Жоголгон жылдар...(Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Айзада жол бою Жакыповго чалам деген ой менен телефонго алаксып келе жатты. Чалып жардам сурайын дейт, кайра жаман сөз айтып койсочу деп номерин терүүгө дити барбайт. Ушинтип ар нерсеге алаксып келе жаткан учурда унаа жол тилкесинен бир аз чыгып кетти. Коркуп кеткен Айзада рулга ээ боло албай калып, катуу ылдамдыкта бараткан унаа бир одарылып барып токтоду. Айзада бакырып жиберди. Унаанын кандай шартта кулаганын башка жолоочулар даана көрүштү. Оодарылып жаткан унаанын жанына бир заматта адамдар топтолушуп, бири “Тез жардам” чакырып, калгандары унааны оодарып тургузуп айдоочусун алып чыкканга аракет кылып жатышты.

– Жалгыз аял экен, башка жүргүнчү жок.

– Ка-ап! Узак жолго жалгыз чыкпай эле койсо болмок экен,- деп сүйлөнүп жатышты. Унааны түздөп тургузуп, аялды унаадан чыгарып чалкасынан жаткырышты. Көп узабай “Тез жардам” менен МАИ кызматкерлери кырсык болгон жерге жетип келишти. “Тез жардамдын” унаасы Айзаданы салып Кеминди көздөй жөнөдү. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү Айзаданын телефонундагы акыркы чалуу болгон номерге байланышка чыгышты. Алар байланышка чыккан киши Жакыпов эле. Ал Айзаданын номеринен чалуу келип жатканын көрүп алсамбы-албасамбы деп ойлонуп, биринчи чалууну албай койду. Бир аз убакыт өтүп кайрадан чалуу келди.

– Алло, алло, саламатсызбы? Эмне угулбай жатабы?- деген эркек кишинин үнү чыкты.

– Угуп жатам,- деди Жакыпов суз гана.

– Мен жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын инспектору Абдылдаев Мурат.

– Угуп жатам, эмне болуп кетти,- деди Жакыпов кекете үн катып.

– Курманкулова Айзада Баатыровна сизге ким болот? Телефонундагы акыркы чалуу сизге болуптур.

– Сурак кылбай иштин чоо-жайын айтчы,- деп бурк этти.

– Айзада Боом капчыгайынан чыга берген жерде жол кырсыгына учурады,- деди.

– Эмне? Жанында бирөө-жарым бар бекен?- тынчсыздана үн катты.

–Жалгыз экен, “Тез жардам” кызматы алып кетти.  

– Кайда алып кетишти? Абалы кандай?

Окуянын чоо-жайын тактап билген соң Жакыпов шашылыш айдоочусун чакырып Кеминди көздөй жолго чыкты. Адам өлүм оозунда турганда гана анын жакшы жактарын эстеп, жакшы адам эле деп өлгөндөн кийин эскерип калат эмеспизби. Жол бою экөө өткөргөн жылдар көз алдына тартылып келе жатты. Айдоочусу тынчсызданып келе жаткан шефин улам күзгүдөн карап коюп эмнеге Кеминге шашып бара жатканын түшүнбөй келе жатты. Шефи өзү гана көңүлү келип айтып калбаса, ашыкча суроо берүү деген жок. Айткан дарегине алып барып коёт. Ооба, Жакыпов жакшы маанайда эстегидей эле экөө жакшы күндөрдү өткөрдү. Экөөнүн мамилесине азыркы тапта унааны башкарып келе жаткан айдоочусу башынан баштап күбө. Жакыповдун жашоосундагы болгон нерселердин баарынын күбөсү ушул айдоочу. Жакыпов анын ага өтө берилгендигин баалайт. Бир жакшы жери укканы уккан жерде, көргөнү көргөн жерде калат. Жакыповдун айдоочусу эле эмес, оң колу. Жакыповдун көп ишин өзү эле бүтүрүп коёт.

– Эми кайсы жакка айдайын?- деп Кеминге жете бергенде гана үн катты.

– Кеминдин ооруканасына, сага айтпай эле келе берген турбаймынбы,- деди Жакыпов

Шефинин жакындарынан кимдир-бирөө ооруканага түшкөн окшойт деп болжоду ичинен. Көп узабай бейтапканага жетип келишти.

Жакыпов ооруканага кирген кезде Айзаданы жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишкен эле. Ал башкы дарыгерди күтүп, узун коридордо ары-бери басып жүрдү.

Врач бет маңдайында турган Жакыповду жазбай тааныды. Ылдамдай басып келди.

– Ассалом алейкум.

– Алейкум салам. Доктор, жол кырсыгынан жаракат алып түшкөн Айзада Баатыровнанын абалы кандай?

– Чынын айтканда, абалы оор.

– Бишкекке котортсок болобу?

– Көп кан жоготуптур, азыркы учурда жол жүрүүгө болбойт.

– Андай болсо өзүңүз жакшылап караңыз. Качан которууга болсо дароо “Тез жардам” унаасы менен Бишкекке алып барыңыз. Бүтүндөй чыгымын мен төлөйм.

– Болуптур, бул менин визиттик картам, ушул номерлерге байланышсаңыз болот.

– Азыр бир көрүп чыксам болобу?

– Негизи оор абалдагы бейтапка киши киргизе албайбыз, бирок бул жолу сизге уруксат берейин. Тиги халатты кийип алыңыз,- деп кийим илгичти көрсөттү дарыгер. Жанатан эмнеге шашылыш келе жатканын түшүнбөгөн айдоочу окуянын чоо-жайын эми аңдады. Ылдамдай басып халаттан бирди көтөрүп келе калды. 

– Жакыпов ичкери кирип кетти. Башы таңылып, дем алдыруучу аппаратта, тамчылатма дары сайылган абалда жаткан Айзаданы көрдү. Жанына жакын келди.

“Ай, байкушум, аман калсаң экен, мен келдим жаныңа. Ал жолдо жалгыз эмне кылып жүрдүң экен?..”- деп акырын үн ката сүйлөгөн Жакыпов Айзаданын колун кармады. Колдору муздак,- чочуп кетти.   

Аңгыча сырттан “болду, чыгыңыз, узакка отурууга болбойт” деген үн угулду.

– Дарыгер мырза, аман калышында мүмкүнчүлүк барбы?

– Азырынча так бир нерсе айтыш оор, күтүш керек. Колубуздан келген аракетти кылабыз.

– Улан Шарипович,- деди халатынын көкүрөк тушундагы кагаздан аты-жөнүн окуй калган Жакыпов. Атын атаса куту сүйүнөт деген сөз эсине түшө.

– Эми сиз өз көзөмөлүңүзгө алыңыз, Бишкекке которууга мүмкүн болор күнү дароо которуңуз. Мен ага чейин жакшы ооруканадан орун даярдатып коём.

Айзаданы дарыгерге жакшылап табыштап, Жакыпов Бишкекке кайтты. Ою-акылы Айзадада калды. Ичинен Айзадага кылган адилетсиз мамилеси үчүн өкүнүп жатты. “Каап, кош бойлуу кезинде аборт кылдыртпай эле койбопмун, төрөп алса ошону караан тутуп жашайт беле. Бул дагы менин айтканымдан чыкпай алдырып тим болбодубу. Эмдигиче зыңкыйган жигит болуп калмак экен. Ал кезде мен дагы туура эмес кылыптырмын. Көп балам жок болгондон кийин “төрөй бер” десем болот эле да. Багууга шартым жок болсо бир жөн. Аттиңдики десе. Кудай мени ушул жерден таразалап туруп жакшы көргөн кызымды колумдан алып койду көрүнөт...” Бүгүн Жакыповдун адамдык сапаты ойгонгондой өзүнүн мурунку ката иштерине өкүнүп келе жатты. Жакыпов үчүн ар дайым өзүнүн кылганы гана туура болчу.

 

xxx

Аман менен администратордун убактылуу кармоочу жайда жатканына бүгүн 2 күн болду. Аларды сурап келген бир жан болбоду.

– Айзада эже бизден эмнеге кабар албай жатат болду экен?- деп ойлонот. Акыры күзөт кызматындагылардан суранып телефонун алдырды.

Айзадага чалып көрдү, дале өчүк. Аны күтүүгө болбосун түшүндү. Акча бериш керекпи, эмне болсо дагы бир жолун таап чыгайын деген Амандын эсине милицияда иштеген бир таанышы түштү. Дароо ага телефон чалып, окуянын чоо-жайын түшүндүрүп айтып, чыгарып кетүүсүн өтүндү.

– Дос, сен андай иштерге эмне болуп аралашып жүрөсүң? Макул, башыңа иш түшүп калыптыр, аракет кылайын.

– Баарын чыкканда шашпай айтып берем. Эртерээк чыгарып кетчи.

– Акча керек, бекерге иш бүтпөйт да азыр билесиң.

– Сен сүйлөшүп ишти бүтүрө бер. Мен чыкканда акчаңды дароо таап берем, сөзсүз,- деди жан талаша Аман.

– Болуптур анда. Мени күт.

– Эй, болду, шашпай сүйлөшүп жомок айтыштыңар го. Текшерүү келип калса мен дагы сөгүш угам, бери бер телефонду,- деп үн катты нөөмөтчү.

– Болду, байке, сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бергениңизге рахмат,- телефонун берип шалдайып отуруп калды Аман. Айзада эже мынча убакыт өчүк болбош керек эле же аны дагы кармап кетиштиби?..

 (Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1117, 3-9-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан