“ТИШ ЧУКУГУЧТУ КОЛДОНУУ ТИШКЕ ЗЫЯНБЫ?”

Тиштер, алардын таза, сулуу болушу адамдын көркүнө көрк кошот. Окурмандардан да редакцияга тишке байланыштуу суроолор көп келет. Бул жолу аларга тиш дарыгери Аскат Сайпидинов жооп берди.

– Тамактануудан кийин көптөр мен сыяктуу эле тиштерин жыгач тиш чукугуч менен тазалап, чукулашат. Угушумча, ушинткенден улам тиште оору жаралат экен. Канчалык чындыгы бар? 

Эмил Баратов, 37 жашта, Жалал-Абад

– Тамактангандан кийин тиштердин арасында калып калган тамак-аш калдыгын атайын чыгарылган тиш жиби менен тазалоо же тишти жуу сунушталат. Тиш чукугуч тиштин бүйлөлөрүн жаракатка учуратышы мүмкүн, айрыкча аны көп колдонгондо. Жаракатка чалдыккан бүйлөдө оору пайда болот.

“Бүйлөлөр жукарып, тишимдин түптөрү көрүнүп калды”

– Бүйлөлөрүм жукарып, тишимдин түбү көрүнүп калды. Эмнеден ушундай болот жана зыяны жокпу? Эмне кылышым керек?

            Жанара Исаева, 46 жашта, Бишкек

– Бүйлөлөрдүн жукарып, тиштин тамырларынын көрүнүп калышы бул пародонтоз оорусу. Пародонт – бул тишти курчап, тишти жаак сөөктө бекем кылып кармап турган ткандардын комплекси. Ага бүйлө, тиштин тамыры, тиш байламталары жана башкалар кирет. Пародонтозду кыргызча түшүндүргөндө, бул бүйлөлөрдүн качып кетиши. Мунун себептери төмөнкүлөр:

• Туура эмес тамактануу. Пародонтко май, минерал, айрыкча витаминдердин жетишпестиги

• Тишти дамамат катуу тиш щёткасы менен жуу. Мындан тиштин бүйлөлөрү жабыркап, кача баштайт.

• Организмде зат алмашуунун бузулушу, айрыкча кант диабети, атеросклероз, ичеги-карын, калкан сымал бездин оорулары

• Ооздун гигиенасын сактабоо

• Тиш коронкасынын жана потезинин туура эмес салынышы, алардын бүйлөлөрдү өйкөшү

• Тиштин артындагы таштар. Таштар бүйлөлөрдү түртөт

Парадонтоздун стадиясына жараша дарылоо жүргүзүлөт. Мисалы, тиштин түбүнө укол сайылат, медициналык гель сүйкөлөт же атайын каражаттар менен 3-4 маал ооз чайкалат. Оору өтүшүп кетсе, анда таңдайдын былжыр челинен кесип алынып, тиштин тамыры көрүнүп калган жер жамалат. Эртерээк дарыгерге текшерилиңиз.

“Тиштин түбү ириңдесе сөзсүз жулдуруш керекпи?”

– Тишим бекем, бирок түбү ириңдеп кетти. Мындай тишти дарылоого болобу же сөзсүз жулдуруш керекпи? Эмнеден улам ириңдейт?

            Ильяз Абакиров, 34 жашта, Ош

– Тиштин түбүнүн ириңдеши – абсцесс оорусу. Адатта, ооруган тиштин түбүнө инфекция кирип кеткенден жаралат. Оорунун белгилери: тиш лукулдатып оорутат, бүйлө канайт, баш ооруйт. Дене тап көтөрүлүшү да мүмкүн. Дарылоо үчүн алгач тишти рентгенге тарттырып абалы байкалат. Ириңдеген жер кесилип, тазаланат. Анан оозду үйдө атайын каражат менен чайкоо, антибиотик ичүү жана башкалар сунушталат. Ириң жаак сөөккө өтүп аны чиритип жибериши, канга өтүп организмди уулантышы да ыктымал. Андыктан тиш дарыгерине текшерилиңиз.

