“Убагында жакшы эле жашачубуз, оорунун айынан бүт баарын сатууга аргасыз болдук” деген каарманыбыз Салтанат Белекова учурда колдоого муктаж. Өзүнүн да, жолдошунун да майыптыгы бар. Балдары жаш, туруктуу жашай турган жери жок. Тагдырын Салтанат айым мындайча айтып берди.
«Жолдошумдун эки бөйрөгү тең иштебей калганда баарын саттык»
– Аты-жөнүм Салтанат Белекова, 50 жаштамын. Жолдошумдун аты-жөнү Айбек Абдымамытов. 2 балабыз бар, бири 3-класста, экинчиси 5-класста окуйт. Жолдошум 1-топтогу, мен 2-топтогу майыпмын. Башка салса айла жок экен, Кудай бизди ушундай оору менен сынап жатат. Жумгал районунун Жумгал айылында турчубуз, үй-жай, мал-мүлкүбүз бар эле. Мындан 6 жыл мурун жолдошумдун 2 бөйрөгү тең иштебей калып, гемодиализ аппаратына жатып калды. Ошондо 6 ай жеке клиникалардын биринде гемодиализ аппаратында жатты, ден соолук үчүн деп ошондо болгон дүнүйөбүздү, үйүбүздү сатып, карыздап, Бишкекке көчүп келдик. Анткени ал дайыма гемодиализ алып турушу керек эле. Алгач батирлеп жүрдүк. Кийин тааныштарыбыздын бири курулуш компанияларына караштуу вагонду сунуштап, “батирге акча төлөп кыйналбай, ушул жакта бекер жашай бергиле” деди. Төрт жылдан бери курулуш компаниясы вагонду кайсы жерге которсо, ошол жакка кошо барып, курулушту кайтарганча жашап жатабыз. Учурда Бишкектин Көк-Жар кичи районунда турабыз. Кышында суук, жайкысын ысык. Анча-мынча айлыгыбызды берет, жолдошум экөөбүз пенсия алабыз. Анын баары эле дарыга кетет.
«Акыркы 2 жылда 4 жолу оор операциядан өттүм»
– Бул оору менде мындан 15-20 жыл мурун башталган. Башында кулагымдын түбүнө суук тийүүдөн улам жаралган без бар болчу. Ошол көбөйүп 3-4 даана болуп кетиптир. 2007-жылы Бишкекте операция жасап, ал шишиктерди алышкан. Бирок бир шишик күрөө тамырга оролуп калганы үчүн ага тийишкен эмес. Ал кезде шишик өөрчүбөйт, залалдуу эмес дешкен эле. Убакыттын өтүшү менен өөрчүп, чоңоюп кетти. Тамагым шишиди. Ал шишик кийин боорумда, анан жатында пайда болду. Ошентип жатынга, боорго операция жасалып шишик алынды. Тамагыма 2 жолу операция жасашты. Химиотерапия, нур терапиясын баарын алдым. Акыркы жолу моюнума операция жасаганда “мындан ары операция жасаганга болбойт” дешти. Акыркы 2 жылда 4 оор операцияны башымдан өткөрдүм. Акыркысында “4-даражадагы залалдуу шишик оорусу” деген диагноз коюшту.
«Индиялык дарыгерлер операция жасайбыз дешти»
– Үмүт үзүлбөйт экен, Индиядан дарыгерлер келгенин угуп барып, анализдеримди, кагаздарды көрсөтсөм, баарын алып кетишкен. Ал жактан ушул жылдын январь айында жооп келди. Алар операция жасай алышат экен, моюндагы шишикти кан тамыр менен кошо алып салып, ордуна протез кан тамыр коюп беришет экен. Бул операция баш-аягы 25 миң долларды чапчыйт экен. Учурда онкологиялык ооруканада каттоодо турам, ар 2 ай сайын барып дарыланам. Мурда 6 айда бир дарыланчумун. Бир жолку дарылануума эле
15-20 миң сом кетип калат, бул сумманы даярдай албай калсам калтырап-титиреп ооруканага жаткыча кыйналып калам. Көп сүйлөй албайм, бир убакта операциядан кийин үнүм такыр чыкпай да калган. Бир көзүм, бир кулагым укпайт. Суюктукту көп иче албайм, көп ичсем мурдумдан чыгып кетет. Аба жетпей, үйдөн улам ингаляция жасап турам. Дайыма кан басымым жогору. Азыркы учурда нур терапиясын да, химиотерапияны да токтотуп, тынчтандыруучу дары менен жашап туруңуз деп жатышат.
«Кокустан өлүп калсам эки баламдын келечеги кандай болот?..»
– Жолдошум дагы күн алыс гемодиализге барат. Убагында ден соолуктун баркын билбей жаштык кылып далактап жүрө берет экенбиз да. Кудайдын буюрганы болот тура, балдарымдын келечеги үчүн жан талашабыз, экөөбүз ач калсак да балдарыбыздын курсагы тойсун дейбиз. Кокустан өлүп калсам эки баламдын келечеги эмне болот деп кабатырмын. Кайда калат, кимдин көзүн карап жалдырайт? Муну ойлогондо өзүмдү коёрго жер таппай калам. Же туруктуу жашай турган үйүбүз жок. 2 балам кичинекей, жок дегенде жолдошум экөөбүздүн бирибиз тирүү турсак деп тиленем. Жалпы эл-журтка кайрылып, жардам суроого аргасызмын.
Жардам берүү үчүн реквизиттер:
Мбанк: 996 707 317 200 (Салтанат Белекова)
Мбанк, О! Деньги:
996 500 184 406 (жолдошу Айбек Абдымамытов)
Элкарт:
9417 3799 4967 6544
Гулийпа МАметосмон кызы