“Манасты” мажбурлап айттыруу жыйынтык береби?

2-май күнү Сузактын Көк-Арт өрөөнүндө массалык түрдө "Манас" айтып жаткан учурда мектеп окуучуларын жүк ташуучу унаа тебелеп кеткен. Учурда “жоопкерчилик кимде?” деген суроого жооп изделип жатат. “Окуучуларды тоого алып барып, мажбурлап "Манас" айттыруунун кереги бар беле?” деп суроо салгандар бар. “Бул деген кырсык, кокустукту шылтоолоп "Манаска" шек келтирген туура эмес” дегендер да арбын. Окуяга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев комментарий берип, “мурун 1-2 адам "Манас" айтып, миңдеген адамдар угуп отурчу. Азыр миңдеген адамдар "Манас" айтат, бирок эч ким укпайт. Окуучуларды массалык иш-чараларга тартууну көзөмөлдөш керек” деди. Чын эле мектеп окуучуларын мажбурлап талаа-түзгө алпарып "Манас" айттыруу канчалык зарыл? Жапырт "Манас" айттыруу кампаниясы максатына жетеби, же куру убаракерчиликпи? Манасты жаш муунга сиңирүүнүн башка жолдору жокпу? Ушул сыяктуу суроолорго жооп издөөгө аракет кылдык. 

Курмангазы Азыкбаев, Кыргыз Эл артисти: “Манас” айткан 1000 баланын бирөөсүнүн эле сезими ойгонсо – бул жеңиш”

– Өзүнүн өзөгүн, уңгусун билбеген эл – маңкурт. Кыргыздын өзөгү "Манаста", биз өзөгүбүздү билгенде гана намысыбыз ойгонуп, мамлекетти тоноп, өзүм гана жеп-ичип тойсом деген адамдар азаят, мекенчилдик сезим тутанат. “Манасты” масштабдуу түрдө айтууну, ага мектеп окуучуларын тартууну мен колдойм, анткени – бул энергия. Ошол "Манас" айтып жаткан 1000 баланын жок дегенде бирөөсүнүн ички туюм, сезими ойгонсо – бул жеңиш. “Эскини билбей, жаңыны баштай албайсың” деген кеп бар орустарда. Биз өтмүшүбүздү билбей, жаңы Кыргыз мамлекетин кура албайбыз. Ээрчиме, оомо калк болобуз, ансыз деле ошол жолдо баратабыз. Бул жашоодо биз издеген чындыктын, жашоо образынын баары “Манаста” бар. Демек, аны үйрөтүүнү биз мектептен эмес, бала бакчадан башташыбыз керек. Азыркы балдар "Манас" жөнүндө мультфильм көрүп өсүшү зарыл, кыргыз өз жолун "Манастан" гана табат.

Гүлмира Үметалиева,Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү: “Окуучуларды тоого алпарып “Манас” айттырарын министрлик билген эмес”

– “Манасты” даңазалоо максатында “Урааным Манас” фестивалы өлкөбүздө 3 жылдан бери уюштурулуп келет. Бул боюнча президенттин жарлыгы чыккан. Быйыл иш-чара 19-апрелде башталып Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл облустарында өттү. Тилекке каршы, Сузактагы окуядан кийин Чүй жана Нарын облустарында "Манас" айтуу фестивалы токтотулду. Негизи, Сузактагы "Манас" айтуу иш-чарасы 20-апрелде өтмөк, жеригиликтүү бийлик 26-апрелге жылдырган. 26-апрель күнү жамгыр жаагандыктан май айына жылдырышты. Сузак райондук билим берүү бөлүмү иш-чара кайсы күнү, кайсы жерде өтөрүн министрликке кабарлаган эмес. Буга чейинки бардык иш-чаралар облус же район борборлорунда өтүп жаткан. Окуучуларды тоого алып барып "Манас" айттырышарын министрлик билген эмес. Ушул окуядан кийин билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын кызматтан бошотту. Коопсуздук камсыздалмайынча окуучуларды чоң мааракелерге катыштырууга тыюу салынды.

Сузактагы окуяда баласы кырсыктаган эне: “Ысык-суукта балдарды кыйнап даярдашты”

– Балам Сузактагы "Манас" айтуу фестивалында кырсыктап, учурда ооруканада жатат. Бул фестиваль улам артка жылдырыла берип балдарды окуудан алаксытты, күндүн ысыгында, жамгырлуу аба ырайында да сабактан калып даярданып жатышты. Баш байгеге 3 миллион сом коюлган экен, ошону уталы деп жан талашышты да. Балама кошулуп мен дагы тоого барайын десем мени кошпой коюшкан. Чиедей балдарды алып кеткенден кийин коопсуздугу каралышы керек да. Ырчылар концерт коюшса, же президент катышкан чогулуш болсо коопсуздукту сактайбыз деп аскерлер тимеле чуркап кайтарышат. Биздин балдарды караган эч ким болгон жок. Ушинтип зордоп, кыйнап "Манас" айттыргандын кереги бар беле? Канча баланын ден соолугу жабыркады, эми кайра мурунку калыбына келеби?

Жыргалбек Касаболот, конфликтолог: “Манас хор менен айтылбайт”

– Мен адегенде "Манас" кандай айтыла турганын белгилейинчи. Манасты бир киши айтат, көп киши угат. Башынан бери кыргыздын каада-салтына ылайык келген формасы ушул. Кызыккандар манасчыны тегеректеп отуруп угушкан. Манасчы – кайыптан келген маалыматтын угуучусу, аудитория анын кабыл алуучусу. Манас – чоңдорго арналган нерсе, бала аны түшүнүш үчүн кыргыздын макал-лакаптарын, жомокторун, табышмактарын, икаяларын боюна сиңирип, анан кенже эпосторго өтүп, ошондон кийин гана "Манас" сыяктуу чоң темага киришкени туура. "Манас" кантип айтылбайт? "Манас" хор менен айтылбайт, салтта жок, бул адатты Кытайдагы этникалык кыргыздар баштаган. "Манас" айтуу фестивалы президенттин жарлыгы менен ишке ашырылыптыр, бирок ортодо өз алдынчалык кылган топтор да бар экен. Бул окуя кырсык да, кыргыздын баалуулуктарына каршы атайын операция да болушу ыктымал. Себеби көп жагдайлар шек туудуруп, күмөн жаратып жатат. Эмне үчүн Портер унаасы ошончо жерден элдин так төбөсүндө туруп калат? Эмне үчүн айдоочу унаасын от алдырып коюп басып кетип калат? Телефондо унаанын ичинде отуруп деле сүйлөшө берсе болбойт беле? Интернет желесинде "Манаска" каршы атайын өнөктүк жүрүп жатканы кадимкидей көрүнүп калды. "Манасты" кичине тамга менен жазышып, “силердин Манасыңар” деп чоочун кишидей айтып, ошол Сузактагы окуяны шылтоо кылып "Манасты" жаман көрсөткүсү келген пикирлердин чыгышы атайын уюшкандыкта жасалып жатабы деген ойлорго түртөт.

Нурбек Талантбеков, “Манас” театрынын жетекчисинин орун басары: “Сырткы душмандан да, ички душмандар опурталдуу экен”

– Биз 70 жыл СССРдин курамында жашап, 30 жылдык эгемендикте курсагыбыз ачка-ток жүрүп, кыйсыпыр турмушта "Манасты" жарытып окуган жокпуз да. СССР учурунда "Манастын" элдүүлүгү боюнча чоң суроо жаралып, идеологиялык жактан кысымга алып турган. Ошондуктан Советтер союзу тарбиялаган муун азыр деле "Манасты" миф, жомок, уламыш катары кабыл алышат. Биз идеологиядан уттуруп койдук. Мына ушул жагдайларды эске алып “Урааным Манас” фестивалын уюштуруп баштаганбыз. Чоңдорду кыйнап айттыра албайсың, көр турмуш, тиричиликтен колу бошобойт. Билим берүү жана илим министрлиги менен кеңешип, окуучуларга "Манас" айттыралы, ар бир үйдө "Манас" жаңырып турсун деген ниетибиз бар эле. Балдардын баарын манасчы кылып жиберебиз деген жокпуз, болгону элди "Манас" ааламына кызыктыруу, тартуу аракети болгон. Манасчылык – бул Кудайдан берилген өнөр, таланты барларды биздин театр окутуп жатат. Сузактагы кырсык – кокустук, башка аймактардагы кароо-сынактарыбыз абдан жакшы өттү. Чет өлкөгө барсак, же чет өлкөдөн коноктор келишсе түшүнүктүү болсун деп "Манасты" башка тилдерде да айттыра баштаганбыз. Жобо боюнча, кароо-сынактагы "Манас" айтуу 5 мүнөттүк эле иш-чара, ал катышуучулардын санына, сапатына, идеясына карап бааланат. Идеясы десе тоодо, төштө, деңизде айтуу шарт эмес, катышуучуларды тизгенде боз үйдүн, туунун формасында, ар кандай жазуулар менен тизилип жатышты. Ошондой креативдүүлүктү көргүбүз келген. Сузактагы кырсык көп нерсеге көзүбүздү ачты, көрсө, тышкы кол салуудан да, ички душмандар, идеология үчүн согуш опурталдуу экен. Манас – элди биримдикке, ынтымакка чакырат, ошол үчүн баарыбызды Манастын туусунун алдында биригүүгө үндөйт элем. Эч бир баалуулукту "Манастан" өйдө койбошубуз керек.

 

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1118, 9-15-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан