Шоола (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Шоола көздөрүн жумду. Бир топтон бери, көп жылдан бери жүрөгү мынчалык ооруй элек болчу. Бүт денеси ооруп, алсырап калганын туйду. Алгач эле эсине келгени Канат үйлөнөт деген жаңылык болду. Кайрадан жүрөгү мыкчылып чыкты, эч кимди көргүсү келбеди.

– Бир аз убакыт алсыз болот. Андан кийин кардиолог врачка толук түрдө анализ тапшырып көрүнүшүңөр керек. Билесиңер го, жүрөк менен ойноп болбойт.

– Ооба, жакшы болсо эле бардык керектүү текшерүүлөрдөн өтөбүз. Өзүнүн да жеке врачы бар. Сизге рахмат!

Жанат врачтарды узатып коюп кайра уктоочу бөлмөгө келди. Шооланы кучактап, маңдайынан өптү кайра.

– Жалгыз калгым келип жатат,- деди Шоола жуурканга башын катып.

– Макул, сен жакшы болсоң эле болду. Сен жакшы көргөн нерселерди буюртма кылайын, экөөбүз отуруп алып тамак ичебиз. Макулбу?

Аялы үн каткан жок. Жанат ашканага чыкты, телефондон тамакка буюртма кылмай болуп бара жатып, кайра аялына сюрприз кылайын деп өзү тамак жасамай болду. Шоола болсо болгон окуяларды акылынан, жүрөгүнөн өткөрүп, ичинен өзү менен өзү диалог кыла берди. 

– Хе, келесоо кыз! Мына, Канат да үйлөнгөнү жатыптыр, сен мындай нерсе болбойт дегенсиң да, туурабы?- деди ичиндеги бир үн табалай.

– А балким, жалгандыр? Жанат жиниме тийиш үчүн эле айтып койгондур,- деди ичиндеги дагы бир үмүттүү добуш.

– Жанат мындай нерсе менен тамашалашпайт, билесиң. Чын эле Канат үйлөнгөнү жатат. А сен болсо анын аялынын абысыны катары эртең жанында турасың. Кантип чыдайсың, ыя? Канат деген атты укканда жүрөгүң үзүлүп кетчүдөй болуп жүрөт го, аны эми башканын жанында көргөнгө кантип чыдайсың?

– Көрсөм болду, башкасы маанилүү эмес. Анын ким менен турганы мага эмне? Жүрөгүмдө меники!

– Келесоо кыз, сен анын инисинин аялысың! Жанат сенин ага караган бир көз карашыңды байкаса кабыргаңды сындырат. Билсең керек...

– Кааласа өлтүрүп салсын, ушинтип жашагандан көрө, балким...

– Жинди болбо, жашоо кандай сонун. Жүрөк ооруң менен алышып жатканда өмүрдүн бир эле көз ирмеми кандай сонун экенин сездиң эле го.

– Канатсыз, анын мээрмимсиз, Жанаттын жалган сүйүүсү менен жашоо сонун деп жатасыңбы? Жашоо эмес, тозок! Оорулуу ал! Көрбөй жатасыңбы, балалык кезинен берки травмасы бар. Бала кезде атасынын аёосуз сабаганы, кемсинткени, апасынын сүйүү бербегени аны ушундай кылып салган. Мындан кач!

– Качканга күчүм, эрким калбады. Канатты бир көрсөм болду!

Айтор, ушинтип өзү менен өзү сүйлөшүп жата берди. Бир кезде эшик ачылып, Жанат бөлмөгө тамак алып кирди.

– Та-даам! Ашканада эки саат алышып жатып, сага өз колум менен тамак  жасадым. Муну жеген да арманда, жебеген да арманда. Чыныгы италиялыктар жей турган паста!

Шоола ордунан алсыз туруп, экөө тамак жеп жатышты. Жанат эч нерсе болбогондой, Шоола эмнеден улам эсин жоготконун байкабагандай шаңдуу эле.

– Мен кичинемден тамак жасаганды жакшы көрөм. Кээде үйдө эч ким жокто Канат экөөбүзгө сонун тамактарды жасачумун. Ал болсо тамак жасаганды жакшы көрчү эмес, ал сырткы жумуштарды кылганды жактырчу. Бирок менин тамактарымды аябай жакшы көрүп жеп, казанды көмкөрүп салчу. Хе-хе, азыр ошол кездерди эстеп...

Жанат сүйлөп жатып көзүнүн кыйыгы менен Шооланы карап жатты. Кандай реакция кылат деп байкаганы эле. Шоола болсо анын сөзүн угуп же укпай жатканы белгисиз. Бир чекитти карап ойлуу отурду.

Жанаттын жаны кашайып кетти. Бутунан бери түйүлүп, толкун сымал жыйылып келе жаткан ачуусун араң басты. Кичинесинен ушул абалды жаман көрөт. Көрүнүп туруп көрүнбөгөн абал. Сенин барың да, жогуң да маанисиздей. Бул нерсени апасынын көздөрүнөн дайым көрчү эле, эми Шооланын көздөрүнөн... Жанат алдында турат, бирок аны көрбөйт. Ойлору менен, жан дүйнөсү менен алыста! Дал кичине кезиндегидей жүрөгү үшүп кетти. Өзү жанын бергенге даяр болуп сүйгөн адамы үчүн маанисиз болуудан, байкалбагандан, сүйүлбөгөндөн коркуп кетти. Шооланын колдорун катуу кысып жиберди. Манжалары ооруп кеткен ал селт эте Жанатты тиктеп калды. Карегинде толуп турган көз жашы жүзүнөн кулап кетти. Жанат аргасыз колун коё берди. Келинчегинин жашын колдору менен аарчый берди.

– Экинчи бул көз жашты көрбөйүн, ээ?- деди да, чыгып кетти.

 

ххх

 

– Кызым, бүгүн сага сөйкө салышат. Эрке кызым, эми сен да бир үйдүн кожойкеси болосуң,- деди Алиянын апасы кызына ичи эзиле тиктеп.

– Канат жакшы бала ээ, апа?

– Жакшы жигит, мээримдүү, жайдары. Куду атаңа окшош.

– Кызык, ал мени жакшы көрөт болду бекен?

– Жактырбаса эмнеге сөз айттырсын, берекем...

– Билбейм,- деди кыз ойлуу.

– Дагы ойлонгонго убактыңар болот, азыр сөйкө салуу гана. Азырынча сөйкө салып коёлу деп апасы телефондон айтты. Балдар бири-бирин жакшыраак билишсин деди. Атаң экөөбүз да макул көрдүк. Биз сени жаман жолго түртмөк белек, кызым.Канатты жакшылап сынап көрүп, сени кадырлай ала турганына көзүбүз жеткенде гана, буюрса, тойго макул болобуз.

Алия бактылуу жылмайды. Чындап эле анын Канатка кичине кезинен бери ашык экенин ким, кантип билип койду десең. Жараткан экөөнүн ортосундагы гана сыр эмес беле, Алия үчүн кол жетпеген бир кыял болчу Канат. Бул керемет эмеспи. Анын гезиттерге чыккан интервьюларын кесип алып, жаздыгынын алдына коюп жаткан секелек курагын эстеди. Ага фанат болуп жүрүп, спорт менен машыга баштаганы да оюна келди. Ортолорундагы жаш айырмачылыкты эске алганда эле Канатка жетүү ишке ашпай тургандай нерсе болчу. Бирок ишке ашканы жатат!

 

ххх

Шоола даярданып жатты. Жанаттын ата-энесинин үйүнө биринчи жолу бара жаткандыктан адеп сактап жоолук салынмай болду. Кайра тез эле оюнан кайтып кетти. “Мен Канаттын жубайы катары жоолук салынып кире турган үйгө, Жанаттын аялы катары жоолук салынып кирбейм” деди. Башындагы жоолукту алып ыргытып жиберди. Эмнегедир кара көйнөк кийди. Жанат келинчегин бир карап сыймыктанып алды. Кара көйнөк кийсе да ак куу! Жоолук салынып ал деп айтыш оюна келбеди.

– Даярсыңбы?

– Ооба.

Канат менен көрүшөрүн ойлогондо Шооланы майда калтырак басты. Акыры үйгө жеткенин билет, үйдөгүлөр менен саламдашканын элес-булас билет, башка нерселер акылына чүргөлбөдү. Бир маалда Алия менен Канат ээрчише кирип келишти. Жалпыга салам айткан Канат Шооланы  карабаганга аракет кылды. Шооланын жүрөгү дүкүлдөп жатты... Кайда турганын, эмне кылып жатканын элес албагандай Канатты тиктеген боюнча катып калды. Кудай жалгап коноктор менен болуп жаткан Жанат аны байкабады. Канаттын апасы гана бул көз карашты сезип калды.

Туугандардын бири, Канат менен Жанаттын таежеси Шооланы жактырбай тиктеп калды.

– Азыркылар кызык ай, кечээ келе калып эле же жүгүнгөндү билбейт, же жоолук салынбайт. Эже, жаңы келген келинге үйдөгү жоолуктарыңыздын бирин берип коёсузбу? Бул жерде кайната, кайнагалары отурат, ботом,- деди ачык эле.

– Азыркы жаштарга боло берет деп жатышат го,- деп токтоо жооп берип койду апасы. Жанат болсо таежесин жек көрө тиктеп калды.

– Таеже, сиз кайсы кылымда жашап жатасыз? Жоолук-моолук деген нерселерден өттүк го. Азыр дүйнө ат чабым алыс кетти, биздин эл дагы деле жоолук, салт-малт дегендер менен убара...

 (Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1117, 3-9-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан