Банандын кабыгын ыргытпаңыз

Тишти агартат

Банандын кабыгы үй шартында тишти агартканга жардамчы. Кабыктагы көптөгөн пайдалуу минералдар тиштин эмалына жабышкан тактарды, кирлерди кетиргенге жардам берип, апакай өңүн чыгарат. Андыктан кабыктын жумшак тарабы менен тишти акырындан сүртүп тазалап туруңуз.

Бетке маска

Банандын кабыгынын курамындагы табигый жемиш кислоталары жана пайдалуу минерал, витаминдер беттин терисине жумшак пилинг катары таасир этет. Андан сырткары терини азыктандырып, нымдаштырып, жумшак кылып жана жаркыраган өң тартуулайт. Жакшы бышкан банандын кабыгынын ички бетин көздүн айланасынан башка жагына тегиз сүртүп, укалоо кыймылдарын жасаңыз. 10-15 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп саласыз. Бул масканы бир жумада бир ирет колдонуу сунушталат.

Өсүмдүк битинен (тля) сактайт

Жашылчаларды, өзгөчө капустаны жеген биттен (тля) арылууга да банандын кабыгы көмөкчү. Ал үчүн жакшы бышкан банандын кабыгын төрт чарчы бөлүктөргө туурап алабыз. Бит жеп жаткан өсүмдүктүн түбүнө бир нече кабыктын бөлүкчөлөрүн тизебиз. Кичинекей бакча зыянкечтери чирип бараткан банандын кабыгынан бөлүнүп чыккан газды жактырбайт, ошондуктан алар башка “курмандык” издегенге аргасыз болушат. Бирок бир зыянкечтен кутулам деп, экинчисин чакырып албаңыз. Банандын кабыгын ашыкча колдонгонго болбойт. Анткени бул таттуу өсүмдүктү сүйгөн башка курт-кумурскалар да бар.

Жер семирткич

Кабыкты көчөттөргө жер семирткич катары колдонсок болот. Кабыкты бир нече бөлүктөргө бөлүп, көчөт же урук себе турган идиштин эң түбүнө салабыз (4-5 бөлүк жетет), андан кийин топурак салынат. Кабыктагы пайдалуу минералдар топурак менен аралашып, өсүмдүккө керектүү пайдалуу жер семирткичке айланат. Эскертүү! Көчөттү тигип жатканда анын тамыры түздөн-түз банандын кабыгына тийип калган жокпу текшерип коюңуз. Экөө бетме-бет келип калса, банан тамырды күйгүзүп жиберет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1117, 3-9-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан