Жаз мезгилинин ашкана үчүн өзгөчөлүгү - жашыл азыктар эмеспи. Адатта, алардан оромо, самсы, салат даярдоого ашыгабыз. Жүсай кошулган самса, бадыраң-помидордон салат деген “дежурный” тамак-ашты азайтып, ордуна пайдалуу, тоюмдуу, шилекей чууруткан төмөнкү даамдарды менюңузга кошуп алыңыз, кожойке.
КУТАБ
Керектелүүчү азыктар:
Камыры үчүн:
Ун – 500 грамм
Туз – 1 чай кашык
Суу – 250-300 миллилитр
Толтурмасы үчүн:
Көк пияз – жарым боо
Шпинат – 1 боо
Кинза – 1 боо
Укроп – жарым боо
Жалбыз – 2-3 талча
Салат жалбырагы – 1 боо
Адыгей сыры же майлуу быштак – 600 грамм
Каймак май – 50 грамм
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Жылуу сууга туз кошуп, аны унга аз-аздан куюп камыр жууруйбуз. Жумшак камырды жакшы ийлеп, 20 мүнөткө тыныктырып коёбуз.
2. Ашкөктөрдүн баарын майда туурап, үстүнө сүргүчтөн өткөн сырды кошуп, татымына жараша туз, мурч салып аралаштырабыз.
3. Камырды самсага бөлгөндөй бөлүктөргө бөлүп, тоголоктойбуз да, жукараак жаябыз. Тегерек жайымдардын жарымына эки аш кашыктан толтурмадан салып, жарымы менен жаап, ичиндеги абаны чыгарганча чекелерин бекитебиз.
4. Көмөч казанды ысытып, кутабдарды экиден салып, эки тарабын кызарта бышырабыз. Чыгарган соң бетине каймак май сүйкөп коюу керек. Ашкөктөрдөн жасалган жазгы кутаб даяр!
ШПИНАТ МЕНЕН МАФФИН
Керектелүүчү азыктар:
Ун – 180 грамм
Айран – 150 миллилитр
Жумуртка – 1 даана
Сыр – 50 грамм
Шпинат – 1 боо
Каймак май – 20 грамм
Көптүргүч – 1 чай кашык
Туз – 2 чымчым
Даярдоо ыкмасы:
1. Ун, көптүргүч, тузду бириктирип аралаштырабыз. Бөлмө температурасындагы каймак май менен жумуртканы кошуп, үстүнө айранды куюп суюк масса даярдайбыз.
2. Шпинатты жууп-тазалап чоңураак туурайбыз.
3. Сырды сүргүчтөн өткөрүп алабыз. Буларды камырга кошуп аралаштыруу керек.
4. Кекстин формаларына камырдан кашык менен бөксөрөөк салып, 200 градуста ысып турган электр мешине 25 мүнөт коюп бышырабыз.
ШПИНАТ МЕНЕН САМСА
Даярдоо ыкмасы:
1. Жумуртканы сууга бышырып алып, аарчып сүргүчтүн чоң тишинен, ал эми сырды майда тишинен өткөрүп алабыз.
2. Шпинатты жууп-тазалап, ичке туурайбыз.
3. Пиязды да майда туурайбыз. Көмөч казанга май куюп, ысып чыкканда пиязды кууруп, артынан шпинатты салабыз. 2-3 мүнөт куурулат.
4. Бир аз муздаганда сыр менен жумуртканы, туз, мурчту кошуп аралаштырабыз. Толтурма даяр.
5. Камырды 10-14 бөлүккө бөлүп, жайып алабыз. Толтурмадан болжолдоп салып, чекелерин бекитебиз. Каалаган формада жасасаңыз болот.
6. Самсалардын үстүнө жумуртканын сарысынан сүйкөп, 180-200 градуста ысып турган электр мешине 20-25 мүнөт коюп бышырабыз.
ЖАШЫЛ УЯ САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Жумуртка – 3 даана
Салат жалбырагы – 1 боо
Руккола – 1 ууч
Сельдерей сабагы – 2 талча
Бадыраң – 2 даана
Тазаланган грек жаңгагы – 50 грамм
Каймак (сметана 20-30%) – 150 грамм
Сарымсак – 1 тишче
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Туз, кара мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Жумуртканы сууга чалараак бышырып алабыз. Сыртын аарчып, ар бирин төрткө бөлөбүз.
2. Көмөч казанды ысытып, жаңгакты салып 2-3 мүнөт кууруйбуз.
3. Сарымсакты сыгып алып, лимон ширесин, каймакты жана туз, мурч кошуп аралаштырабыз.
4. Ашкөктөрдүн баарын таза жууп, кургатабыз. Кол менен 2-3кө бөлүп коюу керек. Бадыраңды каалагандай тууроого болот. Буларды аралаштырып алабыз да, тарелкага салабыз. Үстүнө жумуртка менен жаңгакты салып, коюу соусту куябыз. Салат даяр!
Асел Ишенбай кызы