмес, коом үчүн кызмат кылган эмгекчил “роботтордун” өсүп чыгышына себеп болот. Бул мамлекет үчүн жакшы, ал эми жеке инсандык бакыт үчүн канчалык туура, али да талаш жаратып келет. Японияда суициддин көп катталышы, балким, ушундан уламдыр. 

ТЕҢДИК ПОЗИЦИЯСЫ

15 жашка чыккандан кийин өспүрүм курак бүтөт, ата-эне балага өзү менен тең адамдай мамиле жасайт. Мисалы, баланын өзү каалаган кесиптин ээси болууга, акчасын каалагандай коротууга, сүйүүгө, хоббиси менен алек болууга укугу бар.

Артыкчылыгы

Катаал коомдук көзөмөлдөн улам алар “ката кетирүүгө акыбыз жок” деп ойлошот. Ар бир кадамын ойлонуп таштайт, келечекте өз ишин мыкты билген кесипкөй, эмгекчил адамдар чыгат. Алар эч бир убактысын бошко өткөрбөйт. 

Кемчилиги

Ушул куракта суицидке барган өспүрүмдөр көп болот. Буга чейин алар коом тарабынан тарбияланып келсе, мындан ары жоопкерчиликти өздөрүнө алуу тобокелчилиги, коркунучу пайда болот. 

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР 

  Япондор узак жашаган элдердин катарында. Анткени алар бала кезден ден соолукка жакшы кам көрүшөт. Көп учурда  жаш баланы жылаңаяк коё беришет. Жылуу кийиндирбейт. Бала чүчкүрүп, жөтөлүп, сасык тумоолоп калса, алар муну оору деп деле санашпайт. Балага витаминдүү тамактарды бергенге, чөп-чар, жер жемиш жедиргенге аракет кылышат.

  Эркек балдарды үй же ашкана иштерине  такыр аралаштырбайт. Алардын миссиясы – сырттан акча таап келүү деп тарбиялашат. Ал эми кыз балага өзүн кароону, жүзүнө, чачына кам көрүүнү, анан бала багууну кичине кезине баштап өтө майдалап үйрөтүшөт. 

Асел Минагава, япон жигитине турмушка чыккан блогер: “Биздегидей балдарды таштап, Орусиялап кетмей жок буларда”

– Баланын жанында энеси дайыма жүрүшү керек. Биздикиндей орусиялап кетип, же тойго, конокко барганда баланы бирөөгө таштап кетмек тургай 15-20 мүнөткө калтырып кетүүгө мүмкүн эмес. Эки жашынан баштап таякчалар менен тамак жегенге үйрөтүшөт. Коомдук талап катуу болгондуктан япон балдары кыргыз балдарындай эркин эмес. Бирок өздөрүн жогорку деңгээлге чыгарууга дайыма дилгир болуп өсүшөт.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1116, 26-апрель-2-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан