Кенже Дүйшеева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «Жан дүйнөм тынч, кылган жакшылыктарым кайтты»

«Кызым биздин далдоодо калбасын дейм»

– Жан дүйнөнү уга билүү, сезе билүү жакшы нерсе экен. Бүгүнкү күндө жан дүйнөм тынч, эмнени кааласам ошону жасаганга, каалаган чөйрөмдө болууга аракет кылам. Көп жылдар бою өзүмө мындай ыңгайлуулук түзгөн эмесмин. Мындай жан дүйнө тынчтыгына салым кошкондор – бул үй-бүлөм. Үй-бүлө мен үчүн абдан маңыздуу, абдан баалуу, өтө аяр сактаган дүйнө.

Кызым Томирис 6-класста окуп жатат, чыгармачылыкка жакын, сүрөт тартууга кызыгат. Учурда кызыма эмне жагарын баамдап жаткан учурум. Эгерде чыгармачылыкка жакын болсо, атасы экөөбүз тең колдойбуз. Ошентсе да илим жаатында кетсе деген тилегим бар. Бала эне-атанын далдоосуна жашынып калбашы керек. “Баланчанын кызы экен” деп кысынып калбасын дейм. Бала өзүнүн балалык дүйнөсүндө, балалыктын доорун сүрүп, эркин чоңоюшу кажет. Ошондуктан кызым жөнүндө көп маалымат айтпайм.

Жолдошум Талгат чыгармачылыгымды колдогон эң биринчи инсан. Мурда “ырлардын үстүнөн иштебейсиңби” деп көп айтчу. Азыр мени аяйт окшойт, “эс ал, уктап ал” деп калды. Чыгармачыл адам ырлары, өнөрү, концерттери, айтор, эмгеги менен таанылыш керек. Өзү жөнүндө маалымат түгөнүп калганда гана ырчы үй-бүлөсүн колдоно баштайт деп ойлойм. 

«Буркан-шаркан түшөрдө апамдын мүнөзүн эстеп жоошуп калам»

– Адамдын жашы өйдөлөгөн сайын, эне болгондон кийин дайыма акылыңда коштоп жүргөн адамдар – бул эне-атаң болот экен. Ата-энемдин көзү өткөнүнө 25 жыл болуптур, бул 2 адамымды удаа жоготком. Мен көбүрөөк атама жакын элем. Мүнөзүм, өң-келбетим, тездигим, шарт жүргөнүм атама окшош. Апам, азыр ойлосом, жумшак, бала тарбиялоодо өзгөчө ыкмаларды билген аял болуптур. Ачуусу келип турса да баарын акылга салган, көтөрүмдүү, тамакты өтө даамдуу жасаган, ысырапкорчулукту жактырбаган, терең, адамдын жакшылыгын баалай билген өзөчө жан эле. Буркан-шаркан түшө турган учурда апамдын мүнөзүн эстеп жоошуп калам. “Кандай гана талаш болбосун дайыма оң позицияда жүр, сааты келгенде баары өз ордуна түшөт” дечү апам.

Мендеги ырчылык талант тай тараптан өттү болуш керек. Апам жакшы ырдачу. Бир туугандарымдын баары ырдашат, кээде той-топурда алар ырдашып, мага убакыт жетпей калат. Он бир тууганбыз, 5 кыз, 5 уул. Жазында дайыма ата-энебизге куран окуп, сүмөлөк жасап чогулабыз. Бир туугандар менен эсте калган учурлар көбүрөөк болсо экен дейм. 

«Жебе» тобун Өзүм төрөп алгандай көрөм»

– Чыгармачылыктагы оор учурда “Жебе” тобу түзүлдү, андагы балдарды өзүм төрөп алгандай эле көрөм. Топ тарагандан кийин ортодогу сый-урмат мурдагыдан да бекемделди. Жакында эле Медер мага айтпай сюрприз кылып Америкадан келип калыптыр. Ошол учурда бир аз сыркоолоп жаткан элем. Төртөө ар нерсени айтып күлдүрүп, көңүлүмдү көтөрүп кетишти. Эки күндөн кийин туулган күнүм болмок, алар мага айтпай табият коюнуна ата-энелери, бала-чакасы – неберелерим менен дасторкон даярдап коюшуптур. Бул мен үчүн эсте каларлык жакшы күндөрдүн бири болду. Жигиттердин уул-кыздары мени таене дешет. Бир жолу тойго барсам, бир жигит “таене, келдиңизби?” дейт (күлүп). Чочуп кетипмин, көрсө, ал Минурдун өкүл баласы экен. “Жебе” тобундагы төрт жигитке тең ыраазымын, менин көзүмдү карап турушат, сый-урматы жогору. Жездеңер “балдарыңдан көрөсүң деген ушул” деп тамашалап калат. Адамга эч бир нерсе жөн келбейт, бумеранг, бирөөгө кандай мамиле кылсаң, ал нерсе сага кайрылып келет. Биз бүгүнкү күндө жакшылыктын бумерангында жашап жатабыз.

«Тобокелдикке барганды жактырган адам болгон экенмин»

– “Дүйнөңүзгө “Кыз-Буракты” кошпосок болбос” деп жатасың, ооба, “Кыз-Бурак” бул чоң мектеп. Ал учурдагы Кенжени кантип сүрөттөйт элем?.. Чыгармачылыкта эргип, ийгиликтин өтөсүнө чыга билген, тобокелдикке барганды жакшы көргөн, бардык ишти жан дили менен жасаган, бирөөгө атаандашпаган адам болгон экенмин. Ал мезгилдеги сахна артындагы Кенженин жумушун баяндагым келип турат. Командада 15 кыз болсо, баарынын көйнөктөрүн үтүктөп койчумун. Ырчылыктан сырткары концерт уюштуруу иштерин колго алып афиша чаптап, таңга маал жаныма 1-2 баланы алып концерт уюштурганы кетчүмүн. Кечинде концертке элди киргизип, эшиктин оозунда билет текшерет элем. Концерт бүтөйүн деп калганда салыкчылар, ижара акысын сурагандар келет, алар менен эсептешип, концерттин аягын 2 ыр менен бүтүрөт элем. Баары уктап калганда идиш жууп, тамак бышырып, керек болсо, бала багып, жолдо баратканда айдоочу уктап кетпесин деп алмашып унаа да айдачумун. Бул нерселерди ырчылыкты бийик баалагандан улам кылсам керек. Мунун баарын өтпөсөм, балким, азыр башкача Кенже болмокмун. Муну мен кийин талдадым. Көрсө, ошондой бир чоң команданын артында эч кимге билинбеген мээнеткеч, бир байкуш адам болуш керек экен. Андай адам болбосо, команда эч качан өспөйт. Ушул нерсени мен жасай алдым. “Жандооч кийик аттырат” дегендей, мен мыкты жандооч болгондуктан команда мыкты болду, ийгиликтерди жаратты. Ошол Кенже менен сыймыктанам, ага суктанам, бүгүнкү күндө дал ошол Кенжедей кызды жаныма жандооч кылгым келет.

«Эл мени баягыдай идеалдуу көргүсү келерин түшүндүм»

– Бала кезимде “кыргыз тили мугалими, же журналист, же сот болом” дечүмүн. Бирок жүрөгүмдүн түпкүрүндө ырчылык турчу. Чыгармачылык мени чоң дүйнөгө алып келди. Анын артынан эл-журттун сүйүүсүнө арзыдым. Кыйын учурларда да эл мени дайыма колдоп турарын сезем. Эл – бардык нерсенин таразасы, чыгармачылыгымдын күзгүсү. Мисалы, дагы балалуу болсок экен деп дарыланып жүргөндө толуп кеткем. Ошондо “Кенже толуп кетти” деп жазышты. Башында муну кабыл албаганым менен, кийин эл мени баягыдай идеалдуу көргүсү келерин түшүндүм. Анан спорт менен машыгып, баягы калыбыма келгенге аракет жасадым. Бул – элдин пикирин сыйлагандыгым.

Чыгармачылык – адамдын ички дүйнөсүндөгү сезимдер да. Көөдөндөгү нерсенин баарын ыр аркылуу бергенге туура келет. Чыгармачылык мен үчүн дары сыяктуу. Жан дүйнөң ооруп турганда ыр аркылуу өзүңдү дарыласаң болот. Ырдоо – мен үчүн жөн эле хобби эмес, жан дүйнө, эң жакын дос. Чыгармачылыктан өзүмдү бөлүп карай албайм. Акыркы убактарда концерттерде продюсерлик кылып жатам, көп клиптерге сценарий түзүп бердим. Мен үчүн мактоого арзый турган жумуш – Өзгөндө “Өзгөн мунарасы” деген чоң фестиваль өткөрдүк. 

«Кээде такыр үйдөн чыкпай коём»

– Китепти көп окуйм, анан бийлегенди жактырам. Жан дүйнөсү, ой жүгүртүүсү терең, көптү окуган, көптү билген адамдар менен баарлашкан жагат. Үйдө жөнөкөй эле Кенжемин, ашканада мыктымын, үй жыйнаганды жактырам, кээде ушундай бир эргүү келип калат дейсиң, колго кир жууп деле коём. Кээде такыр үйдөн чыкпай коймоюм бар. Үйдү жыйнап, тамак жасап, Томирис менен Талгаттын келишин күтүп, үй кожойкеси болуп калам. Мени сыртымдан көбү каардуу деп ойлошот. Жумушта талапчылмын, бирок үйдө жумшак жар, жумшак энемин. 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1117, 3-9-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан