Чет өлкөдө кыргыздын атын таанытып жүргөн опера ырчысы, тенор, дүйнөгө белгилүү Лучано Паваротти атындагы Pavarotti d'Oro сыйлыгынын ээси Жеңиш Ысмановдун ысымын уксаңыз керек. Ырчы мырза учурда Италиянын Милан шаарында “Ла скала” театрында эмгектенет. Бишкекке концерт бергени келген ырчыны маекке тарттык.
– Жеңиш мырза, Бишкекке куш келипсиз! Италияда жүргөнүңүзгө канча жыл болуп калды? Дегеле ал жакка качан, кантип кеттиңиз эле?
– Рахмат! Италияга кеткениме 16 жыл болуп калды. Бишкектеги Улуттук консерваториядан билим алып, 2 жыл аспирантурада окугандан кийин кеткенмин. Опера тармагын тандагандан тартып Европага, Италияга баруу максатым бар эле. Италияны вокалдын Меккеси десек да болот. Бул кыялымды ишке ашыруу үчүн ар кандай жолдорду карадым, көптөгөн сынактарга катыштым. Бир сынакта калыстар тобунда италиялык жаран бар эле, ал өзү мага келип жакшы кеп-кеңешин айтты. Италияга баруу кыялым эмес беле, ага чап жармаштым. Максатымды айтсам, “макул, үйрөтөйүн, бирок жеке сабак, кымбат” деди. Мен анда демөөрчү табайын дедим, бул 2008-жыл болчу. Ал кезде президенттик стипендия алат элем, стипендия тапшыруу аземинде ошол кездеги президент Курманбек Бакиев мени чакыртты. Барсам “Европага окууга жөнөтөйүн, барасыңбы?” дебеспи. Ошентип баягы итальянга байланышып, 2 жылдык келишим менен кеттим.
Өкмөттөн акча бөлүнгөндөн кийин баарын карматып койбойт экен да. 2009-жылы күзүндө жөнөдүм. 2010-жылы өлкөбүздө революция болуп кетип, окууну улантышты сүйлөшүү үчүн кайра келдим. Убактылуу өкмөттүн тушундагы маданият министрине кирип буйрукту көрсөтсөм, “мурдагы буйруктар жарабайт” деп койду. Ошентип кийинки жылкы окуумду өкмөт колдобой койду. Жакшы жери, Курманбек Салиевич унутпаптыр, түшүнүктүү киши экен. Өзү мени издеп, жардам берди. Италиялыктар да жардам беришти, себеби окуума кеткен акча чоң сумма болчу. Ошентип окудум. 2 жылдан кийин опералык агенттер менен иштеше баштадым.
– Мамлекеттин сизди чет өлкөдөн окутуудагы максаты кандай эле?
– Муну башында эле сүйлөшкөм, “окууну бүтүп эле Кыргызстанга келе берсем, анда окуунун деле кажети жок. Мүмкүнчүлүк болсо, ошол жакта ырдап жүргөнүм мен үчүн дагы, Кыргыздын атын чыгаруу үчүн да жакшы” дедим. Мына, 16 жылдан бери жүрөм, кайда болсом да менин атым кыргыз, улутум кыргыз. Эч качан ал алмашып кетпейт, баары билет. Чындап айтканда, бизде операга элдин мамилеси салкыныраак да. А Европада менин атым жакшы эле таанымал.
Мамлекеттин алдындагы милдетимден кутулайын деп 2017-жылы Бишкекте жеке концертимди бердим. Кирүү акысыз болду. Ал концертке чоң-чоң ырчыларды, маданияттагы чет өлкөлүк инвесторлорду алып келдим. Италиялык опера ырчысы, дүйнөгө белгилүү Лучано Павароттинин жубайы келген. Конок катары чакырганым, ошол кездеги бийлик аларды көрүп колдоо көрсөтсө, таланттуу жаштарды Италияга алып барып окутканга сүйлөшүп мүмкүнчүлүк түзүү колумдан келет эле. Бирок концертке ошол кездеги маданият министри келген жок, чынын айтайын. Негизи өкмөттүн алдында, элдин алдында өзүмдүн милдетимди аткардым.
– Кайра мекенге келип иштөө оюңуз барбы?
– Азыр эми келсем деле болот, бирок ал жакта келишимдерим көп, 2025-жылга чейин түзүлүп калган. Ортодо бош убактым болуп калгандыктан Бишкекте концерт бергени жатам. 4-майда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жеке концертим өтөт. Буга чейин көп эле концерт бердим, баарында классикалык опера ырлары ырдалган. Мунусунда өзгөчөрөөк кылып өзүмдүн репертуарыма кыргызча ырлардан кошуп жатам. Айрымдар “сен патриот болуп Кыргызстанга келбейсиңби?” дешет. Мен Кыргызстанга келип эч нерсе кылбагандан көрө, чет жерде жүрүп Кыргыздын атын чыгарганым пайда.
– 16 жылдан бери Италиянын жарандыгын алганга мүмкүнчүлүк болуптур да?..
– Жарандык алганга менин толук мүмкүнчүлүгүм бар, бирок мен Кыргыз деген жарандыгымды алмаштыргым жок. Андан көрө кайда барсам да кыргызмын деп жүргөнүм жакшы.
– Опера ырчысы катары айтсаңыз, Кыргызстанда операга элди кантип кызыктырып, кантип модага айлантууга болот?
– Модага түшүрбөш керек, бирок элди ошого тарбиялаш кажет, эл – агын суу, биз – күзгүбүз. Элге опера жанрын эле эмес, бүт классика жанрын профессионалдык деңгээлде көрсөтө берсек, ал бир күнү калкып чыгат. Ага кошо мамлекеттик деңгээлде атайын программалар керек. Европада жаштарды классикага тартканга аракет кылып мамлекеттик программаларды иштеп чыгышат. Атайын классикалык спектаклдерди окуучуларга жеңилирээк түрдө, кызыктыра турган деңгээлде коюшат. Бизде деле ошондой кылып бир жолун тапса болот.
– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз. Үйдө кыргыздын каада-салттары колдонулабы?
– Сөзсүз түрдө колдонулат. Кечээ жакында эле кыргыздар чогулуп Ноорузду тостук. Өзүм кеч үйлөндүм. Келинчегимдин түбү Ала-Букадан, учурда Милан шаарында турабыз. Уулубуз 6 жашта. Алар да жакында бере турган концертиме келишет. Биз 2016-жылы баш коштук, үйлөнөрдө бул жакка келип, кыргыздын нарк, салты менен үйдөн алып кетип той өткөрдүк. Ресторан-кафеде чоң шаан-шөкөт кылган жокпуз.
– Өзүңүздүн балалык кайсы айылда өттү?
– Туулуп-өскөн жерим Ноокат районунун Кулатов айылы. Атам ошол убактагы “сберкассада”, азыркы түшүнүк менен, банкта иштечү. Апам медайым эле, азыр экөө тең пенсияда. 5 бир тууганбыз, бир агам, үч эжем бар. Кантсе да туулган жердин топурагы алтын экен, айылымды эстегенде башкача сезимдер болот. Кээде “кантип эле ушунча убакыт өтүп кетти?” деп ишенбей кетем. Биздин үй-бүлө музыкага шыктуу элек. Акем да, эжем да, баарыбыз ырдачубуз. Бирок профессионалдык деңгээлде билим алган мен эле болдум.
Кандай бала элем? Азыр баламды карап өзүмдү элестетем. Балам аябай тентек, мен да аябай тентек элем. Абдан шок элем, аптада 7 күн болсо, ошонун жок дегенде 5 күнүндө атамдан уруш укчумун. Үйдүн кичүүсү болгонго көп эркелетишчү. Ата-энемдин жакшы тарбиясын алдым, ушундай даражага жеттим, ата-энеме ыраазымын.
– Балаңыздын тили кайсы тилде чыкты?
– Балабыздын тили (күлүп)... Бул эми ата-эненин катасы болот экен да. Эне тилде чыкпаганын жадакалса Бишкектен деле көрүп жатпайбызбы. Алгач тили англисче чыкты. Ошол мезгилде келишимдер көп болуп иштен бошобой калдым, келинчегим да иштеп, балабызды бала караган борборго берсек, алар биз жокто телефон берип коёт экен да. Баламдын тили англисче чыга баштады. Башында унчукпадым, байкасам, такыр эле телефонго кызыгып баратат. “Кой, айланайын” деп телефонду алып койсок, ошондон кийин сүйлөшү токтоп калды. Бул биздин катабыз, үйдө кыргызча, орусча, итальянча сүйлөшөбүз. Анан баланын башы адашып калды да. Азыр жакшы, сүйлөйт, кыргызча сүйлөй албайт, бирок баарын түшүнөт. Негизи ата-эне алгач балага эне тилинде гана сүйлөшү керек экен, ошондо баланын тили эне тилинде калыптанып, анан башка тилди оңой үйрөнөт экен.
– Алдыда кандай максаттарыңыз бар?
– Кесибим боюнча чоң-чоң партияларда ырдап кыргыздын атын чет жакта таанытып жүрсөм дейм. Андан сырткары кыргыз маданиятына салым кошсом деген тилегим бар. Бирок бул жеке өзүмдүн колумдан келбейт. Качан гана өкмөт “кел, макул, жардам берели, идеяларыңды айт” десе, тажрыйбамды Кыргызстанга пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.
Гулийпа Маметосмон кызы