Нөшөрлөгөн жамгырдан ал эмнегедир аябай коркчу. Элден угуп жургөн кыямат кайым, алаамат эми башталып келе жаткандай эки кулагы чуулдап ушунчалык корккондуктан колу буту титиреп кетер эле. Култ этип агасынын колтугуна кирип кетчү. Качан болсо элдин жумушу менен жүргөн бечара агасы жамгыр эмес таш жаап жатса да ойгонбочудай уктай берчү. Мейли, уктасын, аны жалгыз калтырбаса болду. Кичинекей тамдын бурчунда бүтүндөй бир аалам Белек үчүн агасы эле. Деги эле жашоосунда башка бир адам болбоду. Атасын элес-булас билет. Апасы өзүн төрөп жатканда каза болгон экен. Аны өмүрү көргөн эмес. Бир жашка чыкканда атасы башка аял алып, бул үйдөн чыгып кеткен экен. Ошону менен Белекти агасы Азат бакты. Өзү деле 15 жаштагы өспүрүм бала, кабарсыз кеткен атасынын, каза болгон апасынын ордун жоктотпой жакшы бакты. Азыр нөшөрлөгөн жамгырда эмнегедир агасынын жылуу коюнун эстеп кетти. Агасы болгону эки-үч үй алыс жашайт. Шаша-буша кийинди да, уктап жаткан келинчегине билгизбей агасына жөнөдү. Эмнегедир жарык өчө элек экен.
– Ассаламу алейкум, байке? Эмне уктай элексизби?
– Жок, могу бут уктатпай жатат.
– Баягы күнү келиниңиз алып келип берген мазь жардам берген жокпу?
– Баса, ошону сыйпайынчы.
Белек текчеде турган дарыны алып агасынын байпагын чечип акырын укалай берип массаж жасап жатты. Андан-мындан, тиричиликтен сүйлөшүп жатышты.
– Ии, сен жамгырдан коркуп уктай албай койдуңбу?-деди агасы күлүмсүрөй берип. Белек күлүп жиберди.
– Эмнеге коркосуң айтып бердим беле?
– Жок, бир себеби барбы?
– Кичине кезиңде мен жумушта элем. Сен жалгыз калчу элең, ошол күндөрдүн биринде мени издеген окшойсуң, эптеп эшикти ачып алып сыртка чыгыпсың. Жамгыр катуу жаап жаткан да. Сен 3-4 жашар кичине кезиң. Мени издеп жүрүп бир жерге жыгылып калыпсың. Кошуналардын бирөө көтөрүп үйүнө алып барыптыр. Ошондо ооруп калып, бир-эки жумадай ооруканада жаткан элек. Ошондон кийин жамгырдан катуу коркуп калгансың. Бала кездеги коркунучтар калып калат экен да. Мына, ушу 35 жашка келип, эки баланын атасы болгончо коркуу сезими калып калыптыр.
Белек ойлонуп калды. Азат ага кичине кези тууралуу же ата-энеси тууралуу көп айтчу эмес. Өзү ачылып калгандан кийин өзүн кыйнаган нерселерди сурап алайын деди.
– Байке, атам ошол боюнча бизге келген жокпу? Сен бир жаштагы мени кантип бактың?
Агасы көзүн жумуп ойлонуп калды. Өзү өткөн кыйынчылыктары тууралуу эч кимге айткысы келчү эмес. Бирок бул анын гана сыры эмес да. Атасы да, апасы да Белек экөөнүкү. Азыр балдардын атасы, ата-энеси тууралуу чындыкты билгенге акысы бар.
Бирок ошол чындык канчалык ачуу экенин, аны айтып берүү канчалык оор экенин билген билер...
– Апам негизи төрөттөн каза болгон эмес, Белек. Атабыз башка бир аял менен байланышып калып, бизди таштап кетмек болду. Аны угуп алып атам менен апам урушуп калышты. Эл атамды күнөөлөп жүрөт. Бирок чындык андай эмес. Атамды сен билбей калдың, кой оозунан чөп албаган жоош, момун киши эле. Жакшы адам болчу. Апамдын тажаалдыгынан үйдөн чыгып кеткиси келчү. Жумуштан келсе эле мээсине чай кайнатып баштачу апабыз. “Эл катары акча таппайсың, андайсың, мындайсың” дей берип кууратчу. Атам көңүлүнө караган бир адамды тапкан окшойт. Апам үчүн ал өлүм болчу. Аябай текебер адам эле. Сени төрөгөнгө аз калганда тиги аялга барып чачтан алып, уруп-согуп айласын кетирген экен. Анан коңшулары милиция чакырып, апамды салып беришет. Ошол апамды милиция алып кеткен убакта толгоосу келип, алар төрөтканага жетиштире албай, кыскасы, апам каза болуп калды. Бирок бул жерде кимдин күнөөсү болгонун билбейм. Атам бир жашка чейин сени багышты. Андан кийин өз жашоосу менен кетти. Кийин жашоосу кандай болду билбей деле калдым. Бизден кабар алган жок. Тиги аял менен бактылуу болдубу же жокпу, билбейм. Орусияга кетти деп уккам. Ушунча жыл болду, кабары чыккан жок.
Сен экөөбүз калдык. Социалдык кызматкерлер келип сени алып кетмек болушту. Бирок туугандар ортого түшүп, жашымды улуураак кылып жаздырып, сага опекундукту алып беришти. Айтор, чоңойдук. Чынын айтканда, мен сени менен кошо чоңойдум.
– Байке, эмнеге мурун айткан жок элеңиз?
– Кичине болчусуң, азыр чоңойдуң. Мен да ооруп жүрөм. Чындыкты өз оозумдан уксун дедим.
Белек селт эте түштү. Агасын тиктеп калды. Өзү борбордо бизнесин бутуна тургузам деп жүрүп агасына жакшы көңүл бура албай калган тура. Качан мынча карып кеткен агасы? 50 жашка эми эле чыкты го.
– Бутуңуздан башка да бир жериңиз ооруйбу?
– Жок, кабатыр болбо. Негизи эле айттым.
– Байке, эмнеге үйлөнгөн жоксуз, жеңемден кийин деле үйлөнсөңүз болот эле го.
– Атамдын тагдырын кайталагым келген жок. Жеңең так эле апамдай тажаал чыкты. Сени, жалгыз бир тууганымды батыра албады. Же Белек, же мен деп туруп алды. Сен менин уялашым эле эмес, өз колум менен баккан уулумсуң. Ал үчүн сенден баш тарта албадым. Ажыраштык.
– Мен үчүн жалгыз калдың, байке...
– Тагдыр бул, сенин күнөөң жок.
Белек Азатты кучактап ыйлап жиберди. Өмүрүн, жашоосун, келечегин курмандык кылган жалгыз агасын кучактап ыйлап жатты.
– Чоң эле киши ыйлайт бекен?- деди агасы адатынча эркелетип. Белек көз жашын сүртө берди.
– Сизди эң мыкты доктурларга көрсөтөм. Кичинебиздеги саякат кылабыз деген жерлердин баарына алып барам. Тиричилик деп сизди көңүлдөн чыгарып алганым үчүн кечириңиз. Сиз менин бактым үчүн күрөшсөңүз, эми мен сиздин өмүрүңүз үчүн күрөшөм. Эми да бактылуу болосуз, байке, дагы да болсо сизге жакшы адам табылат. Анткени сиздей адам жок. Сиз менин жашоомдогу каарманымсыз!
– Уялашым менин...
Эми агасынын да көзүнөн жаштар агып жатты.
Айлин Д.