Жакында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “Кыргызстанда канаттуулардын 57, сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрү жок болуп кетүү коркунучунда” деп коңгуроо какты. Макалада коргоого муктаж жаныбар, канаттуулардын учурдагы абалы, аларга коркунуч жараткан факторлор, аларды коргоодо жасалып же жасалбай жаткан иштер тууралуу айтып берели дедик.
Кыргыздын Кызыл китеби тууралуу
• Өлкөбүздүн Кызыл китеби 1985-жылы түзүлүп, адегенде ага сүт эмүүчүнүн 13, канаттуунун 20, сойлоп жүрүүчүнүн 3, балыктын 2, курт-кумурсканын 5, өсүмдүктүн 65 түрү киргизилген.
• Эгемендүү Кыргызстандын Кызыл китеби 2005-жылы кайра түзүлүп, ага козу карындын 4, өсүмдүктүн 87, сүт эмүүчүнүн 23, канаттуунун 57, курт-кумурсканын 18, жерде-сууда жашоочулардын 10, балыктын 7 түрү киргизилген.
КЫЗЫЛ КИТЕПТЕГИЛЕРДИН УЧУРДАГЫ САНЫ
2024-жылга карата Кызыл китепке киргизилген жаныбарлардын саны мындай:
Марко Поло аркары – 18 005 баш бар. Бир жылда саны 87ге азайды.
Тянь-Шань аркары – 3136 баш. Бир жылда 116 башка көбөйдү.
Северцев аркары – 136 баш. Бир жылда 8 башка көбөйгөн.
Марал – 689 баш. Бир жылда 21 марал жок болгон.
Илбирс – 459 баш. Бир жылда саны 10го көбөйгөн.
Сүлөөсүн – 1775 баш, былтыркыдан 14кө аз.
Аюу – 612 баш, бир жылда 17ге көбөйдү.
Мадыл – 11 баш, былтыр булардын саны 31 болчу.
Кундуз – 17 баш, бир жылда 1 баш кошулду.
Чүткөр (дикобраз) – 355 баш, бир жыл ичинде 97ге көбөйдү.
Суусар – 4004 баш, бир жылда 422ге азайды.
Эчкемер – 69 баш, бир жылда 10 башка көбөйдү.
Бүркүт – 548 баш, былтыркыдан 17ге көп.
Жору – 191 баш, былтыркыдан 118ге көп.
“Өзгөчө коргоого муктаждары Северцев аркары, илбирс, аюу, мадыл, кундуз, чүткөр, эчкемер, бүркүт, жору. Булардын азайып жатышынын себеби – браконьерлик, малдын кескин көбөйүшү, кендерди иштетүүдөн улам жаныбарлар байырлаган аймактын тарып баратышы, токойлордун суюлуп, жоголуп баратышы”,- деп айтылды.
СЫРТТАН АЛЫНЫП КЕЛГЕН ЖЕЙРЕНДЕР ЭМНЕ БОЛДУ?
Кыргызстанды мурда байырлап, кийин жок болуп кеткен жаныбарлар бар: кызыл карышкыр, жолборс, сайгак, жейрен. 2021-жылы Өзбекстандан 15 жейрен алып келинип өлкөбүзгө коё берилген. Учурда алардын саны 44кө жеткени айтылды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын бөлүм башчысы Адис Мадиевге суроо узаттык.
– Кызыл китептеги жаныбарларды өлтүргөндөргө учурда кандай суммада айып салынат?
– Илбирс үчүн 1 миллион 500 миң сом, аркар-кулжа, аюу, бугу, жейренди аткандарга 1 миллион сом, кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн үчүн 50 миң сом, кундуз, мензбир сууру үчүн 20 миң сом, индия кирписи, суусар, чаар күсөн, узун ийнелүү кирпи, жарганаттардын 5 түрүнө кол салгандарга 10 миң сомдон айып салынат. Канаттуулардан ылаачын, сары баштуу шумкарды мыйзамсыз аткандарга 250 миң сом, тоодак үчүн 200 миң сом, бүркүт, кумай, көк жору, тарпчы, таз кара үчүн 100 миң сом, кара кур үчүн 25 миң сом жана башка.
– Кызыл китеп качан толукталышы мүмкүн?
– Кызыл китепке киргизилген жаныбар, өсүмдүктөрдүн жылдан жылга азайып жана жоголуп бара жаткандыгына байланыштуу кайрадан эсептөө иши жүрүп жатат. Ишти Улуттук илимдер академиясынын Биология институту жүргүзүүдө. Кайсылары көбөйдү же азайды, дагы кайсылар Кызыл китепке киргизилет, аныкталат.
– Кызыл китептеги кызыл колтук бака, Орто Азия таш бакасы тукум курут болгон жокпу?
– Жок, алар көп эле. Катуу коргоодо турушат. Аларды жок кылгандарга 10 миң сом айып пул бар.
– Айып пулдардан түшкөн акчалар каякка жумшалууда?
– Мурун айып пулдун 30 пайызы браконьерди кармаган егерлерге сыйлык катары берилчү. Учурда анын 50 пайызы берилет. Каражаттын калган бөлүгү кайра эле жаратылышты коргоо жаатындагы иштерге жумшалат.
– Чет элдиктер аркар-кулжаны канча акча төлөп атышат?
1 жылда канча баш атууга уруксат?
– Чет элдик жарандарга аңчылык кылуу үчүн жылда лимит бекитилет. 2022-жылы Марко Поло аркарынан 250 баш атылып, андан 98 миллион сом түшкөн. 2023-жылы 69 башка уруксат берилип, андан 67 миллион 500 миң сом түштү. Башкача айтканда, жылдан жылга лимиттин көлөмү кыскарып баратат. 2023-жылдын август айындагы өкмөттүн токтомуна ылайык, чет элдиктерге аркар, тоо теке, элик, каман, улар, кыргоол атуу үчүн баалар 2 эсеге көтөрөлгөн. Аңчылык кылууга Нарын, Ысык-Көл облустарында гана уруксат берилет аларга. Чет элдиктер аркарды чоң мүйүзү үчүн гана атышат, андай мүйүздөр аркарлардын көп жыл жашаган картаңдарында гана болот.
Аларды атпаган күндө деле ооруп же картайгандан деле өлүшөт. Андан көрө киреше түшүп турганы жакшы деп чечилген мурда. Эми жаңы токтом чыгып калса, мүмкүн атуу биротоло токтойт.
– Кызыл китепке кирген жана жоголуп бараткан жаныбарларды сактоо жаатында кандай иштер жүрүп жатат?
– Аларды сактап, коргоп, көбөйтүү үчүн түзүлгөн Мамлекеттик коруктардын саны 10го, мамлекетик жаратылыш парктарынын саны 13кө, мамлекеттик жаратылыш заказниктер болсо 45ке жетти. Жылда жаныбарларга мониторинг жүргүзүлүп, саны аныкталат. Уруксатсыз аткандарга айып пулдун өлчөмү өстү. Илбирске “Кыргызстандын улуттук символу” деген статус берилди. Республика боюнча керектүү жерлерге фотокапкандар коюлуп, отчёттор убагында берилип жатат. Егерлер дүрбү, атайын форма жана башка керектүү каражаттар менен жабдылууда.
“2023-жылы Кыргызстанда жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу боюнча 156 факты катталып, жалпы 909 миң сом суммасында айып пулдар салынган. Анын 867 500 сому өндүрүлгөн. Учурда укук коргоо органдарында 1 факт каралып жатканы айтылды”.
“Кыргызстандагы мензбир сууру дүйнө жүзү боюнча Теңир-Тоонун батышын жана Чаткал тоо кыркаларын гана байырлайт. Ага аңчылык кылгандарга 20 миң сом айып пул каралган”.
Канымжан Усупбекова