Асыл Акматова, “Түз эфирде 5 секунд тагдыр чечип коюшу мүмкүн”

ТВдагы ток-шоу, саясий же маданий түз эфирлер, атайын программалар, айтор, баары телережиссёрдун зор эмгеги аркылуу көрүүчүгө жетет. Дээрлик 30 жылдан бери УТРКда телережиссёрлук кесипти аркалап келе жаткан Асыл Акматова кесиби тууралуу кызыктуу маек куруп берди. “Телевидение десе эле көпчүлүк эфирге чыккан адамдарды элестетет, кадр артында жүздөгөн адамдар иштешет, алардын бири биз – телережиссёрлор”,- дейт каарманым.

“Кыялыма жетүү жолунда журналистиканы тандадым”

– Өзүм Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында чоңоюп өсүп, мектепти бүттүм. Кичинемде куурчактарыма сонун көйнөктөрдү, өзүмө кемсел, юбкаларды тигип алчумун. Айылдагы кошуналардын баарын боёп, чачтарын жасалгалап эле басып жүрчүмүн. Эжекем тырмак боёгон лагын бербей койсо, тырмактарымды үйдөгү пол боёк менен боёп алар элем. Дизайнер же визажист болсом деле болмок. Апам мендеги ошол шыкты байкадыбы, же жанынан алыс кетиргиси келбедиби, “кызым, сен укмуш тигесиң” деп мактап Ат-Башыдагы 10 ай тигүүчүлүктү окуткан училищеге киргизип койду. А менин шаарда, университетте окугум келчү. Кыялың баары бир коё бербейт экен, училищени бүтүп эле Бишкекке келип, КУУнун журналистика факультетине тапшырдым. Студент кезде эле иштей баштагам. Алгач Кыргыз телевидениесине режиссёрдун жардамчысы болуп жумушка кирип, кийин ассистент кылып алышкан.

“Телережиссёр – кеменин капитаны, жоопкерчилик чоң”

– Кыргыз телевидениесине жумушка киргенде 20 жашта элем. Учурда 49дамын, 30 жылдык тажрыйбамда көптөгөн корифейлер, теленин залкарлары менен иштештим. Режиссёрлук пультту башкарууну мага Адиля Лаишова, Зефира Исмаилханова деген режиссёрлор үйрөткөн. Ошондой эле Жылдыз Токтосунова деген эже мага мыкты устат болду. Аны менен командировкаларга чыгып съёмка жасаганды үйрөндүм. Бейшенбек Бекешовдун “Кыргыз көчү”, Болот Макетаевдин “Тагдыр”, учурда УТРКнын башкы директору болуп турган Болотбек Тиллебаевдин “Теледискотека” деген берүүлөрүн тарткам. “Замана” студиясына 13 жыл режиссёрлук кылдым. Телережиссёрлор – кеменин капитаныбыз, иш процессин башкарып, эфирди көз алдыбыздан өткөрүп турабыз. Алпаруучу кандай сүйлөп жатат, оператор туура ракурстан тартып жатабы, үн режиссёру музыканы өз убагында берип жатабы, айтор, баарын көзөмөлдөшүң керек. Эки алпаруучунун бири жок болсо экинчиси жалгыз алып бара берет, оператордун бири келбей калса калганы тарта берет, ал эми телережиссёр жумушка кечигип же келбей калса, анда иштин баары токтойт. Демек, ишибиз абдан жоопкерчиликтүү. Эфир таңкы саат 06:00дө баштала турган болсо, саат төрттө студияда болуп калышың керек. Айрыкча түз эфирге режиссёрлук кылуу абдан оор. Мисалы, 3 сааттык “Замана” берүүсүндө 5 секундга да алагды болбошуң кажет. Түз эфирде
5 секунд дагы тагдыр чечип коюшу мүмкүн. Жумушта чоюлуп, жайбаракат жүрмөй жок, дайыма чыңалыңкы абалда жүрөсүң.

“Алпаруучунун катачылыгын эфир учурунда айтканга болбойт”

– Табиятымдан жумшак адаммын, оюмду акырын сүйлөп эле түшүндүрөм. Бир жолу алпаруучу Саната Жумакадырова “эже, бүгүнкү эфирде сиз экенсиз, сураныч, эскертүүлөрдү эфирден кийин айтыңызчы, болбосо текстти унутуп калам” дейт. Көрсө, мурунку эфирде режиссёр катуу урушуп койгон экен, айта турган сөзүнүн баарын унутуп коюптур. Эскертүүлөрдү, алпаруучу кетирген катачылыктарды жана башка кемчиликтерди эфир учурунда айтпаш керек. Анткени маанай бузулса бүт иш процессине таасирин тийгизет. Эсимде, бир жолу Замира Акбагышеванын “Позвоните в четверг” деген берүүсүн тартып жатканбыз. Студияга бирөө телефон чалып, “Замира эженин үйү өрттөнүп жатат, тез келе калсын” деп калды. Эжеге айтайын десем эфир башталганы турат, айтканда деле жетишип бара алмак эмес, чынында. Ичимден “балким, жалган чакыруу болуп калсачы” дедим да, эфир бүткүчө айткан жокмун. Берүүнү тартып бүттүк, Замира эжеге “эже, түз үйүңүзгө барыңыз ээ?” деп койдум дагы деле шек билдирбей. Эртеси “баары тынч бекен үйүңүздө?” десем, “ооба, тынч эле, эмне болду?” деп кайра менден сурайт. Түз эфирди үзгүлтүккө учураткысы келген же дагы бир башка максаты бар адамдар чалган окшойт деп калдым. Айтпаганым эле туура болуптур.

“Эмнеге атаңдай киши менен клипке тартыласың деп урушуп...”

– Телеге жаңы келген кезим. Бир күнү устатым Жылдыз Токтосунова “Асылка, жүрү Ала-Арчага барып ырчы Камчыбек Турсункуловдун чыгармачыл кечесине карата клип тартып келебиз” деп калды. Тажрыйба топтоюн деп ээрчип алдым. Камчыбек аганы тоонун фонунда, дарыя жээгинен тарта берип тажады окшойт, анан Барпы Алыкуловдун “Ашыкмын” деген ырын ырдамакчы болгондо “Асылка, ушул клипке сен тартыласың” дебеспи эже. Мен такыр болбойм, “уят эмеспи, атамдай киши менен... Айылдан атам көрсө эмне дейт” десем ой-боюма койгон жок. “Мен деле Асылбек Өзүбековдун “Дилбарында” бийлеп жүрөм го, искусство курмандыкты талап кылат, түшө бер, жакпаса кийин өчүрүп коём” деди. Жашмын да, эжеге жок дей алган жокмун, Камчыбек ага ырдап жатат, мен болсо ташта отурам сүлкүлдөп. Анан клип чыккандан кийин ызы-чуу башталды. Тааныштар сындашты, журналист Дүйшөк Мамбетөмүров “Асылка, килтейген Камчыбек Турсункулов менен эмнеге клипке түшөсүң? Атаңдан уялбайсыңбы” деп урушканы эсимде.

“Жанталашып өзүмдү жарнамалабайм”

– Менде өзүмө сын көз караш абдан күчтүү, бул – кемчилигим окшойт деп калам. Кичине эле иш кылып алышып “мен-мен” деп мактанып  алыска кеткендер бар. Алар жогорку сыйлыктарга бат-баттан көрсөтүлүп турушат. “УТРКда баланча жыл иштедим, мени да сыйлыкка көрсөткүлө” деп такыр айтпаптырмын. Мени 2 жолу “Кыргыз телесинин отличниги” наамына көрсөтүшүп, эки жолу тең албай калгам. Кийин Канат Култаев чуркап жүрүп Кыргыз телесинин Ардак грамотасын, андан кийин “Кыргыз телесинин отличнигин” алып берди. Эми президенттин Ардак грамотасына көрсөтүп жатышат, аны да аламынбы-албаймынбы, белгисиз (күлүп). Жан талашып өзүн жарнамалагандар көп нерсеге жетишет экен. Мен теңдүүлөрдүн көбү эмгек сиңирген ишмер болуп кетишти.

“Жаш көрүнөсүз, сыры эмнеде?” деп көп сурашат”

– Телеге жаңы келгенде 8 ай гонорар албай бекер иштегем. Азыркы жаштар айлыкка болбосо да, жок дегенде гонорарга иштешет. 28 жашка чейин өзүмдү кичинекей кыздай сезчүмүн. Карасам, курбуларым турмушка чыгып, досторум үйлөнүп жатат. Анан ошондо турмушка чыгуу керек экендиги акылыма келди. 31 жашымда турмушка чыктым. Жолдошум абдан романтик, үйдү кооздоп, жасалгалап, кыялданганды жакшы көрөт. А мен реалистмин, жок эле нерсени бар деп өзүмдү алдаган жакпайт. Учурда өмүрлүк жолдошум менен эки баланы тарбиялап келебиз. Уулум 17 жашта, кызым 3-класста окуп жатат. Анан көптөр “Асыл эже, жаш көрүнүшүңүздүн сыры эмнеде?” деп сурашат. Жаштыктын сыры – сүйгөн кесибиң менен иштөө, үй-бүлөлүк гармонияга жетүү, ичи тардыктан, интригадан алыс жүрүү дейт элем. Ичи тар адамдын мээрими да, сүйүүсү да өзүндөй тар болот. Андыктан кенен бололу, ошондо Жараткан да бардык жакшылыгын кенен берет.

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1117, 3-9-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан