ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 13-майдан 19-майга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Жакын адамдарыңыздын бири жашооңузга туруксуз кырдаал алып келет. Позицияңызда бекем туруп, анча-мынча чагымчылдык, интригаларга туруштук берсеңиз абалдан оңой кутуласыз. Унчукпай кутулам десеңиз, анда абалды ого бетер татаалдаштырып аласыз. Чечкинсиздик эң башкы душманыңыз болот, идея келсе тайманбай дароо аракетти баштасаңыз жакшы жыйынтыкка жетесиз. Кайдыгерлигиңиз менен сүйүктүү адамыңызды таарынтып алышыңыз мүмкүн.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Жеке кызыкчылыктарды жогору коюп, өзүңүзгө гана көңүл бура турган мезгил келди. Бумеранг мыйзамы бул аптада катуу иштейт, демек, буга чейинки жакшы-жаман аракеттериңиз өзүңүзгө кайтып келиши мүмкүн. Кетирген катачылыктарыңызды оңдоого эч качан кеч эмес. Аптада өзүңүздү тарбиялап, жасаган иштериңизди талдоого мүмкүнчүлүк бар. Букачар айымдардын кирешесинен чыгашасы көп болот. Андыктан айрым чыгашаларды чектегенге туура келет.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Ооруга моюн сунсаңыз, аны менен күрөшүү узакка созулуп кетиши мүмкүн. Үй-бүлөдө чыр-чатактар, түшүнбөстүктөр болот, бирок көйгөйлөрүңүздү башкаларга оодарбаңыз, өзүңүз чечиңиз. Туюу сезимиңиз абдан жакшы иштейт, кризистик кырдаалдан чыгуунун жолун табасыз. Айымдар капчыгын күтүүсүз сатып алуулардан коргошу кажет. Мырзалар бул мезгилде айлык маянасын жогорулатуу же карьералык тепкичтен көтөрүлүү үчүн жетекчиликке кайрылышканы туура.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Сырттан жардам күтпөңүз, сизге эч ким жардам бербейт. Анткени бардык маселени өзүңүз чече аласыз. Жакындарыңыз менен талашып-тартышып, ачууланышыңыз мүмкүн. Аптада тутанган романтикалык мамилелер узакка созулуп, жолугушуу тагдыр чечүүчү окуя болот. Жалгыз бой бөйөндөрдүн жаңы жолуккан сүйүктүүсүн мурунку өнөктөшүнө салыштыра беришкени жакшы эмес. Мындай адатынан арылышпаса сүйүктүүңүз менен көп уруш-талаштар жаралат.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Буга чейин жасаган эмгегиңиздин үзүрүн көрөсүз. Жакындарыңыздын жана сизди колдогусу келгендердин жардамынан баш тартпаңыз. Каржылык эркиндикке жетүүнү көздөгөндөр, байыгысы келгендер үчүн башкалардын көңүлү абдан маанилүү. Келбетиңизге эксперимент жасоодон оолак болуңуз. Досторуңуз, туугандарыңыз менен бирге бизнес түптөбөй эле койгонуңуз жакшы. Керексиз чыр-чатактардан буйтап өтүп, эмоцияңызды башкарганга аракет кылыңыз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Күтүүсүздүктөрдөн, кокустуктардан этият болуңуз. Күтүүсүз кабарлардын баарын кабыл алуу, сиңирүү кыйын болот. Жумушуңузда пикир келишпестиктер жана команда ичинде атаандаштык күчөйт. Сиз менен жеке кызыкчылыгы үчүн достошкусу келген адамдарды өзүңүздөн оолак кармаңыз. Карыздарыңыз болсо эртерээк берип кутулуңуз, ошондо тапкан акчаңыз чогулат. Болбосо карыз өзүнө карызды тарта берет.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Кесиптик чөйрөдө жетекчиликтен кызыктуу, азгыруучу сунуштарды аласыз. Бул мезгил романтикага жана чын жүрөктөн жаралган сезимдерге толот. Тараза айымдарга сүйүүсүн билдиргендер же турмуш куруу сунушун айткандар арбыйт. Каржылык кыйынчылыктар күтөт, бирок тынымсыз эмгектенсеңиз баары өз ордуна келет. Коркуу сезимиңизди жеңүүчү сыноолордо өзүңүздү колго алып, андан татыктуу өтсөңүз, чыныгы ийгиликтин даамын татасыз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Абдан ачык жана ишенимдүү боло бербеңиз, тагдырдын тамашасы ырайым кылбай коюшу мүмкүн. Жашооңузду талдап көрүңүз, эгер жаңы таанышыңыз сизди шыктандырса, кызыктуу болсо анда бирге саякатка чыксаңыздар болот. Жумушта да, жеке жашоодо да ийгиликке жол ачылат. Айымдар кесибин алмаштырып, же жумуш которушат. Кайсы тармакта өзүмдү сынап көрсөм деп жүрсөңүз, эмнеге кызыгууңүз артып, ишке ашарына көзүңүз жетип жатса, ошондон баштаңыз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Жашооңузда сизге күч-кубат бере турган шакирт пайда болот. Бир орунда тура албаган адатыңызды көзөмөлдөңүз, болбосо энергияңыз белгисиз тарапка агып кете берет. Майнап чыкпачу ишти жасай берсеңиз чарчап, жумушка каалооңуз жок калат. Уялып, ачык айта албай жүргөн жоругуңуз көпчүлүккө жарыяланып кетиши мүмкүн. Андыктан чөйрөңүздөгүлөр сизди шектүү көздөр менен карап же өзүңүзгө келип акыл үйрөтүп баштаса, сабыр менен кабыл алыңыз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Баарын нөлдөн баштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон мезгилге келдиңиз. Жумушуңузду, иш чөйрөңүздү, жадакалса өнөктөштөрүңүздү бир сыйра иреттеп чыгыңыз. Өз убагында туура чечим кабыл алуу жөндөмүңүздүн артынан ири долбоорлорду ишке ашырасыз. Жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болуп, бул сизге  каржылык туруктуулук алып келет. Ойлоруңузду иретке келтириңиз, ошондо пландарыңыз жана кыялдарыңыз тез арада ишке ашат.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Бизнес баштоодо жеңил жагына качпаңыз, бекер май капканда гана болот. Эң татаалынан баштаңыз, ошондо алдыда чыга турган көйгөйлөр коркунучтуу көрүнбөй калат. Ушул таптагы оргуштаган сүйүү сезимдери сизге түбөлүктүүдөй сезилиши мүмкүн. Бирок мамилеңизди убакыт таразасына коюңуз, мезгил өтүп, ал адамды анчалык деле катуу сүйбөгөнүңүзгө ынанасыз. Кызыктуу адамдар менен баарлашуу, алардын кеңешин угуу сизге болуп көрбөгөндөй ырахат тартуулайт.

Балык
(20.02–20.03)

Бат тутанган сүйүү бат өчөт, андыктан сезимдерге баш-отуңуз менен берилбей туруңуз. Досторуңуз сиздин жардамыңызга муктаж болуп, алардын маселесин чечип бересиз. Үй-бүлөлүү түгөйлөр бири-биринин жаңы сапаттарын билип, мамиленин жаңы этабын башташат. Жумушта өнөктөштөр менен баарлашууга, команданын ишине активдүү катышууга аракет кылыңыз. Материалдык абалыңыз жакшырып, саякатка чыгууга  мүмкүнчүлүк түзүлөт.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1118, 9-15-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан