Бала кезден калган психикалык травмадан кантип арылуу керек?

Акыркы убактарда адамдын коомго жат жүрүм-турумун психологияга, ата-энесине байланыштырып, “бала кезден калган травма” деп бүтүм чыгаргандар көп. Бала кезден калган жаракат деген эмне? Анын адамдын жашоосунда кандай таасирлери болот? Аны кантип жок кылууга болот? Ушул суроолорго жооп издеп көрөлү. 

Бала кезден калган психикалык травма деген эмне?

Психикалык травма – эмоционалдык тең салмактуулукту бузуп, адамдын кийинки жашоосуна коркунуч келтирген нерсе. Мунун эң башкы өзөгү – адамдын “мен адаммын, мени башка адамдар сыйласа, көңүл бурса, менин адам экендигимди бааласа” деген талабынын канааттандырылбагандыгы. Жашоодо мындай жаракаты жок адамдар чанда. Балага жанындагы чоң адамдар же кара күч жагынан андан күчтүүрөөктөр өздөрү да байкабай жаман сөз айтып, тыйып, басып, баланын ичиндеги “мен адаммын” деген нерсесин талкалап отурат, мындан баланын жан дүйнөсү кыйналат. Мунун баары баланын аң-сезиминде психикалык травма болуп сакталат.  

Канча жаштан баштап бала травма алат?

Бала кездеги травма десе көпчүлүк бала төрөлүп, акылына кирип калганда деп ойлойт. Жок, андай эмес. Бала эненин курсагында жаткандан тарта травма ала башташы мүмкүн. Эненин кош бойлуу кезде психикалык абалы, сырткы чөйрө, жолдошу менен мамилеси начар болсо, тагыраагы, эненин жан дүйнөсүндө тынчтык болбой калган учурдан тарта бала эненин ичинде жатып травма ала баштайт. Андан кийин бала төрөлгөндөн тарта чоңойгуча ар кандай окуялар балага терең психикалык травма алып келиши мүмкүн, анын кесепеттери менен адам өмүр бою күрөшүүгө туура келет.

Ал жаракаттар кандай таасир берет?

Чоңдор көп учурда “бала эч нерсени түшүнбөйт, бала уктап жатат” деп урушуп, жаман сөздөрдү сүйлөй беришет. Кандай абалда болбосун бала бардык жакшы-жаман нерсени суудай өзүнө сиңирип отурат. Ар бир алган жаракат баланын жашы жогорулаган сайын терс таасирин тийгизип баштайт. Адам өзү түшүнбөгөнү менен, чоңойгондо, үй-бүлө курганда же мамиле күткөндө баягы көргөн жашоо кайрадан кайталана берет. Анткени баланын аң-сезими, каны, ДНКсында бардык маалыматтар сакталган. Жашоосунда травма алган учурдагыга окшогон кырдаалдар жаралса, адамда ошондогудай эмоциялар козголот. Андан кыжалат болуп, өзүн, эмоционалдык абалын башкара албай ар нерсе кылышы мүмкүн. Көп учурда өзү байкабай ошондой адамдарды, ошондой кырдаалдарды жашоосуна тарта берет. Кээде баягы бала кезде көргөн чоңдордун образына өтүп алышат.

Мисалы, атасынын арак ичкенин көрүп ага кыжырланып, аракты жаман көрүп чоңойгон кыздардын күйөөлөрү ичкиликке жакын болуп калышы мүмкүн. Же эркек балдар өздөрү ичкиликке берилип кетиши ыктымал.

Кандай түрлөрү бар?

Чоң кишилер тарабынан жасалган зордук-зомбулук – алсыз, адилеттүүлүккө болгон ишениминен ажыратат, өзүнүн физикалык жана психологиялык чегин түзө албайт, дайыма бирөөдөн жардам күтүп, өзүн башкалардан дайыма төмөн сезип, кээде өзүн, айлана-чөйрөсүн жек көрөт.

Ата-эненин тарбиясына байланыштуу – бул чоң кишилер тарабынан баланы тарбиялоодо күчтүү мырза болушун каалаган, кыздары мыкты аял болушун каалаган ата-эненин ак ниеттүү аракеттери. Баланын каалоосун четке кагуу, кыйкырып урушуу, кемчилигин баса белгилеп айтуу, өтө көп тыюу салуу, “антпе, минтпе, көп сүйлөбө” деген нерселер дагы балага травма берет. Мындайда бала тартынчаак, өзүнө ишенбеген, өз оюн так айта албаган адам болуп калат.

Ата-эненин ажырашуусу – кээ бир балага жакшы жагдайды түзүп бергени менен, бир жагынан оор тиет. Мисалы, үйдөгү ызы-чуу, чыр-чатактан бала кутулат, бирок толук кандуу мээримден өксүйт. Ажырашууга бала өзүн күнөөлүү деп эсептейт. Айрыкча, үй-бүлөдө тынымсыз бири-бирине дооматтар, айыптоолор болуп турса, чоңдор бири-бирин манипуляциялап, баланы сөз кылып шантаж кылышса. Мындай “тажрыйбадан” кийин балага коомдо жашоо, адамдарга ишенүү кыйын болот.

Ден соолукка байланыштуу – бала кичинесинде хирургиялык же медициналык мекемеде узак болсо, олуттуу сыноолорго кабылса пайда болот. Оору, коркуу, өзүн алсыз жана коргоочусу жок сезүү баланын аң-сезиминде терең из калтырат. Адам бойго жеткенде да өзүнөн ар кандай оорулардын белгилерин издей берет, диагностикалык борборлордун жана медициналык текшерүүлөрдүн “күйөрманына” айланат.

Мамилелердин бузулушу – “Экинчи көзүмө көрүнбө!”, “Сен менин балам эмессиң!” деген сыяктуу ата-эненин каардуу сөздөрү, кош көңүл муздак мамилеси жана кайдыгерлигинен жаралат. Анын кесепети адамдын башкалар менен жылуу мамиле түзүүсүндө, башкаларга көңүл буруусунда, сүйүү көрсөтүүдө кыйынчылык жаратат. 

Бала кездеги  травмалар бар экенин кантип билсе болот?

 Өзүнө болгон ишеними төмөн болот;

 Тартынчаак, коркок болот;

 Оюндагысын ачык, так айта албайт;

 Айлана-чөйрөдөн корунат, эч кимге ачылбайт;

 Ишке жөндөмсүз, кичинекей кара жумуштар дагы чарчатат;

 Ачуулуу. Тынчсыздануу көп болот;

 Өзүн дайым бир нерсеге күнөөлүү сезет;

 Мамиле түзүүдө кыйналат;

 Жүрүм-турумунда терс көрүнүштөр көп болот;

 Өзүн керексиз сезе берет.

Кантип арылуу керек?

Психолог адам менен сүйлөшкөндө анын сүйлөгөн сөзү, көз карашы, кыймыл-аракети, жашоосунда болуп жаткан жагдайлары аркылуу анда кандай травма бар экенин аныктайт. Кабыл алуу мыйзамында гана бул абалдан чыга алышат. Бул үчүн адам бала кезден кандай жашоодо жашады, кайсы учурда так салган кандай окуя болду, изилдеп чыгат. Кандай гана жаракат болсо да ага себепчи болгон адамдарды аң-сезими аркылуу туура түшүнүп, кабыл алышы керек, ошондо гана чыгууга болот. 

Колдонуучу ыкмалар

Эгерде сиздеги жаракаттар жеңил болсо, өз алдыңызча бул жаракаттардан арыла аларыңызга көзүңүз жетсе, төмөнкү ыкмаларды колдонуп көрүңүз:

Бөлмөдө өзүңүз жалгыз каласыз да, ыңгайлуу отуруп же жатып алып акылыңыз, аң-сезимиңиз менен ошол кырдаалга, ошол күнгө, ошол куракка, ошол убакытка барасыз. Жаныңызда сизге тоскоолдук жараткан, сизди чочута турган эч нерсе болбошу керек. Ошол учурду кайра баштан жашап өтүш керек. Мындай учурда адамда эмоционалдык абал көтөрүлөт, адам ыйлайт, истерика болот, кээде денеси ооруйт. Ошонун баары бүткөндө баягы кичинекей, алсыз балага – өзүнө мээрим көрсөтүп, “мындан ары андай травма алууга жол бербейм, мен сени жакшы көрөм” деп ыраазычылык айтып, колдоо көрсөтүшү керек.

Дагы бир ыкма – бөлмөдө өзү жалгыз болот. Эки отургучту коюп, бир отургучка отуруп баягы жаракат алган учурга барат, баарын жанагыдай эле жашап өтөт. Ошол бала курагында айта албай, чыгара албай калган эмоциясын чыгарат. Андан кийин экинчи столго отуруп, ошол балага эмне керек эле, ошонун бардыгын кайрадан берет, чоңоюп калган абалында мээрим берип, колдоо көрсөтөт.

Негизи жаракаттарды иштөөдө психологго, психотерапевтке кайрылган жакшы. Ар бир психолог өзүнүн тажрыйбасына, билимине жараша ар кандай көнүгүүлөрдү, дем алуу ыкмасын жасатат. Эскертүү! Адистин жардамысыз оор жаракаттарды чыгаруу абдан кооптуу, анткени адам ошол оор абалдан чыга албай калышы мүмкүн.

Материалды даярдоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн психолог Асылжан Нарыбаевага жана Чолпон Шамшидинге ыраазычылык билдиребиз.

 

Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1117, 3-9-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан