Элдин баарын бийлеткен Тэмин

Бул жигит бий үчүн жаралгандай... Анын хореографиясы интернет желесинде вирустай тарап, дүйнөлүк атактуулардан баштап кайталап бийлеп келишет. Сөз бийчи эле эмес, ырчы, автор, актёр Тэмин жөнүндө. Эгер “корей толкунунда” болсоңуз, каарманыбызды сөзсүз тааныйсыз. Тааныбасаңыз, ушул макаладан кийин анын талантына баа берсеңиз болот.

Толук аты-жөнү:

Ли Тэмин

Туулган жери:

Түштүк Корея, Сеул

Туулган жылы:

1993-жыл, 18-июль

Жылдыз белгиси: Бөйөн

Бою: 175 сантиметр

Кесиби: ырчы, ырлардын автору, бийчи. “SHINee”, “SuperM” топторунун мүчөсү

Белгилүү ырлары: “Guilty”, “The Rizzness”, “Danger”, “Day and Night”, “Soldier” жана башка

Майкл Жексон жана бий

– 3-классымдан бийлеп баштадым. Бийге болгон эргүүмө, сүйүүмө Майкл Жексон себепкер болду. Биринчи жолу көчөгө чыгып бийлегенде аябай уялгам, элдин баары мени карап, сынап жаткандай болуп. Бирок уялганым 4-5 күнгө эле созулду, андан ары көнүп кеттим окшойт. Ата-энемдин алдында бийлегенимде алар мени колдоп, алдыга умтулуума түрткү беришкен...

Жан дүйнөсү бий, музыка деп дегдеп турган өспүрүм 7-классында мыкты таланттарды чыгарган “SM Entertainment” компаниясына барат. Кызыгы, “а балким...” деп жалгыз үмүт менен барган Ли Тэминдин кыялы ишке ашып, кастингден дароо өтүп кеткен. 14 жашында болсо “SHINee” аталган топко башкы бийчи, бэк-вокалист катары кошулган. Тэмин эң баалуу нерсе катары Майкл Жексондун концерттериндеги жандуу аткаруулары топтолгон эки дискти айтат. Бирин өзү сатып алса, экинчисин күйөрмандары белек кылган. “Майкл Жексон – менин кумирим. Анын ырдаганын, бийлегенин карап отуруп келечектеги багытымды таптым. Анын талантын, энергиясын көтөрө албай концерттерде эси ооп кулаган күйөрмандарды көргөндө мен да ушундай адам боло аламбы деп ойлочумун. Өкүнгөнүм, анын концертине бара албай калдым. Ушундай талант арабыздан эрте жана кокустан эле кетип калгандай болду. Азыр Майкл күйөрмандарына берген энергиянын жарымын болсо да мен өз күйөрмандарыма бере алсам экен деп ойлоном”.

Учкуч болмок...

– А балким, учкуч болмокмун. Кичине кезде келечектеги кесиптер жөнүндө ойлор алмаша берет эмеспи. Бий менин ажырагыс бөлүгүм катары сезилчү, ошентсе да мыкты ырчы болсом деген кыялым да бар эле. 6-класста окуп жүргөндө учкуч болгум келип калды. Ойлорум дагы канча өзгөрөт эле ким билсин, ата-энем чыгармачылыкка болгон шыгым бар экенин айтып, бул жаатта олуттуу ойлонуп көр деп кеңеш беришкен. Анан тараза ташы бийге ооду, ошо менен келечегим чечилди окшойт...

Тэминден сырткары үй-бүлөдө дагы бир уул бар. Тэсон менен Тэминди ата-эне эркин, өз ою, өз чечими бар адам кылып чоңойтуп, азыркыга чейин ар бир кадамын колдоп келишет. Тэсон да чыгармачылык жаатта жогорку билимдин ээси, Тэминдин аткаруусундагы айрым чыгармаларда агасынын эмгеги бар. 

SHINee

Бул топту k-pop музыкасын сүйүүчүлөр жогору баалашат. 2008-жылы дебют жасаган “SHINee” тобунда эң кичүүсү (макнэ) катары Тэмин да сахнага чыккан. Азыр топтун жигиттери мыкты музыкант катары эле эмес, көбү актёр катары да таанымал. Башында уялчаак, анын үстүнө кичүү делип баары эркелеткен Тэмин азыр көп кырдуу талантка айланды. Топтун чыгармачылыгы менен кошо жеке ырчылык карьерасын түптөөнү чечип, 2014-жылы “ACE” аталышындагы музыкалык альбомун чыгарган. Негизи топ менен жеке ырчылыкты бирдей алып кетүү кыйын нерсе. Бирок бул кыйынчылыкты Тэмин татыктуу көтөрүп, эки жаатты тең бирдей алып кетти десек болот. 2017-жылы Япониянын Токио шаарында койгон концертине 28 миңден ашык көрүүчү келген. Андыктан Тэминдин япон тилинде чыгарган ырлары, альбомдору көп экенине таң калбай деле койсо болот.

Учурда...

Тэмин 16 жылдан бери чогуу иштешип келе жаткан “SM Entertainment” менен келишимин узарткан жок, апрель айынан баштап ал “Big Planet” компаниясы менен иштешмекчи. Бирок “SHINee” тобунун мүчөсү катары эмгектене берет. Баса, 10-апрелде Японияда биринчи ирет болуп өткөн “Asia Star Entertainer Awards” (ASEA) музыкалык сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Аземде мен-мен деген Азиянын ырчы, музыкант, актёр, бийчилери сахнага чыгышты. 2023-жылдын хитмендерине сыйлык тапшырылып, Тэмин “Мыкты аткаруу” (соло) жана “Мыкты концепттеги артист” (соло) наамдарында жеңүүчү аталды. Башында сөз кылгандай, элдин баарын бийлеткен “Guilty” ырын жана мыкты хореографияны дал ушул аземде да аткарды. Сиз аны интернеттен көрө аласыз, балким, көргөндүрсүз.

Чек ара...

– Мен интровертмин. Анан кантип коомдук адамга айланып калганымды билбейм. Ошентсе да жеке адамдык чек арама уруксаты жок киргендерди жактырбайм. Жеке деген жеке болушу керек. Ал эми чыгармачылыкта бардык жаңылык, ойлорум менен бөлүшкөн жагат – анткени артисттин жолу ушундай, ачык болушу керек. Күйөрман бизди башкача адам дебеши керек. Биз деле сүйүнөбүз, кайгырабыз, толкунданабыз, жинденебиз, коркобуз...

Жеке жашоосун жарнамалаганды жактырбаган жигит англис, кытай, япон тилдеринде эркин сүйлөйт. Аниме көргөндү, манга окуганды жактырат, булар япон тилин жакшы өздөштүргөнгө түрткү болгон дейт. Бир нече тасмада өзүн актёр катары сынап көргөн, мультфильмдерде үн коштогон, алып баруучулук менен да алектенген. Айтор, чыгармачылыктын казанында өспүрүм кезинен бери кайнап келет. 

 

Асыл Орозбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1117, 3-9-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан