Акыркы кат

Эшик таң атпай тарсылдап калды. Асел эшикти ачып, айылда ичкилик менен аты чыккан Такиш байкени көрүп жаман көзү менен карай берди.

– Ким керек сага?

– Апаң...  Апаңды чакырып койчу.

– Дагы акча сураганы келдиңби?

Апасы кобур-собурду угуп сыртка чыкты.

– Сен кир, кызым, мен өзүм сүйлөшөм.

 Жаман көзү менен карап алып кирип кеткен Асел сыртта Такиштин каргылдана актанып, бир нерсе сурап жатканын укту. “Дайыма ушул акыркы жолу дейт. Апам да бул адамга келгенде эле мээрман болуп чыга келет. Тажатышты”  деп жинденип жатты.

– Алкаш десе, дагы акча сурап келиптирби?- деди апасы киргенде.

– Антпе, кызым. Ал да Кудайдын бир пендеси.

– Балдар мени шылдыңдап жатышат. “Такиштин кызы” деп айтышты. Апа, ушул кишиге жардам бербей эле койчу. Мага жакпайт.

– Такиш учурунда кандай адам болгонун билгенде балдарың да, сен да антип шылдыңдабайт элеңер,- деди апасы кейиштүү.

– Сасыгы тим эле мурдуңду жарат го. Кантип  сүйлөшөсүз билбейм.

Асел апасы эмне дегенине маани берген жок. Мектепке кетти. Алима оор үшкүрдү. Такиш бир күндө ушинтип калбады. Кезине бүт айыл суктанган,  элдин баары үмүт кылган мыкты жигиттерден болчу.  Акылдуу эле. Буга өзүнүн да күнөөсү  бар. Бардык классташтары Такиш ага ашык экенин билишчү, бирок ал Аманды жактырчу. Тагдырдын тамашасы менен үчөө тең Бишкекте окуп калышты. Такиш Алимага болгон махабатын ичине катып, экөөнүн жан досу болуп жүрдү. Такиш жан дүйнөсү таза,  дардаңдаган берешен, кимдин болсо да ишин кылып жибергенге дилгир жигит эле. Аман болсо тескерисинче, пайда чыга турган жерге барчу.  Тилекке каршы, жаштыгы менен Алима кимдин ким экенин кийин түшүндү. Аман экөө үйлөндү, ичинен кан өтсө да Такиш алардын тоюнда күйөө жолдош болду. Жыл айланбай Алиманын боюнда болду.  Эмнегедир күйөөсүнүн кыялы өзгөрүлүп, кээде колу тийип, тили тийип баштады. Алима бир күнү күйөөсү уктап жатканда бейтааныш номерден билдирүү келгенин байкады. Ачса “сен аялың менен качан ажырашасың? Эгерде аялың менен жыйыштырбасаң, сага алып берген машинени ордуна коюп кой” деп жазылыптыр.

 Башынан ылдый суу төккөндөй болуп чочуп кетти Алима. Эртеси күйөөсүнүн артынан билдирбей чыкты. Жамгыр чакалап төгүп жаткан. Кооз хан сарайга өз үйүнө киргендей кирип кеткен Аманды көрдү. Эми дарбазанын коңгуроосуна колун көтөрүп бара жатса кимдир-бирөө колунан кармап калды. Караса Такиш экен. Ыйлап жиберди.

– Кирбей эле кой, ыплас нерсени көрүп эмне кыласың. Мени уксаң кирбе,- деди ал боору ооруй карап.

Алима алсыз башын ийкеди. Такиш аны машинесине отургузуп алып кетти. Бир кафеге барып отурушту. Калтырап үшүп калган экен, келин ысык чай ичип өзүнө келди.

– Сен канчадан бери билесиң?

– 5-6 ай болуп калды. Көп жолу айттым токтот деп, укпады. Казинодо да ойноп жүрөт.

– Калп!

– Сен кайсыга ишенгиң келсе ишен,  чын эле, балким, жалгандыр,- деди Такиш чын экенин билип турса да.  Көрсө, тиги колунда бар бизнесмен аял менен эбактан бери эле жакын экен Аман. Акчасына кызыгып гана жүргөнү Такишке белгилүү болчу. Бир кезде Алиманын ичи ооруй баштады.

– Ичим ооруп жатат,- деди Такишке алайып карап.

– Жакын беле төрөтүң?

– Жок, дагы убакыт бар эле. Эмне кылам эми?- деп коркуп кетти.

– Эч нерсе эмес, мен жаныңдамын!

Машинага салып төрөт үйүнө тез жеткирди Алиманы. Кыйналып жатып кызын жарык дүйнөгө алып келди. Уктап ойгонгондо эле тумбочкасында жыты аңкыган гүлдөр турганын көрдү. “Аман алып келди! Баары бир мени унутпаптыр” деди жүрөгү тыбырчылай.

– Жолдошуң аябай жакшы жигит экен,- деди медайым жылмайып тиктеп. – Тим эле тынчсызданып, сурап жатты. Төрөгүчө түнү менен сенин жаныңдан кеткен жок.

– Ооба, Аман ошондой!- деди бактылуу жылмайган келин.

– Тигине, дагы келиптир, сенин терезеңди карап турат.

Ордунан турган Алима терезеден жылмайып турган Такишти көрдү. Аманды эмес, Такишти көргөндө гана түнү менен жанынан кетпеген Такиш экенин билди.  Телефонуна билдирүү келди.

“Алима, сенин бактылуулугуңду көрүш мен үчүн кандай бакыт бир билсең. Сени мектепке алгач келгенден баштап сүйдүм. Бирок сезимдеримди билдиргенче Аман менен кыз-жигит болгонуңарды уктум. Ал менин досум эле, ичимден экөөңө бакыт каалагандан башка айлам жок болчу. Бирок Аман баркыңа жетпеди. Мен эгер макул болсоң сени, кызың экөөңдү бактылуу кылганга колумдан келген бардык аракетти кылам. Анткени менин сенден башка бир да адамга жүрөгүм ачылбашын билем.  Мен бир өмүр сен деп жашайм. Болгону макул де”.

Алима макул болгон жок. Анткени Амандан үмүтү үзүлбөдү. Билсе да билмексен болуп жашай берди. Асел бир жашка чыгып калганда үйүнө эки-үч жигит кирип келди. Алар Амандын чоң суммадагы карызы бар экенин айтып, эгерде аны төлөбөсө кызы экөөнү өлтүрүп кетишерин айтып коркутушту. Аман чын эле карыз экенин моюнуна алды. Бир күнү күүгүм талаш үйүнө келе жаткан жерден алдынан баягы кишилер чыга калды Алиманын.

– Менде акча  кайдан болмок? Кызым экөөбүздүн эмне тиешебиз бар?-деп  ыйлап жиберди.

– Аман карызынын ордуна сени сатты. Колунда болгону сен экенсиң. Сен бизге кызмат көрсөтүп күйөөңдүн карызын төлөйсүң!

Акылына эч нерсе чүргөлбөй калды Алиманын. Эсинен танып бара жатканын бир билет. Эсине келсе Такиштин машинесинде отуруптур.

– Дагы да сен куткардың мени!- деди ал башын чайкап.

– Алима, булар сенин жаныңды койбойт. Мен болгон нерсемди сатып акчанын жок  дегенде жырымын  берем деп сөз бердим. Ошентип куткардым сени. Сен кызыңды  алып айылга кет. Болбосо булар коркунучтуу немелер,  Амандын  колу-бутун сындырып салышыптыр.

Бул жолу да Такиш куткарды.  Алима үчүн колунда бар нерсесин баарын сатып, айылга келген жигит жаман чөйрөгө кошулуп кетти. Жалгыздык, жашы өйдөлөп бара жатканы кошул-ташыл болуп ичкиликке берилип кетти. Аман болсо тигилерден кутула албай, ден соолугунан айрылып каза болуп калды. Такиштин ичип кеткен себебин көп адам билбесе да, Алима билет эле. Бирок эң жакын деген кызына да айта албады. Ушундан бир ай өтүп-өтпөй Такиш каза болгонун укту. Чөнтөгүндө  Алимага арналган кат бар экен, аны ага алып келип беришти.

“Гүлүм, Алимам! Мени кечир, дайыма ичкенде сенден акча алып кетчү элем. Эмкиде алып келип берем дегем. Бирок карыздарымды төлөй албай калдым. Анын ордуна сага үйдү каттатып койдум. Сатып Аселди окут. Таарынба, мени кечир. Бул дүйнөдө чогуу болбодук, тиги дүйнөдө  чогуу болуп каларбыз”.

Бул анын акыркы каты болчу.

Айлин Д.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1117, 3-9-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан