Саясат жаңылыктары

Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуя боюнча билдирүү жасалды

8-майда Кыргыздын Баткен, Тажикстандын Согдий облустарынын күч жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жолугушуу өткөрдү. Чек ара кызатынын маалыматына таянсак, жыйында 7-майда чыккан чек ара чырынын себептери, чек арага жакын жерде мал кайтарып жүргөн жашоочулардын жүрүм-туруму, чек ара чатактарын болтурбоо жолдору талкууланды.

– Тараптар жумушту жергиликтүү бийликтин деңгээлинде уюштурууну, багыттар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, чек арага жакын жашаган калктын ортосунда жакшы коңшулук мамилени кармануу боюнча коюлган тапшырмаларды ишке ашырууну макулдашты,- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 7-майда Кыргызстандын аймагына Тажикстандын жарандары мал жайып, аларга чек арачылар оозеки эскертүү беришкен. Бирок алар талапка баш ийбей, Кыргыз чек арачыларын көздөй ок чыгарышкан. Жооп катары Кыргыз аскерлери асманга ок атышканда малчылар Тажикстандын аймагына качып кирип кетишкен.

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагери калды

Өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагери калды. Маалыматты Эмгек, соцалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет. Алардын баары ай сайын 7 миң сом суммасында акчалай компенсация жана 10 миң сом суммасында өмүр бою берилчү стипендия алып жатканы айтылды. Ошондой эле Кыргызстанда учурда тылдын 552 ардагери бар. Алардын 86сы майыптыгы бар үчүн айына 2 миң сомдон, калганы 1 миң сомдон компенсация алышат. Согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилерине республикалык бюджеттен бир жолу берилүүчү акчалай төлөм да каралганын белгилейт министрлик. Мисалы, согушка катышкандарга 20 миң сомдон, тылда иштегендерге, күжүрмөн эмгеги үчүн сыйлангандарга, согуш учурунда каза болгондордун жубайларына 15 миң сомдон берилет.

– Булардан тышкары президент Садыр Жапаров согуш ардагерлерине бир жолу берилүүчү материалдык жардам көрсөтүү тууралуу жарлык чыгарган. Ар бир ардагер 9-майга карата президенттин фондунан 100 миң сомдон алышат,- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 79 жыл болду.

Армения быйыл ЖККУну каржылоого катышпайт

Армения быйыл Жамааттык коопсуздук келишим уюмун каржылоого катышпайт. Бул тууралуу 8-майда өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ани Бадалян билдиргенин чет элдик ЖМКлар жазышты.

Буга чейин Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Армения менен Орусиянын ортосунда көйгөй көбөйүп кеткенин, маселе 8-майда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин Москвадагы жолугушуусунда талкууланарын билдирген эле.

1992-жылдан бери иш жүргүзүп келген ЖККУга учурда Орусия, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Армения расмий түрдө мүчө деп саналат. Бирок иш жүзүндө Армения уюмда эмес. Быйыл март айында Армениянын лидери Никол Пашинян эгер Еревандын кызыкчылыктарына жооп бербесе, анда Армения ЖККУдан чыгат деп билдирген. Армения ЖККУну Азербайжан-Армения чыр-чатагында колдоо көрсөтпөй жатканы үчүн сындап келе жатат. 

ИИМ 25-май – Акыркы коңгуроо аземи боюнча кайрылуу жасады

Ички иштер министрлиги 25-май – мектептердеги Акыркы коңгуроо аземине байланыштуу кайрылуу жасап, айдоочулук күбөлүгү жок бүтүрүүчүлөрдүн унаа айдашына тыюу салынарын эскертти. Министрлик рулга отурууга укугу жок балдарга унаа бербөөгө ата-энелерди жана автоунааны ижарага берген тараптарды чакырды.

– Унаа айдоого укуксуз бүтүрүүчүлөргө унаа берүүнүн кесепетинен өспүрүмдөр жаракат алган учурлар да болгон. Оор жана өтө оор кесепеттер менен коштолгон фактылар катталган. Азыркы эрежелерге ылайык, мас абалында унаа башкарган айдоочу унаа башкаруу укугунан бир жылга ажыратылат. Рулда айдоочулук күбөлүгү жок жаран болсо, анда унаа айып аянтчасына токтотулуп, 15 миң сом айып пул салынат,- деп маалымдады министрлик.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1118, 9-15-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан