(Башы өткөн сандарда)
Көңүлү суз, тамакка табити жок, ыйлай берип көзү тоодой шишиген. Бирок Айзада бул абалына көңүл да бурган жок. Кийим-кечегин бөлмөнүн кире беришине таштады да, көлдү көздөй жөнөдү. Айзада Ысык-Көлдө эс алганды кичинесинен эле жакшы көрөт. Ата-энеси менен жылдын кайсы мезгили экенине карабай көп келишчү. Көлдүн салкын тарткан абасы, тынчтыгы, суунун шарпылдаган тунук үнү, жүзүңдөн аймалап, чачтарыңды желбиреткен сыдырым жели ага абдан жакчу. Азыр дагы жагат. Андан бери Ысык-Көлгө нечен ирет келди, бирок бүгүнкүдөй абалда келген эмес. Өзүнчө буулугат, жалгыздыгы жанына батат. Ошол дайымкы жалгыздыгынан качып, Ысык-Көлгө келген кербези. Толкуну жээкке шарпылдап уруп турган көгүлтүр көлдү тиктеп мелтиреп көпкө турду Айзада. Анын тынчын алган бөтөн киши жок. Мөлтүрөп көзүнөн аккан жашын жутуп, кээде жеңи менен сүртүп жатты.
Эсине бала кези түштү. Бир ирет ушул жерге эс алууга келген үй-бүлөнүн эс алуусу аяктап, кетүүгө камынып жатканда Айзада апасына айтпай көл жээкти бет ала жүгүрдү. Өздөрү жайгашкан котеджден кыйла алыстап кетти. Кыздын оюна адашуу, жоголуп кетүү деген нерселер келген жок. Көлдө дагы да бир аз болсок дегенди гана ойлонду. Жолго чыгаарда кызын таппай эне-атасы шашкалактап эле калышты. Эс алуучу жайдын кайтаруу-куткаруу кызматын чуу көтөрүп жиберишти. Бардык жактан издеп таба алышпады. Акыры “көлгө чөгүп кетти” деп тыянак чыгарууга жакындап баратышты. Кызды издеген суучулдардын саны улам көбөйүп, коңшу пансионаттардын куткаруу кызматына чейин ишке киришти. Бул учурда кыз көл жээктеги өзү теңдүү балдарга кошулуп, кумдан шаар жасап беймарал ойноп отурган эле. Күүгүм кирет, жээкте ойноп жаткан балдарды ата-энелери алып кетип, жалгыз эле Айзада калат. Ошол маалда кызды издеп жүргөн топ ошол пансионаттын аймагына өтөт.
– Атың ким?
– Айзада.
– Эмне жалгыз жүрөсүң?
– Апамдан качып.
– Эмнеге качтың?
– Алар Бишкекке кетпесин деп. Мага Ысык-Көл жагат,- деди кыз. Аны ата-энесине алып келишкенде алар кызын бекем кучактап өпкүлөп жиберишти. Кыз эмне болуп жатканын түшүнгөн деле жок. “Каякта жүрөсүң?” деп ата-энеси урушат деп ойлогон...
– Ата, биз Ысык-Көлдө эле жашай береличи,- деди кыз бир кезде.
– Ошондой болмок беле, шаарда жумуштарыбыз бар да.
– Бул жактан иштегиле да.
– Болбойт да, кызым. Биз ансыз деле Ысык-Көлгө көп келебиз го.
– Менин кетким келбей жатат,- кыз ыйлап жиберди. Бул күнү ата-энеси анын көңүлүнө карап эс алуусун дагы бир күнгө узартышты.
– Эртеси кетели деп жатканда кыз атасын ээрчитип көл жээкке барды. Колун сууга салып, таш ыргытып бир аз ойноп отурду да.
– Көлдү ала кетсек, ээ, ата?- деп жиберди.
– Болчу беле, кызым. Сени шаардан бассейнге алып баралы.
– Бассейн жакпайт, ал көл эмес да,- деп ата-кыз жээктен кобураша кайтышкан.
xxx
Айзаданын жүзүн жылмаюу уялады. “Эх, баёо, кирсиз, күнөөсүз кайран балалык кез” деп оор улутунуп алды.
Ойлонуп отуруп убакыт кантип өтүп кеткенин Айзада байкабай калды. Күн уясына батып, күүгүм кирип калганда гана конок үйдү көздөй бет алды. Бөлмөгө кирери менен телефонуна үңүлгөн жок. Душка кирип жуунуп, кийимин алмаштырган соң керебетке сулк жыгылды.
Бул сапарында көптөн бери биринчи жолу өзү менен өзү болууга мүмкүндүк берди Айзада. Айзада үчүн бул кадамы күтүүсүз жерден болду. Эч бир ойго сүңгүгүсү келген жок, утур-утур терең дем алып уктап кетүүнүн айласын көрүп жатты. Чын эле бул ыкма иштеди, терең дем алуу менен алек болуп жатып кантип уктап кеткенин өзү дагы билбей калды. Түндө түшүнө атасы кирди. Атасы оозгу бөлмөдө отурат. Өзү ага чай куюп келип жанына отурду. Экөөнүн ортосунда түш эмес, кадимкидей сүйлөшүү жүрүп жаткансыды.
– Кызым, сен мага "ыплас иштерге аралашпайм" деп сөз берип кетпедиң беле? Мен сага ишенгем, чындап жаңы жашоо баштаарыңды күткөм. Кайра эле баштаган ишиң ошол болду го. Ташта ал ишиңди. Үй-бүлө күтүп, бирөөгө жар, балдарга эне болуп, үй-бүлөлүк жашоону дагы жашаш керек. Аялзатынын миссиясы ошол эмеспи,- атасы кызын жактырбагандай карайт. Урушкан жок, өтө жумшак сүйлөп жатты.
– Ата, ооба, мен сизге убада бергем. Бирок кайра азгырылып кеттимби, же башка эмне кыларымды билбей калдымбы, айтор, кайра эле ушул ишке кирип кеттим. Өзүм деле байкабай калдым эмне болуп кеткенин.
– Кереги жок, кызым. Ушундайыңда токтот. Эртең запкы чегип каласың. Азыр баары мурдагыдай эмес. Бул ишти жасабай койсоң ачка калбайсың. Андан көрө өз теңиңди тап.
– Мени ким жубай кылат эле, ата?- Айзада жер карап отуруп калды.
– Сен Жараткандан суран, каалооңду ойгот, ниетиңди түздө. Ошондо Жараткан сага өмүрлүк жарды өзү жөнөтөт. Нике кайыптын деле сенин маңдайыңа жазганы бардыр.
Айзада жакындап басып келип атасын кучактайын дегенде ойгонуп кетти. Денеси жеңил тартып калыптыр. “Байкуш атам дале мен үчүн санааркап жүргөн тура” деп ойлонгон Айзада азыр эле экөө отуруп чай ичип жаткан столдун жанына басып келип атасы отурган жерди бир карап койду. Чындап эле азыр ушул жерде отуруп калса деген ойлор келди. Бирок кайдан, көзү өткөн жакыныңды кээде түшүңдөн көрүп калсаң кубанат эмессиңби. Айзада атасын түшүндө болсо да көргөнүнө каниет кылып, а бирок анын сөздөрү эсинен кетпей жатты.
xxx
Түндө Айзада менен Амандын кыздарды иштеткен саунасын укук коргоо кызматкерлери күтүүсүз келип басты. Алар билгендей, Аман ошол жакта жүргөндө кирип барды.
– Энеңдурайын, бул жакка темселеп бүгүн эмнеге келдим эле?- Аман өзүн сөгүп алды. Бир заматта имараттын ичи чуу түшүп, кардар болуп келгендер сыртка чыгып кеткенге шашылып, кыздар болсо тешик издеген чычкандай бөлмөдөн бөлмөгө чуркап жашынып жатышты. Тинтүү үстүнкү кабатка жеткенче Аман Айзадага телефон чалууга үлгүрдү. Бирок Айзаданын телефону өчүк эле, эмне кыларын билбей шалдырап отуруп калды. Биринчи жолу мындай окуяга кабылып жаткан неменин айласы куруду. Кандай кадам кыларын билбейт, алаңдап бөлмөдө ары-бери кыйма-чийме басат. Бир кезде оюн жыйнады. “Сайт тууралуу, Айзада тууралуу ооз ачпайм, мени камап коюшса, Айзада келип куткарат” деген ой мээсине тык дей түштү. Өзү ойлогондой эле аны убактылуу кармоочу жайга алып кетишти дагы, алардын иш жүргүзүп жаткан жерин жаап салышты. Айзаданын бул окуядан кабары болгон жок. Эртеси түш ченде гана телефонун жандырды. Чалуулар болгону тууралуу СМС билдирүүлөр катар-катар келип жатты. Мынча чалуу болбойт эле, демек, бир нерсе болгон деп Айзада дароо сезди. Саунанын администраторуна чалды, телефону өчүк, Аманга чалды, анын дагы телефону өчүк. Вотсаптагы билдирүүлөрдүн арасынан Амандыкын таап ачты. “Айзада эже, бизди милиция басты, тезинен байланышып коюңуз” деп үн билдирүү калтырыптыр. “Түш кандай абалда кайда экениңден, кайда бара жатканыңдан, алдыда эмне болорунан белги берет деп коёт эмеспи. Атам байкуш ушул нерселерди сезген окшойт” деп ойлонгон Айзада кийим-кечегин арыдан-бери чогултуп, Бишкекке жол тартты. Оюна Жакыпов келди. Телефон чалып жардам сурайын деди. Бирок телефон чалып, байланышууга дити барбай турду. Улам Жакыповдун номерин терет, кайра өчүрүп коёт...
(Уландысы кийинки санда)