“Кош бойлуумун, тиш тазалатсам зыян эмеспи?”

– Учурда кош бойлуумун. Муздак ичсем тиштерим зырылдап оорутуп жатат. Дарылатсам ичимдеги балага зыяны тийбейби?

   Айжан Мурат кызы, 31 жашта, Каракол

– Негизи тиштерди кош бойлуу боло элекке чейин тазалатып, дарылатып алыш керек болчу. Кош бойлуулуктун алгачкы 3 айында ичтеги баланын органдары түзүлө турган мезгил болгондуктан тишти дарылатуу сунушталбайт. 3 айдан кийинки мезгилде тиш ооруса оорунун түрүнө жана даражасына карап стоматолог дарылоо ыкмаларынын бирин тандайт. Эгер кош бойлуулукка 3 ай боло элек болсо, бирок тишиңиз катуу ооруп жатса, анда айла жок, дарылатууга туура келет. Андан кийин ичтеги түйүлдүктүн абалын убак-убагы менен УЗИден текшертип турууңузга туура келет.

 

“Тишимде күрөң сызык бар”

– Менин пломба коюлган бир тишимде пломба менен тиштин ортосунда күрөң сызык бар. Пломба коюлган башка тиштеримде андай сызык жок. Бул эмнеден?

 Ариет Жанбулат уулу, 32 жашта, Ош

– Менимче, мунун 2 себеби бар. Биринчиси – тишке пломба койгон дарыгердин катасы болушу ыкытмал. Тиштин кариес (курт жеген) көңдөйүн жакшы тазалабай койгон же пломбанын түсүн туура эмес тандаган.

Экинчиси, тишке коюлган пломба убакыттын өтүшү менен ылдый чөгүп баштап,тиш менен пломбанын ортосундагы чек билинип калган.

Кайсы себеби болсо да пломбаны жаңыртуу керек. Негизи пломба түбөлүктүү эмес, аны 5 жылда бир жаңыртуу зарыл. 

“Тамактан кийин жемиш жеш керекпи?”

– Тиш бекем болушу үчүн тамактан кийин жемиш жеш керек деп угам. Ушул туурабы? Тиштер сынбай, бекем болушу үчүн негизи кайсы азыктар пайдалуу?

       Элеонора Мурат кызы, 23 жашта, Кант

– Түшкү жана түштөн кийинки шам-шумда жашылча же жемиш жесе тиштерде калган тамак-аш калдыктары тазаланып кетет. Демек, ооздо бактериялар азаят. Бул оорулардын жаралышынын канчалык бир деңгээлде алдын алат. Тиштер бекем болуп, оорубашы үчүн төмөнкү азыктар пайдалуу:

• Катуу жашылча-жемиштер (сабиз, алма, бадыраң, кызылча). Буларда тиш жана бүйлөлөр үчүн эң керектүү витамин жана  микроэлементтер (кальций, фосфор, фтор, темир жана башка) бар. Дайыма жумшак тамак жей бергенде тиштин арттарында таш пайда болот жана бүйлөлөрдө зат алмашуу начарлайт. Жогоруда аталгандарды жеп турса таштардын жаралышынын алдын аласыз, тиштер үчүн да массаж болот.

• Көк чөптөр. Укроп, көк пияз, сельдерей, петрушкада фолий кычкылынан тышкары калий, кальций, йод жана башкалар бар. Булар тишти бекемдейт, бүйлөлөрдө ооруну жаратпай кармап турат.

• Мөмө-жемиштер. Карагат, жүзүм, кожогат кариестин алдын алат. Анткени жаңы мөмө-жемиштердин ширеси бактерияларды тиш эмалына жолотпойт.

• Сүт азыктары, жаңгактар, цитрус жемиштеринин да пайдасы чоң.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1117, 3-9-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан