Дүйнөнүн эң бай адамы Бернар Арно жана анын атактуу үй-бүлөсү

Илон Маск, Жефф Безосту чаңында калтырып, 2 жыл катары менен дүйнөдөгү эң бай адам деген наамды бербей келе жаткан адамдын ысымы – Бернар Арно. Мода, сулуулук, зергерлик, текстиль жана башка багыттарда ишмердүүлүк кылып келген Арнонун династиясына көптөгөн популярдуу бренддер таандык. Арнолордун үй-бүлөсүнө орусиялык супер модель Наталья Водянова да кошулган. Моделдин кадамын түштүк кореялык “Blackpink” тобунун ырчысы Лиса кайталайбы? Макалабызда атактуу үй-бүлөнүн жашоосунан кыскача сүртүмдөр.

 

Арнонун династиясына таандык бренддер

1. Louis Vuitton Moёt Hennessy (LVMH)

2. Christian Dior

3. Bvlgari

4. Tiffany & Co

5.  Sephora

6.  Givenchy

7. Fendi

8.  Kenzo жана башка 70тен ашык бренд бар.

 Байлыгы  –  233 миллиард доллар

75 жаштагы франциялык мультимиллиардер Бернар Арнону бизнес жамаатында “кашемир пальто кийген карышкыр” деп коюшат. Бернар Франциянын түндүгүндө жайгашкан Рубе шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Жан Леон Арно кайнатасынан калган “Ferret-Savinel” курулуш компаниясын жетектечү. Апасы Мари Жозеф Савинель чыгармачыл адам, баласынын пианиного, классикалык музыкага болгон сүйүүсүн апасы ойготкон. Бернар жогорку билимди инженерия багытында алып, окууну бүткөндөн кийин атасынын бизнесин жетектеп калат. 1981-жылы Франциянын бийлигине социалисттер келип, өлкөдөгү саясий кырдаал Арнолорду АКШга көчүп кетүүгө аргасыз кылган. Бирок жаңы жер, жаңы эл болгонуна карабай Бернар бул жакта да иштин көзүн таап кеткен. Алгач кыймылсыз мүлк жаатында иш алып барып, көп өтпөй “Dior” мода үйүн сатып алат. Такыр башка бизнес багытын тандаганга анын таксист менен маеги себеп болгон. Таксинин айдоочусу Бернар менен сүйлөшүп баратып Франция, анын президенти жөнүндө кабары жок экенин, болгону “Dior” брендин тааный турганын айткан. Ошол мезгилде француз бийлиги консервативдүү экономикалык багытка өтүп калган эле. Анын үстүнө бийлик банкрот алдында турган “Boussac” текстиль компаниясын кимге сатсак деп турган. “Boussac’тын” ичинде баягы таксист айткан “Dior” мода үйү да бар. Кайрадан Францияга көчүп келген Арнолор көп өтпөй “Boussac” жана ага тиешелүү мода үйлөрүн, чоң-чоң дүкөндөрдү кошо сатып алган. Анан акырындан “карышкырдын” образына кирип, алсыз компанияларды сатып ала берген. Сатып алуу жана биригүү – бул Арно бизнесинин негизги стратегиясы. Учурда анын карамагында 70тен ашуун түрдүү бренддер бар. Бекеринен Бернар Арно “кашемир пальто кийген карышкыр” аталган эмес.

Дүйнөнүн бай адамы

Бул статуска Бернар Арно 2023-жылы жетти. Ага чейин тизменин башында айтылуу Илон Маск менен Жефф Безос кезектешип орун алмашып турушкан. 2023-жылы Арнонун байлыгын “Forbes” 211 миллиард доллар, ал эми Масктыкы 180 миллиард доллар деп эсептеп, биринчилик франциялык бизнесменге буюрган. 2024-жылы 233 миллиард доллар байлыгы менен кайрадан Бернар Арно жеңишти берген жок.

Тапканына жараша коротконду да билет. Бернар мырзанын Багам аралдарында аянты 54 гектардан ашкан өзүнө таандык аралы бар. Андан сырткары Францияда, АКШда бир нече хан сарайлары, люкс автоунаалары бар.

Кайрымдуулук иштерине да байма-бай миллиондорду которуп турат.

Мураскерлерге да бай

Бернар Арно 2 жолу үйлөнгөн. Биринчи аялы Анна Деваврин бардар үй-бүлөнүн кызы. Бернар экөө 17 жыл чогуу жашап, Дельфина аттуу кыздуу жана Антуан аттуу уулдуу болушкан. Экинчи жубайы Элен Мерсье апасындай чыгармачыл адам, пианист. 1991-жылдан бери үй-бүлө очогун бирге тутантып келе жатышат. Ортолорунда Александр, Фредерик жана Жан аттуу 3 уул бар. Бернар балдарынын баарын эмгекке тарбиялаган. Бай империянын мураскерлери “оозунда алтын кашык” менен төрөлгөнүнө карабай жакшы билим алып, атасынын компанияларына ишке орношкондо алгач эң төмөнкү кызматтан баштап, анан карьералык тепкичтен көтөрүлүшкөн.

Дельфина Арно – 49 жашта

Меценат Арнонун 5 баласы тең атасындай миллардер болбосо да, миллионерлердин катарында. Улуу кызы Дельфина LVMH’дин директорлор кеңешинин мүчөсү, “Christian Dior Couture” компаниясынын жетекчиси. Бизнесте атасына тиешелүү “муздак акылдуулук” бар, андан сырткары тартипти катуу сактаган жетекчи дешет. Дельфина атасы аларды ашыкча эркелетпегенин, ал эмес “Louis Vuitton” брендине таандык сумканы 18 жашка чыкканда гана белекке алганын айтат. Алгач шарап бизнеси менен алектенген Алессандро Валларино Гансияга турмушка чыгып, 5 жылдан кийин ажырашып кеткен. Кийинки тандоосу бизнесмен Ксавье Ньель менен 1 кыз, 1 уулду тарбиялап келишет.

Антуан Арно – 46 жашта

Антуан Арно дегенде эле супер модель Наталья Водянованын жолдошу эске келет. Модель экөө 2011-жылдан бери кол кармашып жүрүп, 2020-жылы баш кошушкан. Бактылуу түгөйлөр Максим жана Роман аттуу уулдардын ата-энеси. Антуан азыр LVMH’дин генералдык директору, андан сырткары “Berluti” жана “Loro Piana” компанияларынын жетекчилик кызматында.

Александр Арно – 32 жашта

Сумка, чемодандарды чыгарган “Rimowa” компаниясынын жетекчиси, “Tiffany & Co” компаниясынын вице-президенти. Ишкерликтен сырткары музыкага да кызыгат, диджей катары өзүн сынап жүрөт. 2021-жылы дизайнер, сумка жана аксессуарларынын брендин түзгөн Жеральдин Гюйо аттуу сулууга баш кошкон.

Фредерик Арно – 28 жашта

Tag Heuer” швейцариялык сааттарды, смарт, люкс-сааттарды чыгарган компаниянын башчысы. Дүйнөдөгү эң бай үй-бүлөнүн бул мүчөсү да музыкага жакын, пианинодо ойнойт. 2023-жылдан бери “Blackpink” тобунун ырчысы Лиса экөө кыз-жигит деген имиштер айтылып жүрөт. Лиса “Celine” компаниясынын амбассадору. “Celine” болсо, албетте, LVMH’ге таандык марка. Фредерик Лиса конок болгон көргөзмөлөргө көп келе баштаган, андан сырткары “Blackpink’тин” Лос-Анжелес, Парижде болгон концертине барган. Лиса экөөнүн Париждеги ресторандардын биринде тамактанып отурган сүрөтү интернет талаасына тарап кеткен. Эки тарап тең эч кандай расмий билдирүү беришкен эмес. Ошентсе да Лиса Наталья Водяновага абысын болуп калышы толук мүмкүн.

Жан Арно – 26 жашта

Арнолордун көкүрөк күчүгү Жан азырынча жетекчилик кызматка келе элек. Ошентсе да “Louis Vuitton” брендинин саат чыгарган бөлүмүндө эмгектенет. Жан дагы музыка сүйүүчүсү дешет. Ойногон музыкалык аспаптары – гитара жана пианино. Жан агасы Фредерик сыяктуу көз күйдүргөн бай бойдоктордун катарында.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1116, 26-апрель-2-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан