Теринин кургашы, бетке так түшүү...  Жазгы көйгөйлөр

Жаз! Кандай сонун мезгил. Кышкы сууктан өтүп, кабат-кабат кийимдер чечилип, айымдар гүлгө окшоп ачыла турган убак. Бирок жаздын келиши менен бет терисинде түрдүү көйгөйлөр да башталат. Жылуулук берген мезгилге жараша сулуу да болушубуз керек. Төмөндө айымдар үчүн сулуулук кеңештерин бердик, кулагыңызга күмүш сырга кылып илип алыңыз.

Жазында териде кандай өзгөрүүлөр болот?

Ар бир жыл мезгили алмашкан сайын организм ошого жараша өзгөрүп турат эмеспи. Жазгысын айымдар көбүнчө төмөндөгүдөй өзгөрүүлөрдү байкашат:

1. Бет териси түлөп баштайт.

2. Тери тартылып, кургак сезилет.

3. Кесилет.

4. Жаркыраган өңүн жоготуп, бозорот.

5. Бетке так, сепкилдер түшө баштайт.

Эмне үчүн?

Көпчүлүк эле билсе керек, мындай өзгөрүүлөр эмне себептен келип чыкканын. Биринчиден, суук мезгилде организм коргонуучу функцияга өтөт да, күчтүү тамак-аш талап кыла баштайт. Жашылча-жемиштер дээрлик азаят. Бул фактор авитаминозго алып келет. Экинчиден, күндүн нуру жетишсиз болгондуктан адамда D витамининин жетишсиздиги келип чыгат. Бул витамин өз кезегинде бир эле тери үчүн эмес, бүт организм үчүн алмашкыс зат болуп эсептелет. D витамини теринин жаштыгын, сулуулугун узартуучу каражат, андан сырткары түрдүү пайдалуу минерал, витаминдердин запасы түгөнөт. Теридеги көйгөйлөрдүн дагы бир себеби – кышкысын үй, окуу жай, кеңсе жана башка имараттардагы абанын кургактыгы. Кургак аба теринин саламаттыгына терс таасир этет. Анан да суук аба ырайы да организмди коргонуучу стадияга алып келип, тери өзүнө керектүү ресурстардын баарын коротуп коёт. Кайра күн жылыганда ультрафиолет нур, теридеги суунун балансынын өзгөрүшү жана башка факторлор бар. Жаз келгенде жаандан кийинки козу карындай тери көйгөйлөрүнүн жыбырап чыгышы ушул факторлордон улам.

Кандай кам көрүү керек?

1. Бет терисине кам көрүү жыл бою жүргүзүлүшү керек болгон процесс. Болгону жазында тазалоочу каражаттардын жумшартуучу таасири барын алуу керек:

– Алгач бетти тазалоочу каражат тандаңыз. Териси калың, тыгыздар үчүн гидрофил майын алган туура. Ал эми териси жукаларга гидрофил майы оордук кылат. Анын ордуна жумшагыраак "молочко" колдонуңуз.

– Экинчи кадам бетти жуучу каражат (умывашка). Терини тынчтандыруучу, азыктандыруучу курамы барын алыңыз.

– Бетти таза жууп келгенден кийинки этапта тоник турат. Тониктин да терини тынчтандыруучу, азыктандыруучу жана нымдандыруучу эффектиси менен алыңыз. Вата диски менен бетти жакшылап сүртүп, териде калып калган кирди кетиребиз.

– Төртүнчү кадамда бизди тонер күтүп турат. Тонер терини азыктандыруучу, нымдандыруучу мыкты каражат.

– Андан кийин сыворотка жана теринин тибине жараша бет май сүйкөйбүз.

– Жумасына бир жолу кечкисин жумшак таасири менен пилинг жасаганды унутпаңыз. Пилингден кийин атайын бет териси үчүн майлар бар, ошону сүйкөп коюңуз. Майды жумасына бир жолу эле колдонгон оң.

Бул кадамдардын бардыгы базалык, бирок териге өтө керектүү кам көрүү болуп эсептелет.

Коргоо

Күнүгө убара болуп түрдүү косметологиялык каражаттар менен кам көрүп жаткан терини коргогонду да унутпаш керек. Ал үчүн жазында эле эмес, 4 мезгил бою SPF кремин сүйкөнгөндү унутпаңыз. Теридеги так, сепкилдердин көбү күн нурунан улам түшөрүн билесизби?

Витаминдештирүү

Организмге витаминдердин, пайдалуу минералдардын, суунун жетишсиздигинен улам бет тери эле эмес, колу-буттун, бутүндөй дененин териси кургап, түлөйт, сыйрылат. Бул көйгөйдөн арылуу үчүн организмди витаминдерге тойгузуу керек. Тери үчүн эң керектүү витаминдер: С, Е, А. Булар антиоксидант болгондуктан теринин эрте картаюусун алдын алып, коллагендин иштелип чыгышын шарттап, териге табигый, дени сак өң беришет. Андыктан косметологиялык каражаттардын курамында дал ушул витаминдердин болушуна маани бериңиз.

Врачка барып, кайсы витаминдер организмге жетишсиз болуп жатканын аныктап алган туура. Ага жараша врачтын көрсөтмөсү менен жетишсиз витаминдерди ичкенде да көптөгөн көйгөйлөрдү алдын алган болосуз.

Зат алмашуу

Суукта катып, уктап, шишип жаткан организмди ойготуп, кан айлануу, зат алмашуу процесстерин жүргүзүү үчүн жардам берчү кызматтардын бири – укалоо. Шартыңыз болсо бүт денеңизге, бетиңизге укалоо курсунан өтүп койгонуңуз туура.

Тамактануу

Адамдын негизги энергия булагы – тамак-аш. Андыктан организмди витаминдерге бай азыктар менен камсыз кылуу – дени сак, жаш, сулуу болуу дегенди түшүндүрөт. Жаздын келиши менен жашылча-жемиштердин саны көбөйдү. Эксперттер күнүгө 5 түркүн түстүү жашылча-жемиш жесеңиз, витаминдерден жетишсиз болбойсуз дешет. Андыктан жактырбасаңыз да, ден соолук, сулуулук үчүн түрдүү жашылчаларды, мөмө-жемиштерди жегенге аракет кылыңыз. Балык, куш эттерин көбүрөөк жеңиз, жаңгактын түрлөрүн, жумуртка, үй шартында жасалган сүт азыктарын жеңиз. Күнүгө бирдей менюда тамактанбай, түрдүү азыктарды аралашатырганга аракет кылыңыз.

Таза аба

Спорт жана таза аба да сулуулукту сактаарын эстен чыгарбаңыз. Канчалык активдүү болсоңуз, энергия көп топтолот, организмде зат алмашуу, кан айлануу жакшы жүрөт. Мындай учурда беттин териси да табигый жаркыраган өңүн жоготпойт, серпилгич болот. Келбет чымыр тартып, күзгүдөн карансаңыз өзүңүзгө өзүңүз жагасыз. 

Беттин бардык түрүнө туура келчү жазгы маскалар

1. Сабиз

Сабиз маскасы бетти нымдандырат жана азыктандырат. Көбүнчө бет териси кургактар колдонушат. Орточо көлөмдөгү сабизди сүргүчтүн майда тишинен өткөрүп алуу керек. Ага 1 жумуртканын сарысын кошуп аралаштырабыз. Аралашманы бетке сүйкөп, 20-25 мүнөт коюп, жылуу суу менен жууп салуу керек.

2. Помидор

Помидор маскасы аллергия жаратышы мүмкүн. Андыктан алдын ала билектин ички бетине сүйкөп көрүңүз, бир нече убакыттан кийин кычыштырып, же башка жагымсыз реакция кылбаса гана бетке сүйкөө керек. 1 кичирээк помидорго 0,5 чай кашык крахмал жана 2-3 тамчы өсүмдүк майын (зайтун болсо жакшы) кошуп жакшылап аралаштырабыз. Боткону жука кылып бетке сүйкөгөндөн 10-15 мүнөттөн кийин бөлмө температурасындагы суу менен жууп салуу керек.

3. Картошка

Беттин өңүн жакшыртып, майда бырыштарды жазчу эффект берет картошка маскасы. Ал үчүн орточо көлөмдөгү 1 даана мундир (сууга кабыгы менен бышкан) картошка керек. Картошканын кабыгын аарчып, майдалап, 2 аш кашык сүт жана 1 жумуртканын сарысын кошобуз. Аралашманы суу ваннасына салып ысытып алуу керек. Масканы жылуу бойдон бетке сүйкөп, 20 мүнөттөн кийин алгач ысык, кийин муздак суу менен жууп саласыз. 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1116, 26-апрель-2-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан